4-БӨЛҮМ
«Билими жок карапайым кишилер»
Элчилердин кайраттуулук менен кылган иштерине Жахаба батасын берген
Элчилер 3:1—5:11-аяттарга негизделди
1, 2. Петир менен Жакан ибадаткананын дарбазасынын жанында кандай керемет жасашкан?
КҮН чайыттай ачык. Ибадаткананын тегерегинде эл көп. Кудайдан корккон жүйүттөр жана Машаяктын шакирттери ибадаткананын короосуна чогулууда. «Тиленүү маалына» аз калды a (Элч. 2:46; 3:1). Петир менен Жакан эл менен бирге ибадаткананын Кооз деп аталган дарбазасын көздөй баратат. Бака-шака түшкөн элдин арасынан орто жашап калган тубаса майып кишинин кайыр сураганы угулат (Элч. 3:2; 4:22).
2 Петир менен Жакан жакындап калганда, майып киши адатта айткан сөздөрүн кайра-кайра кайталап кайыр сурайт. Элчилер алардан бир нерсе үмтөтүп турган ал кишини байкап, токтоп калат. Ошондо Петир ага: «Менде күмүш да, алтын да жок. Бирок эмнем бар болсо, ошону берейин: назареттик Иса Машаяктын атынан айтам, бас!» — дейт. Анан аны оң колунан кармап, өйдө тургузат. Ошондо ал киши өмүрүндө биринчи жолу бутуна турат! Ал окуяга күбө болгон элдин таң калганын элестетсең! (Элч. 3:6, 7). Кайырчы биринчи жолу кадам шилтеп, бутун кайра-кайра таң кала карайт. Анын сүйүнүп улам-улам секирип, Кудайды даңктаганы таң калыштуу эмес.
3. Майып киши жана эл кандай белек ала алышмак?
3 Буга таң калган эл Сулаймандын катар түркүктөрү деп аталган жерде турган Петир менен Жаканга чуркап барат. Петир аларга кереметтин эмненин аркасында болгонун түшүндүрүп берет. Дал ушул жерде бир кезде Иса да элди окуткан эле (Жкн. 10:23). Петир чогулган элге жана жаңы эле айыккан майып кишиге күмүш менен алтындан да баалуу белек жөнүндө айтат. Ал кереметтүү түрдө айыгуудан алда канча көптү билдирген. Тактаганда, ошондой белек алгандар өкүнүп, күнөөлөрү кечирилмек жана Жахаба дайындаган «өмүргө жол ачкан Башчынын», Иса Машаяктын, жолдоочусу боло алышмак (Элч. 3:15).
4. а) Майып кишини айыктыргандан кийин элчилер эмнеге дуушар болушкан? б) Кайсы эки суроого жооп алабыз?
4 Ал күн кандай гана өзгөчө күн болгон! Майып киши айыгып, баса баштаган. Андан тышкары, Петир дагы башка миңдеген кишилерге Кудайга жагыш үчүн эмне кылыш керектигин түшүндүрүп берген (Кол. 1:9, 10). Бирок ошол күндөн тартып бийлиги бар адамдар Исанын жолдоочуларына Падышалык жөнүндөгү кабарды таратканга бут тосо баштаган (Элч. 1:8). Айта кетчү нерсе, Петир менен Жакан «билими жок карапайым кишилер» болчу. Ошентсе да кабарды мыкты айтышкан. Биз алардан эмнелерге үйрөнө алабыз? b (Элч. 4:13). Элчилердин жана башка шакирттердин каршылыктарга дуушар болгондо кылган иштеринен кандай үлгү алсак болот?
«Өз күчүбүз менен» эмес (Элчилер 3:11—26)
5. Петирдин калың элдин алдында кабар айтканынан эмнеге үйрөнө алабыз?
