Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

16-БӨЛҮМ

Ибилиске жана анын айла-амалдарына каршы тур

Ибилиске жана анын айла-амалдарына каршы тур

«Ибилиске каршы тургула, ошондо ал силерден качат» (ЖАКЫП 4:7).

1, 2. Чөмүлүү кимдерге кубаныч тартуулайт?

ЖАХАБАГА ондогон жылдардан бери кызмат кылып келатсаң, жыйындарыбызда чөмүлө тургандарга арналган баяндамаларды көп эле уксаң керек. Андай баяндамаларды канча жолу укпа, алдыңкы катарларда отургандар чөмүлөрүн билдирүү үчүн ордуларынан турганда, толкунданбай койбойсуң. Ошол учурда отургандар күбүр-шыбыр боло түшүп, кол чаап жиберишет. Кымбат баалуу адамдардын дагы бир тобунун Жахаба тарапты ээлегенин көргөндө, көзүңө жаш алышың да мүмкүн. Мындай учурлар кандай гана кубаныч тартуулайт!

2 Биз чөмүлүү расмисин өзүбүз жашаган жерде жылына бир нече жолу көрсөк, периштелер алда канча көп көрүшөт. Дүйнө жүзү боюнча жума сайын миңдеген адамдар Жахабанын уюмунун көзгө көрүнгөн бөлүгүнө кошулганда, асманда кандай кубаныч өкүм сүрөрүн элестетсең (Лука 15:7, 10). Мындай өсүштү көргөндө периштелер абдан сүйүнүшөт! (Акай 2:7).

ИБИЛИС «АРЫЛДАГАН АРСТАН СЫЯКТУУ ЖҮРӨТ»

3. Эмне себептен Шайтан «арылдаган арстан сыяктуу жүрөт» жана ал эмне кылгысы келет?

3 Чөмүлүп жаткандарды каардана карап турган рухий жаратуулар да бар. Шайтан менен жин-перилер миңдеген адамдардын бузулган дүйнөнү четке какканын көргөндө ачууланбай койбойт. Анткени Шайтан бир да адамдын Жахабага чын жүрөктөн чыккан сүйүүсү менен кызмат кылбай турганын жана катуу сыноого кабылганда ишенимдүүлүгүн сактай албасын айтып мактанган. (Оку: Аюп 2:4, 5.) Кимдир бирөө өмүрүн Жахабага арнаганда, Шайтандын калпы чыгат. Мындайча айтканда, жума сайын ал миңдеген жолу жаакка жегендей эле болот. Ошондуктан анын «кимди жутуп жиберсем деп, арылдаган арстан сыяктуу жүргөнү» таң калыштуу эмес (1 Петир 5:8). Ал «арстан» бизди рухий жактан алсыратып, жутуп жибергиси келет, башкача айтканда, Кудай менен болгон мамилебизге доо кетирүүнү, атүгүл биротоло бузууну каалайт (Забур 7:1, 2; 2 Тиметей 3:12).

Кимдир бирөө Жахабага арналып, чөмүлгөндө, Шайтандын калпы чыгат

4, 5. а) Жахаба Шайтандын таасирин кайсы эки негизги жол менен чектеген? б) Эмнеден шектенбесек болот?

4 Душманыбыз каардуу болсо да, коркунучка алдырууга себеп жок. Эмне үчүн? Анткени Жахаба ал «арылдаган арстандын» таасирин эки негизги жол менен чектеп койгон. Кайсы жолдор менен? Биринчиден, Жахаба өзүнө кызмат кылган «эбегейсиз көп адамдардын» жакындап келаткан «улуу алааматтан» аман өтөрүн алдын ала айткан (Аян 7:9, 14). Кудайдын пайгамбарлыктары аткарылбай койбойт. Ошондуктан Кудайдын элин бүтүндөй азгырып кете албасын Шайтан өзү деле билет.

5 Шайтандын таасири дагы кайсы жактан чектелгенин Кудайдын байыркы убактагы бир ишенимдүү кызматчысынын сөзүнөн көрүүгө болот. Азария пайгамбар Аса падышага: «Жахаба менен болсоңор, ал да силер менен болот!» — деген (2 Жылнаама 15:2; оку: 1 Корунттуктар 10:13). Ыйык Китептеги көп окуялардан айкын болгондой, Шайтан Кудай менен дайыма тыгыз мамиледе болгондорду жута алган эмес (Еврейлер 11:4—40). Бүгүн да Жахаба менен жакын мамиледе болгондор Ибилиске каршы тура алышат, атүгүл аны жеңе алышат. Кудайдын Сөзү бизди: «Ибилиске каршы тургула, ошондо ал силерден качат»,— деп ынандырат (Жакып 4:7).

БИЗ «КААРДУУ РУХИЙ КҮЧТӨР... МЕНЕН КҮРӨШҮП ЖАТАБЫЗ»

6. Шайтан Кудайдын ар бир кызматчысына каршы кантип күрөшөт?

