Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

3-БӨЛҮМ

«Ыйык рухка толушту»

«Ыйык рухка толушту»

Элүүнчү күн майрамында ыйык рух төгүлгөндөн кийинки окуялар

Элчилер 2:1—47-аяттарга негизделди

1. Элүүнчү күн майрамында кандай маанай өкүм сүрчү?

 ИЕРУСАЛИМДИН көчөлөрүндө майрамдык маанай өкүм сүрүүдө a. Ибадатканадан Халлел ырларын (Забур 113—118) — Жахабаны даңктоо ырларын — ырдаган лебилердин үнү угулууда. Курмандык жайынан түтүн буралып асманга көтөрүлүүдө. Көчөлөр болсо ар кайсы өлкөдөн келген келгиндерге жык толгон. Алар Эйлам, Месопотамия, Кападокия, Понт, Мисир жана Рим сыяктуу алыскы өлкөлөрдөн келишкен b. Эмне үчүн? Жыл сайын белгиленген «биринчи түшүмдү жыйнаган күн» деп да аталган Элүүнчү күн майрамын белгилөө үчүн келишкен (Сан. 28:26). Бул арпаны оруп-жыюу маалы аяктап, буудайды оруп-жыюу маалы башталганын билдирген майрам эле. Ал күн абдан кубанычтуу күн болгон.

2. Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында кандай керемет болот?

2 Б.з. 33-жылы жаздын жылуу мезгилинде эртең мененки саат тогуздарда 120дай шакирт кылымдар бою эсте кала турган кереметке күбө болот. Алар үйдө отурганда, «асмандан катуу шамал болгондогудай добуш угулат» (Элч. 2:2). Добуш алар чогулган үйдүн ичин жаңыртат. Анан таң каларлык бир нерсе болот: көрүнүшү тилге окшогон жалындар пайда болуп, ар биринин үстүнө бирден конот c. Шакирттер «ыйык рухка толуп», башка тилдерде сүйлөй башташат. Алар үйдөн чыгып, Иерусалимге келгендер менен алардын тилинде сүйлөшкөндө, келгиндер айран-таң калышат! Ооба, келгиндердин ар бири шакирттерден кабарды өз эне тилинде угушат (Элч. 2:1—6).

3. а) Б.з. 33-жылы болгон Элүүнчү күн майрамын эмне үчүн Жахабага сыйынгандардын тарыхындагы өзгөчө учур десе болот? б) Петир сөз сүйлөгөндө «асман Падышалыгынын ачкычтарын» колдонгон деп эмне үчүн айтсак болот?

3 Бул керемет Жахабага сыйынган элдин тарыхындагы өзгөчө учур болгон. Дал ошондо рухий Ысрайыл, башкача айтканда, Исанын майланган жолдоочуларынын жыйналышы негизделген (Гал. 6:16). Бирок бул маанилүү окуялардын башталышы эле болгон. Ошол күнү Петир калың элдин алдында сөз сүйлөп, «асман Падышалыгынын ачкычтарынын» биринчисин колдонгон. Ал ачкычтар үч топтогу адамдарга өзгөчө мүмкүнчүлүктөргө жол ачмак (Мт. 16:18, 19). Биринчи ачкыч жүйүттөр менен прозелиттерге d жакшы кабарды кабыл алууга жана Кудайдын ыйык руху менен майланган эли болууга мүмкүнчүлүк берген. Алар рухий Ысрайылга кошулуп, асман Падышалыгында Иса менен бирге башкарып, падыша жана дин кызматчы болушмак (Аян 5:9, 10). Мындай мүмкүнчүлүк кийинчерээк самариялыктарга, андан кийин бутпарастарга берилмек. Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында болгон окуялардан Исанын азыркы күндөгү жолдоочулары эмнеге үйрөнө алышат?

«Баары бир жерге чогулушту» (Элчилер 2:1—4)

4. Б.з. 33-жылы негизделген жыйналыш азыркы күнгө чейин кандайча өсүп келет?

4 Эң башында Исанын жолдоочуларынын жыйналышы рух менен майланган 120дай шакирттен турган. Алардын «баары бир жерге» — бир үйдүн үстүнкү бөлмөсүнө — чогулушчу (Элч. 2:1). Элүүнчү күн майрамында көптөр чөмүлүп, Исанын жолдоочуларынын жыйналышына миңдеген кишилер кошулган. Ошондон тартып Жахабанын уюму бүгүнкү күнгө чейин сан жагынан өсүп келет. Бүгүнкү күндө Исанын жолдоочуларынын жыйналышы Кудайдан корккон эркек-аялдардан турат. Алар соңуна чыгып бараткан азыркы заманда «Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү... жакшы кабарды» «бардык элдер угушу үчүн,.. дүйнө жүзү боюнча таратууда» (Мт. 24:14).