5 Петир менен Жакан аларды угуп турган элдин арасында жакында эле Исаны устунга кадоону талап кылгандар болушу мүмкүн экенин билген (Мр. 15:8—15; Элч. 3:13—15). Андыктан Петир майып кишини Исанын атынан айыктырганын айтканда кандай гана кайраттуулук көрсөткөн. Петир элден коркуп, чындыкты жаап-жашырган эмес. Тескерисинче, Исанын өлүмүнө алар жооптуу экенин ачык айткан. Бирок «ал ишти билбестиктен кылышканын» түшүнгөндүктөн элди жек көргөн эмес (Элч. 3:17). Петир аларга өз бир туугандарына кайрылгандай кайрылган жана соороткон, үмүт берген нерселерди баса белгилеген. Эгер алар өкүнүп, Иса Машаякка ишенсе, Жахаба алардын «жан дүйнөсүн» тынчтандырмак (Элч. 3:19). Биз да Кудайдын сот өкүмдөрүн башкаларга ачык айтышыбыз керек. Ошол эле учурда орой болуудан же адамдарды соттоп кирүүдөн качышыбыз зарыл. Анын ордуна, кабарда жолуктургандарды келечектеги ишенимдештерибиздей көргөнүбүз маанилүү. Ошондой эле, Петирге окшоп, Падышалык жөнүндө кабар айтканда соороткон жана үмүт байлаткан нерселер жөнүндө көбүрөөк айтканыбыз жакшы.
6. Петир менен Жакандын момун экени эмнеден көрүнгөн?
6 Элчилер жөнөкөй жана момун болушкан. Алар кереметтерди өз күчү менен кылбаганын ачык эле айтышкан. Петир элге: «Буга эмнеге таң калып жатасыңар? Бул кишини өз күчүбүз менен же Кудайга берилгендигибизден улам бастырып жибергенсип, бизди эмнеге карап турасыңар?» — деген (Элч. 3:12). Петир жана башка элчилер кызматтагы ийгиликтерге өздөрүнүн эмес, Жахабанын күчү менен жетип жатканын билишкен. Андыктан зор иштери үчүн момундук менен Жахабаны жана Исаны даңкташкан.
7, 8. а) Адамдарга кандай белек бере алабыз? б) «Баары калыбына келтириле турган убак» жөнүндөгү убада бүгүнкү күндө кандайча аткарылып жатат?
7 Кабар айтып жүргөндө биз да момун болушубуз керек. Азыркы учурда Исанын жолдоочулары эч кимди керемет жолу менен айыктыра албайт. Бирок аларга Кудайга жана Машаякка ишеним өрчүткөнгө жардам бере алышат. Ошондой эле, Петирге окшоп, балуу белекке — күнөөлөрү кечирилип, жан дүйнө тынчтыгына — ээ болгонго көмөк кыла алышат. Жыл сайын миңдегендер ушундай белекти кабыл алып, Машаяктын жолдоочусу болушууда.
8 Бүгүн биз Петир айткан «баары калыбына келтириле турган убакта» жашап жатабыз. «Кудайдын байыркы убактагы ыйык пайгамбарлары аркылуу убада кылган нерселери» аткарылып, 1914-жылы Кудайдын Падышалыгы асманга орногон (Элч. 3:21; Заб. 110:1—3; Дан. 4:16, 17). Ошондон көп өтпөй Машаяк жолдоочуларына чыныгы сыйынууну калыбына келтиргенге жардам бере баштаган. Натыйжада миллиондогондор Кудайдын Падышалыгына баш ийип, Жахабага тынчтыкта жана биримдикте сыйынып жатышат. Алар мурдагы жашоо мүнөзүнө ылайык калыптанган, чирип бараткан эски табиятты чечип, «Кудайдын эркине ылайык жаратылган жаңы табиятты кийүүдө» (Эф. 4:22—24). Тубаса майып кишинин айыкканы сыяктуу эле, таң каларлык бул иш адамдын эмес, Кудайдын күчү менен ишке ашып жатат. Петирге окшоп, биз да кабар айтканда эр жүрөк болушубуз жана башкаларды окутканда Кудайдын Сөзүн чебер колдонушубуз керек. Башкаларга Машаяктын жолдоочусу болгонго өзүбүздүн эмес, Кудайдын күчү менен жардам берип жатканыбызды унутпашыбыз кажет.