6 Каймана маанидеги согушта Шайтан жеңүүчү боло албайт. Бирок сергек турбасак, өз-өзүнчө алганда, ага ар бирибиз жем болуп калышыбыз мүмкүн. Шайтан бизди Жахаба менен болгон мамилебизди алсыратуу аркылуу жута аларын билет. Ан үчүн ал эмне кылат? Кол салууларын күчөтөт, ар бирибиз менен жекеме-жеке күрөшөт жана айла-амалдарды колдонот. Кел анда, Шайтандын ушул негизги ыкмаларын карап көрөлү.

7. Эмне үчүн Шайтан Жахабанын элине кол салуусун күчөтүүдө?

7 Күчөтүлгөн кол салуулар. Элчи Жакан «бүт дүйнөнүн Шайтандын бийлиги астында экенин» жазган (1 Жакан 5:19). Бул сөздөрдө Жахабанын кызматчыларынын баарына эскертүү камтылат. Шайтан бүтүндөй ыймансыз дүйнөнү жутуп алгандыктан, көңүлүн өзүнүн таасири астында болбогондорго — Жахабанын элине — буруп, кол салуусун күчөтүп жатат (Микей 4:1; Жакан 15:19; Аян 12:12, 17). Ал убактысынын аз калганын билип, каары кайнап жүрөт. Андыктан кысымын улам күчөтүүдө. Учурда ал Кудай менен болгон мамилебизди кыйратууга бүт күчүн жумшоодо.

8. Элчи Пабыл каардуу рухтарга каршы күрөш жөнүндө айтуу менен эмне дегиси келген?

8 Жекеме-жеке күрөшүү. Элчи Пабыл ишенимдештерине: «[Биз] асман чөйрөсүндөгү каардуу рухий күчтөр... менен күрөшүп жатабыз»,— деп эскерткен (Эфестиктер 6:12). Ал эмне үчүн күрөшүү жөнүндө сөз кылган? «Күрөшүү» деген сөз жекеме-жеке кармашууну билдирет. Бул сөздү колдонуу менен Пабыл ар бирибиздин каардуу рухтар менен жекече күрөшүп жатканыбызды баса белгилеген. Жашаган өлкөбүздө каардуу рухтарга ишенүү кеңири жайылганбы же жокпу, Жахабага арналганыбызда каймана мааниде күрөш килеминин ортосуна чыкканыбызды унутпашыбыз керек. Жахабанын ар бир кызматчысы, бери дегенде эле, ага арналганынан тартып күрөшкө катыша баштайт. Андыктан Пабылдын Эфестеги ишенимдештерин бекем турууга бир нече жолу үндөгөнү таң калыштуу эмес (Эфестиктер 6:11, 13—15).

9. а) Эмне үчүн Шайтан менен жин-перилер ар кандай айла-амалдарды колдонушат? б) Эмне себептен Шайтан ой жүгүртүүбүздү бузууга аракеттенет жана анын аракеттерине кантип каршы тура алабыз? ( «Куу Шайтандан сак бол!» деген кутучаны кара.) в) Азыр Шайтандын кайсы айла-амалын карап чыгабыз?

9 Айла-амалдар. Пабыл ишенимдештерин Шайтандын «айла-амалдарына» каршы турууга чакырган (Эфестиктер 6:11). Анын бул сөздү көптүк санда колдонгонуна көңүл бурсаң. Каардуу рухтар бир эле эмес, ар кандай ыкманы колдонушат. Мунун орчундуу себеби бар. Кайсы бир сыноого туруштук берип келген айрым ишенимдештерибиз кийин башка сыноого алдырып коюшкан. Демек, Ибилис менен жин-перилер алсыз жактарыбызды аныкташ үчүн ар бирибиздин жүрүм-турумубузга кылдат байкоо салып турушат. Анан кайсы бир рухий алсыздыгыбызды өздөрүнүн пайдасына колдонушат. Бактыга жараша, биз Ыйык Китептен Ибилистин көптөгөн ыкмаларын биле алабыз (2 Корунттуктар 2:11). Буга чейинки бөлүмдөрдүн айрымдарында дүнүйөкорлук, жаман чөйрө жана жыныстык адеп-ахлаксыздык сыяктуу тузактар жөнүндө айтылган. Эми Шайтандын айла-амалдарынын дагы бирин — спиритизмди — карап чыгалы.

СПИРИТИЗМ МЕНЕН АЛЕКТЕНҮҮ — ЧЫККЫНЧЫЛЫК

10. а) Спиритизм деген эмне? б) Жахаба спиритизмге кандай карайт жана сен кандай карайсың?

10 Спиритизм менен алектенгендер түздөн-түз каардуу рухтар менен байланышышат. Көзү ачыктык, бүбү-бакшылык, эмчи-домчулук, арбактар менен сүйлөшүү — спиритизмдин айрым түрлөрү. Биз жакшы билгендей, спиритизм Жахабанын көз алдында жийиркеничтүү (Мыйзам 18:10—12; Аян 21:8). «Жамандыктан жийиркенишибиз» керек болгондуктан, каардуу рухтар менен байланышууга умтулуу оюбузга да келбейт (Римдиктер 12:9). Алар менен байланышуу асмандагы Атабыз Жахабага каршы чыккынчылык кылууга тете болмок!