5. Исанын 1-кылымдагы жолдоочулары жыйналыштан кандай пайда алышкан? Бүгүнкү күндө биз кандай пайда алып жатабыз?

5 Исанын жолдоочуларынын жыйналышы майлангандарды да, кийинчерээк «башка койлорду» да рухий жактан күч-кубатка толтурмак (Жкн. 10:16). Пабыл римдиктерге жазган катында жыйналыштагылардын ага дем-шык бергенине ыраазычылык билдирип, мындай деген: «Силерди көргөнгө куштармын, анткени Кудай берген белек менен бөлүшүп, силерге дем-күч бергим келет. Тагыраак айтканда, силердин ишенимиңерди көргөндө мен күч-кубат алып, менин ишенимимди көргөндө силер күч-кубат алып, бири-бирибизди кубатташыбызды каалайм» (Рим. 1:11, 12).

6, 7. Исанын бардык элдерге кабар айткыла деген тапшырмасы кантип ишке ашып жатат?

6 Бүгүнкү күндөгү жыйналыш 1-кылымдагыдай эле ролду аткарат. Иса шакирттерине оор, ошол эле учурда абдан кызыктуу иш тапшырган. Ал аларга: «Бардык элдерден шакирт даярдагыла. Асмандагы Атамды, анын Уулун, ыйык рухун кабыл алгандарды чөмүлдүргүлө, ошондой эле аларга силерге буйруганымдын баарын аткарганды үйрөткүлө»,— деген (Матай 28:19, 20).

7 Учурда кабар айтуу иши Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышы аркылуу ишке ашырылып жатат. Албетте, ар кандай тилде сүйлөгөн адамдарга кабар жеткирүү оңой эмес. Ошентсе да Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепке негизделген адабияттарды, видеолорду 1000ден ашуун тилде чыгарып келет. Эгер сен кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине жигердүү катышып жатсаң, буга кубансаң болот! Себеби сен Жахабанын ысмы жөнүндө кылдат күбөлөндүрүп жатасың. Мындай сыймык болсо баарына эле бериле бербейт!

8. Жыйналыштан жеке ар бирибиз кандай пайда алабыз?

8 Азыркы оор күндөрдө туруктуулугубуздан жазбай, кубанып кызмат кылышыбыз үчүн, Жахаба бизди бүткүл дүйнөлүк боордоштукка кошкон. Элчи Пабыл еврей ишенимдештерине мындай деп жазган: «Бири-бирибизге көңүл бөлүп, сүйүү көрсөткөнгө, жакшы иштерди кылганга үндөйлү. Кээ бирөөлөр адатка айлантып алгандай, жолугушууларыбызды калтырбайлы, анын ордуна, бири-бирибизди кубаттап-бекемдейли. Кудайдын күнү жакындап келатканын көрүп тургандыктан буларды кылганга ого бетер көп күч жумшайлы» (Евр. 10:24, 25). Жахаба жыйналышты башкаларды кубаттандырып, өзүбүз да кубаттанып калышыбыз үчүн уюштурган. Андыктан ишенимдештериң менен тыгыз мамиледе бол. Жолугушууларды эч качан калтырба!

«Ар биринин эне тилинде сүйлөшкөн» (Элчилер 2:5—13)

«Баарыбыз булардын өз тилибизде Кудайдын улуу иштери жөнүндө айтып жатканын угуп жатабыз» (Элчилер 2:11)

9, 10. Чет тилде сүйлөгөндөргө кабар жеткирүү үчүн айрымдар эмне кылууда?

9 Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында жүйүттөр менен прозелиттердин бака-шака түшүп жүргөнүн элестетсең. Келгиндердин көбү жалпы эл сүйлөгөн еврей жана грек тилдерин жакшы билген көрүнөт. Ошондой болсо да «шакирттер алардын ар биринин эне тилинде сүйлөй» баштаган (Элч. 2:6). Жакшы кабарды өз эне тилинде укканда келгиндердин жүрөгү аябай козголсо керек. Албетте, бүгүнкү күндө Кудай керемет кылып Исанын жолдоочуларын башка тилде сүйлөтүп койбойт. Ошентсе да көптөр Падышалык жөнүндөгү кабарды ар улуттагы адамдарга жеткирүүдө. Кантип? Айрымдар башка тилдеги жыйналышта же атүгүл башка өлкөгө барып кызмат кылыш үчүн чет тилин үйрөнүп жатышат. Алардын аракетин көрүп, башка тилде сүйлөгөн адамдар кош көңүл калбайт.