«Биз... айтпай коё албайбыз» (Элчилер 4:1—22)
9—11. а) Петир менен Жакан кабар айтканда, жүйүт диний жетекчилери эмне кылган? б) Элчилер эмне кылганга чечкиндүү болгон?
9 Оорусунан айыккан майып кишинин сүйүнгөнүнөн элеп-желеп болуп жүргөнүн көргөн жана Петирдин кабарын уккан эл уу-дуу болгон. Ошондо ал жерге ибадаткананын коопсуздугуна жооп берген күзөт башчысы менен жогорку дин кызматчылар чуркап келишкен. Сыягы, алар садукейлер болгон. Садукейлер римдиктер менен тынчтыкты сактаганга умтулган, таасирдүү, бай жана саясий сектанын мүчөлөрү болгон. Алар фарисейлер бекем карманган оозеки мыйзамды четке кагышчу жана тирилүүгө ишенишчү эмес c. Петир менен Жакандын ибадатканада Исанын тирилгени жөнүндө тайманбай айтып жатканын көргөндө алардын каары кайнаса керек.
10 Ачууланган душмандар Петир менен Жаканды камакка алып, кийинки күнү жүйүттөрдүн жогорку сотунун алдына сүйрөп барышат. Өздөрүн билимдүү деп эсептеген ал соттордун көз алдында Петир менен Жакан «билими жок карапайым кишилер» болгон. Ошондуктан элчилерди ибадатканада окутканга укугу жок деп эсептешкен. Себеби Петир менен Жакан ошол учурда белгилүү болгон бир да диний мектепте окушкан эмес. Бирок элчилердин тайманбай, ишенимдүү сүйлөгөнү сотторду таң калтырган. Петир менен Жакан эмнеден улам ошентип сүйлөгөн? Анын бир себеби алар «Иса менен бирге жүрүшкөн» (Элч. 4:13). Алардын Мырзасы Иса китепчилердей эмес, Кудай бийлик берген кишидей окуткан (Мт. 7:28, 29).
11 Жүйүттөрдүн жогорку соту элчилерге кабар айтканга тыюу салат. Ал сот ошол убакта чоң бийликке ээ болгон. Ошондон бир нече эле жума мурун Исага дал ошол сот өлүм өкүмүн чыгарган (Мт. 26:59—66). Ошентсе да Петир менен Жакан корккон эмес. Алар бай, билимдүү, кадыр-барктуу кишилердин астында турганда тайманбастан, ошол эле учурда урмат-сый менен: «Өзүңөр ойлонуп көргүлөчү, Кудайды эмес, силерди укканыбыз Кудайдын алдында туура болобу? Биз уккан-көргөнүбүздү айтпай коё албайбыз»,— дешкен (Элч. 4:19, 20).
12. Кабарды тайманбай жана ишенимдүү түрдө айтууга эмне жардам берет?
12 Сен да кайраттуу боло аласыңбы? Ыгы келсе, кадыр-барктуу, билимдүү, бай кишилерге кабар айтасыңбы? Үйүңдөгүлөр, классташтарың же чогуу иштешкендериң ишенимиң үчүн шылдыңдашса, эмне кыласың? Андайда коркосуңбу? Эгер корксоң, тынчсызданба. Андай сезимдерди жеңсе болот. Жерде жүргөндө Иса элчилерин ишенимин тайманбай, ошол эле учурда урмат-сый менен коргогонго үйрөткөн (Мт. 10:11—18). Ал тирилгенден кийин шакирттерине: «Бул дүйнөнүн акырына чейин, мен ар дайым силер менен болом»,— деп убадалаган (Мт. 28:20). Бүгүнкү күндө Иса «ишенимдүү жана акылдуу кул» аркылуу ишенимибиз тууралуу коркпой айтканга үйрөтүүдө (Мт. 24:45—47; 1 Пет. 3:15). Маселен, Ыйык кызматыбыз жана жашообуз жолугушуулары, Ыйык Китепке негизделген адабияттар жана jw.org сайтындагы «Суроолор жана жооптор» деген сыяктуу бөлүктөрдөгү макалалар аркылуу окутууда. Сен алардан толук пайда алып жатасыңбы? Ошентсең, кайратыңа кайрат кошулуп, ишенимдүүрөөк боло аласың. Ошондой эле, элчилерге окшоп, Кудайдын Сөзүндөгү баалуу чындыктар жөнүндө эч нерсеге карабай айта аласың.
«Баары... Кудайдан мындай деп тиленишти» (Элчилер 4:23—31)
13, 14. Каршылыктарга туш болгондо эмне кылышыбыз керек жана эмне үчүн?
13 Камактан бошотулар замат Петир менен Жакан ишенимдештерине барган. Анан тайманбай кабар айта бериш үчүн алар менен чогуу Кудайдан жалындуу тиленишкен (Элч. 4:24). Петир Кудайдын эркин аткарууда өз күчүнө таянуу акылсыздык болуп каларын жакшы билген. Анткени бир нече жума мурун ал өзүнө таянып, Исага: «Сенден баары баш тартса да, мен эч качан баш тартпайм!» — деп айткан эле. Бирок, Иса алдын ала айткандай, коркунучка алдырып, өзүнүн Устатын жана Досун сатып кеткен. Анткен менен Петир ал окуядан чоң сабак алган (Мт. 26:33, 34, 69—75).
14 Ырас, Машаяк тапшырган ишти аткарыш үчүн чечкиндүү болгонубуз эле жетишсиз. Башкалар ишенимиңди солгундатууга аракет кылганда же кабар айтууга тоскоолдук кылганда, Петир менен Жакандан үлгү алып, Жахабадан күч сурап тилен. Жыйналыштагылардан жардам сура. Аксакалдарга жана рухий жактан жетилген бир туугандарга кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатканыңды айт. Башкалардын тиленгени сага зор күч бере алат (Эф. 6:18; Жкп. 5:16).
15. Бир канча убакыт кабар айтпай калгандар эмне үчүн көңүлүн чөгөрбөшү керек?
15 Эгер кысымга алдырып, бир аз убакытка кабар айтпай калсаң, көңүлүңдү чөгөрбө. Иса өлгөндөн кийин элчилердин баары бир азга кабар айтпай калышкан. Бирок көп өтпөй эле Мырзасы тапшырган ишке кайра киришкен (Мт. 26:56; 28:10, 16—20). Кетирген каталарыңды ойлоп көңүлүңдү чөгөргөндүн ордуна, алардан сабак ал. Ошол тажрыйбаңды ишенимдештериңди бекемдеш үчүн колдон.
16, 17. Исанын 1-кылымдагы жолдоочуларынын тиленгенинен эмнени үйрөнө алабыз?
16 Бийликтегилер куугунтуктаганда эмне жөнүндө тиленсек болот? Элчилердин эмне жөнүндө тиленгенине көңүл бурсаң. Алар Кудайдан кыйынчылыктардан арылтышын суранган эмес. Анткени Исанын: «Эгер мени куугунтукташса, силерди да куугунтукташат»,— деген сөздөрүн эсинде бек сакташкан (Жкн. 15:20). Ошон үчүн Жахабадан каршылаштарынын «коркутуп-үркүткөнүнө көңүл бурушун» сурап тиленишкен (Элч. 4:29). Шакирттер жагдайга бир тараптуу эле караган эмес. Алар куугунтукталып жатканы пайгамбарлыктын аткарылышы экенин түшүнгөн. Ошондой эле, Иса аларга үйрөткөн тиленүүгө ылайык, бийлик башындагылар эмне кылбасын, жерде Кудайдын эрки эч нерсеге карабай аткарыларын билишкен (Мт. 6:9, 10).
17 Жахабанын эркин аткаруу үчүн шакирттер: «Кулдарыңа сөзүңдү зор кайраттуулук менен айта бергенге күч бере көр»,— деп тиленишкен. Жахаба аларга дароо жооп берген. Ал тууралуу Элчилер китебинен мындай дегенди окуйбуз: «Алар чогулган жер солкулдай түштү да, баары Кудайдын ыйык рухуна толуп, анын сөзүн кайраттуулук менен айта башташты» (Элч. 4:29—31). Ооба, Кудайдын эркинин аткарылышына эч нерсе тоскоолдук кыла албайт! (Ыш. 55:11). Кыйынчылыктар канчалык оор болбосун, каршы чыккандар канчалык күчтүү болбосун, эгерде Жахабадан жалындуу тиленсек, ал бизге жакшы кабарды тайманбай айта бергенге сөзсүз күч берет.