10 Мисалга Кристинди алалы. Ал жети ишенимдеши менен бирге атайын курска барып, гужарати тилин үйрөнгөн. Бир жолу Кристин жумушунан гужарати тилинде сүйлөгөн келинди жолуктуруп, анын эне тилинде учурашкан. Ал келин абдан таң калып, Кристинден эмне үчүн гужарати тилин үйрөнүп жатканын сураганда, Кристин ага кабар айткан. Ал келин Кристинге: «Ушундай оор тилди үйрөнүүгө үндөгөн бир да динди көргөн эмесмин. Сен айткан кабар чынында эле маанилүү окшойт»,— деген.

11. Башка тилде сүйлөгөндөргө Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды айтыш үчүн эмне кылсак болот?

11 Албетте, баарыбыз эле чет тилин үйрөнө албайбыз. Ошентсе да биз башка тилде сүйлөгөндөргө жакшы кабар жеткире алабыз. Кандайча? Анын бир жолу — JW Language® тиркемесин колдонуу. Анын жардамы менен силер жактагы башка улуттагылардын көпчүлүгү кайсы тилде сүйлөсө, ошол тилде учурашканды үйрөнө аласыңар. Ошондой эле Ыйык Китепке болгон кызыгуусун арттырыш үчүн бир нече сүйлөм жаттап алсаңар болот. Аларга jw.org сайтын көрсөткүлө. Балким, алардын тилинде видеолор, адабияттар бардыр. Келгиле, ушул сыяктуу куралдарды колдоно берели. Ошентсек, бөтөн жерликтердин өз «эне тилинде» кабарды укканда таң калганын көрүп кубанган Исанын 1-кылымдагы жолдоочуларындай болуп, биз да кубанабыз.

«Петир... алдыга чыгып...» (Элчилер 2:14—37)

12. а) Жоел пайгамбар Элүүнчү күн майрамында болгон керемет тууралуу эмне деген? б) Эмне үчүн б.з. 1-кылымында шакирттер Жоелдин пайгамбарлыгынын аткарылышын күтүшкөн?

12 Петир «алдыга чыгып», ар улуттагы кишилердин алдында сөз сүйлөйт (Элч. 2:14). Ал аларга башка тилде сүйлөп жатышканы Кудайдын Жоел пайгамбар аркылуу: «Мен ар кандай адамдарга ыйык рухумду берем»,— деген сөздөрүнүн аткарылышы экенин түшүндүрүп берген (Жоел 2:28). Иса да асманга кеткенге чейин шакирттерине Кудайдын ыйык руху тууралуу: «Мен Атамдан суранам, ошондо ал силерге башка жардамчыны берет»,— деген (Жкн. 14:16, 17).

13, 14. Петир угуучуларынын жүрөгүн кантип козгогон жана биз андан эмнеге үйрөнө алабыз?

13 Петир сөзүнүн соңунда: «Силер устунга кадаган Исаны Кудай өзү Мырза да, Машаяк да кылганын бүт ысрайыл эли билип алсын»,— деп ачык айткан (Элч. 2:36). Албетте, Петирди угуп тургандардын көбү Исанын устунга кадалып өлтүрүлүшүнө түздөн-түз катышкан эмес. Бирок жалпы эл катары Исанын өлүмүнө жооптуу болушкан. Анткен менен Петир жүйүттөргө урмат-сый менен кайрылып, алардын жүрөгүн козгогонго аракет кылган. Ал угуучуларын соттобой, өкүнгөнгө түрткү бергиси келген. Аларга Петирдин айткандары катуу тийди беле? Түк да. Тескерисинче, «алардын жүрөгүнө канжар сайылгандай болгон». Ошондуктан алар: «Эми биз эмне кылышыбыз керек?» — деп сурашкан. Ооба, Петир жылуу-жумшак сүйлөгөндүктөн, көптөрдүн жүрөгү козголуп, өкүнүүгө түрткү алышкан (Элч. 2:37).

14 Биз да, Петирдей болуп, адамдардын жүрөгүн козгогонго умтулушубуз зарыл. Кабар айтып жатканда үй ээсинин Ыйык Китепке дал келбеген ар бир көз карашын четке кага бербешибиз керек. Анын ордуна, жалпылыкты тапканга аракет кылганыбыз дурус. Ошентсек, Кудайдын Сөзүнүн негизинде жакшы сүйлөшө алабыз. Эгер Ыйык Китепте жазылгандарды жылуу-жумшак айтсак, жүрөгү таза адамдар кабарды жакшы угушат.

«Ар бириңер... чөмүлтүлгүлө» (Элчилер 2:38—47)

15. а) Петир элге эмне деген жана анын натыйжасы кандай болгон? б) Элүүнчү күн майрамында чөмүлгөндөр даяр болбой туруп чөмүлүп алышты беле? Түшүндүргүлө.

15 Петир б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында ошол жүйүттөр менен прозелиттерге: «Өкүнгүлө,.. ар бириңер... чөмүлтүлгүлө»,— деген (Элч. 2:38). Натыйжада 3000дей киши, кыязы, Иерусалимдеги же андан алыс эмес жердеги жасалма көлмөлөрдө чөмүлүшкөн e. Алар сезимге алдырып эле чөмүлүп алышканбы? Бул окуя Ыйык Китепти изилдегендердин жана Жахабанын Күбөлөрүнүн балдарынын даяр болбой туруп чөмүлүшүнө негиз береби? Жок. Эске алчу нерсе, б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында чөмүлгөн жүйүттөр менен прозелиттер Кудайдын Сөзүн ага чейин эле кылдат изилдеп келишкен жана Жахабага арналган элден болушкан. Андан тышкары, айрымдарынын жыл сайын өтүлүүчү майрамга катышыш үчүн алыстан бери келгени чыныгы сыйынууну жогору баалаарын көрсөткөн. Эми болсо алар Кудайдын ой-ниети аткарылышы үчүн Иса Машаяк маанилүү ролду аткарары жөнүндөгү чындыкты кабыл алышты. Ошондуктан Машаяктын чөмүлгөн жолдоочулары катары Кудайга кызмат кыла берүүгө даяр болушкан.

16. Исанын 1-кылымдагы жолдоочулары ишенимдештери үчүн жанын аябай турганын кантип көрсөтүшкөн?

16 Жахабанын аларга батасын бергенин айкын көрүүгө болот. Элчилер китебинен андан ары мындай дегенди окуйбуз: «Исага ишенип калгандардын бардыгы чогуу болуп, бүт нерсесин жалпы колдонуп жүрүштү. Алар өздөрүнүн жерин, бүт мүлкүн сатып, түшкөн акчаны баарына, ар кимисинин муктаждыгына жараша, бөлүп беришчү» f (Элч. 2:44, 45). Азыркы учурда да Исанын чыныгы жолдоочулары алардай болуп, жанын аябай, сүйүүсүн көрсөтүүгө умтулушат.

17. Чөмүлүш үчүн кандай баскычтарды өтүш керек?

17 Ыйык Китепке ылайык, Кудайга арналып, чөмүлүш үчүн айрым баскычтардан өтүш керек. Адегенде Кудай жөнүндө билим алуу зарыл (Жкн. 17:3). Ошондой эле ишенимин иш жүзүндө көрсөтүп, мурун кылган иштери үчүн өкүнүшү керек (Элч. 3:19). Андан соң өзгөрүшү, тактап айтканда, жаман иштерин таштап, Кудайдын эркине ылайык келген иштерди кылышы талап (Рим. 12:2; Эф. 4:23, 24). Ушуларды кылгандан кийин ал Кудайдан тиленип, өзүн ага арнап, чөмүлө алат (Мт. 16:24; 1 Пет. 3:21).

18. Исанын чөмүлгөн жолдоочуларына кандай сыймык ыйгарылган?

18 Сен Иса Машаяктын чөмүлгөн жолдоочусусуңбу? Эгер ошондой болсо, анда бул сыймыкты жогору баала. Анткени, Исанын ыйык рухка толгон 1-кылымдагы жолдоочуларындай болуп, сен да жакшы кабарды кылдат күбөлөндүрүп, Жахабанын эркин аткарууга салымыңды кошо аласың!

a « Иерусалим — иудаизмдин борбору» деген кутучаны кара.

c «Тилдер» кадимки жалын болгон эмес. Сыягы, алардын көрүнүшү бүлбүлдөгөн жалынга окшош болгон.

d « Прозелиттер кимдер болгон?» деген кутучаны кара.

e Салыштыруу үчүн: 1993-жылы 7-августта Киевде (Украина) өткөрүлгөн эл аралык жыйында 7402 киши алты бассейнде чөмүлтүлүшкөн. Буга 2 саат 15 мүнөт кеткен.

f Бул Кудай жөнүндө көбүрөөк билим алууну каалап, Иерусалимге бир канча убакытка калып калган жаңы шакирттердин муктаждыгын канааттандырыш үчүн уюштурулган убактылуу чара болгон. Ал чара ыктыярдуу тартуулардын негизинде ишке ашырылган. Аны коммунизмдин кайсы бир түрү менен чаташтырбоо керек (Элч. 5:1—4).