«Адамдар[дын] эмес, Кудайдын» алдында жооп беребиз (Элчилер 4:32—5:11)
18. Иерусалимдеги жыйналыштагылар бири бирине кантип колдоо көрсөткөн?
18 Иерусалимдеги жаңы уюшулган жыйналыштагылардын саны кыска убакыттын ичинде эле 5000ден ашкан d. Алардын тек-тамыры ар кандай болсо да, «баарынын ой-тилеги бир эле» (Элч. 4:32; 1 Кор. 1:10). Шакирттер Жахабадан аракетине батасын беришин сурап эле тим болгон эмес. Алар бири бирине рухий жактан колдоо көрсөткөн, зарыл болгон учурда, материалдык жактан да жардам берген (1 Жкн. 3:16—18). Мисалы, элчилер Барнаба деп атап койгон Жусуп деген шакирт менчик жерин саткан. Анан түшкөн акчасын алыстан келип, көбүрөөк билим алыш үчүн Иерусалимде калып калган жаңы шакирттерге жардам болушу үчүн тартуулаган.
19. Жахаба Анания менен Сафираны эмне үчүн өлтүргөн?
19 Анания жана Сафира деген жубайлар да жерин сатып, акчасын жыйналышка тартуу кылган. Алар элчилерге акчанын баарын алып келдик деп айтышканы менен, «түшкөн акчанын бир бөлүгүн катып коюшкан» (Элч. 5:2). Жахаба ал жубайларды аз акча берип койгону үчүн эмес, ниети жаман болгону жана алдаганы үчүн өлтүргөн. Алар «адамдарга эмес, Кудайга калп айтышкан» (Элч. 5:4). Иса айыптаган эки жүздүү кишилердей болуп, Анания менен Сафира Кудайга жагууга умтулбай, атак-даңкты көздөшкөн (Мт. 6:1—3).
20. Жахаба кандай тартууларды кабыл алат?
20 1-кылымда Иерусалимдеги ишенимдүү шакирттер берешен болуу жагынан мыкты үлгү калтырган. Алардан үлгү алып, бүгүнкү күндөгү миллиондогон ишенимдештерибиз дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлүп жаткан кабар айтуу ишин тартуулары менен колдошот. Убактысын, каражатын жумшоого аларды эч ким мажбурлабайт. Жахаба биздин ага «кыйылып же аргасыздан» кызмат кылышыбызды каалабайт (2 Кор. 9:7). Ага канча бергенибиз эмес, кандай ниет менен бергенбиз маанилүү (Мр. 12:41—44). Анания менен Сафирадай болуп, кызматыбызды эч качан башкаларга көрүнүш үчүн же жеке кызыкчылыгыбыз үчүн кылбайлы. Анын ордуна Петирден, Жакандан жана Барнабадан үлгү алып, кызматыбызды Жахабага жана жакындарыбызга болгон сүйүүбүз түрткү бергендиктен аткаралы (Мт. 22:37—40).
a Адатта, эл эртең мененки жана кечки курмандык чалынган маалда тиленчү. Кечки курмандык «тогузунчу саатта» — күндүзгү саат үчтөрдө — чалынчу.
b « Петир — бир кезде балыкчы болгон ынталуу элчи» жана « Жакан — Исанын жакшы көргөн шакирти» деген кутучаларды кара.
c « Башкы дин кызматчы жана жогорку дин кызматчылар» деген кутучаны кара.
d Б.з. 33-жылы Иерусалимде, кыязы, садукейлердин чакан тобу жана 6 000дей эле фарисей болгон. Мындан ошол эки топтун Исанын окууларынын кеңири жайылып кеткенине эмне үчүн кооптонгонун түшүнсө болот.