11. Бизди спиритизмге аралаштыра алса, эмне үчүн Шайтан чоң жеңишке жеткен болмок? Түшүндүр.

11 Спиритизм менен алектенүү Жахабага чыккынчылык кылууга жаткандыктан, Шайтан бизди ал ишке аралаштырууну каалайт. Кудайдын кызматчысын спиритизмге аралаштыра алса, Шайтан чоң жеңишке жеткен болот. Эмне үчүн? Салыштыруу иретинде мындай мисал карап көрөлү: эгер бир жоокерди душмандарынын аскер башчысы өзүнүн тарабына өтүүгө, ошентип чыккынчылык кылууга көндүрө алса, абдан сүйүнмөк. Ал атүгүл каршы тараптагы аскер башчысын басынтуу үчүн чыккынчыны олжосу катары көрсөтүшү мүмкүн. Ошо сыңары, эгер Жахабанын кызматчысы спиритизмге аралаша турган болсо, билип туруп аны таштап, өзүн Шайтандын колуна тапшырган болот. Шайтан андай чыккынчыны өзүнүн олжосу катары көрсөтүп, кандай гана кубанмак! Аны ушундай жеңишке жеткирүүнү каалайт белек? Албетте, жок! Себеби биз чыккынчы эмеспиз.

ШЕК ТУУДУРУУ ҮЧҮН СУРООЛОРДУ КОЛДОНОТ

12. Шайтан спиритизмге болгон көз карашыбызга таасир этиш үчүн кайсы ыкманы колдонот?

12 Эгер спиритизмден жийиркенсек, Шайтан бизди ага аралаштыра албайт. Ошондуктан ал биздин ой жүгүртүүбүздү өзгөртүү керектигин билет. Кудайдын айрым кызматчылары «жакшыны жаман, жаманды жакшы» деп эсептеп калышы үчүн, аларды чаташтыруунун жолдорун издейт (Ышая 5:20). Ушул максатта ал көп учурда мезгил сынагынан өткөн ыкмаларынын бирин колдонот: шек туудуруу үчүн суроолорду пайда кылат.

13. Шайтан шек туудуруу үчүн суроолорду кантип колдонот?

13 Шайтандын бул ыкманы байыркы убакта кантип колдонгонуна көңүл бурсаң. Ал Эйденде Обо энеден: «Чын эле Кудай силерге бактагы дарактардын баарынан эле жей бербешиңер керектигин айтты беле?» — деп сураган. Аюп пайгамбардын убагында болсо периштелер асманга чогулганда: «Аюп Кудайдан бекеринен коркуп жүрүптүрбү?» — деген суроо көтөргөн. Ал эми Исанын жердеги кызматынын башталышында ага: «Эгерде Кудайдын уулу болсоң, анда бул таштарга нанга айланууну буйрук кылчы»,— деген. Элестетсең, Шайтан Жахабанын ошондон алты жумадай мурун: «Бул — менин сүйүктүү Уулум, мен Уулумду колдойм»,— деп айткан сөздөрүнө шек келтирип, аны мыскылдаганга батынган (Башталыш 3:1; Аюп 1:9; Матай 3:17; 4:3).

14. а) Шайтан спиритизмдин зыяндуулугуна шек туудуруу үчүн айла-амалдарын кантип колдонот? б) Азыр эмнени карап чыгабыз?

14 Бүгүнкү күндө да Шайтан спиритизмдин зыяндуулугуна шек туудуруу үчүн ошондой ыкмаларды колдонот. Өкүнүчтүүсү, ал айрым ишенимдештерибизге таасир эте алган. Натыйжада алар спиритизмдин кээ бир түрлөрү чын эле зыян экенине күмөн санай башташкан (2 Корунттуктар 11:3). Андай бир туугандарга көз карашын өзгөртүүгө кантип көмөк кыла алабыз? Шайтанга алданып калбаш үчүн эмне кылсак болот? Бул суроолорго жооп алуу үчүн көңүл ачууда, ден соолукка кам көрүүдө Шайтандын спиритизмге байланышкан нерселерди кантип куулук менен колдонорун карап көрөлү.

КААЛООЛОРУБУЗ МЕНЕН МУКТАЖДЫКТАРЫБЫЗДЫ КОЛДОНОТ

15. а) Батыш өлкөлөрүндө көптөр спиритизмге кандай карашат? б) Дүйнөнүн спиритизмге болгон көз карашы Кудайдын айрым кызматчыларына кандай таасир эткен?

15 Өзгөчө, Батыш өлкөлөрүндө адамдар спиритизмдин оккультизм, сыйкырчылык жана башка ушу сыяктуу түрлөрүнө барган сайын жеңил ойлуулук менен карап жатышат. Фильмдерде, китептерде, телеберүүлөрдө жана компьютердик оюндарда жиндер менен байланышкан иштер көп учурда кызыктуу, ой жүгүртүүнү өрчүтө турган, зыянсыз нерсе катары көрсөтүлөт. Оккультизм чагылдырылган кээ бир фильмдер жана китептер ушунчалык кеңири тарагандыктан, аларды жакшы көргөндөр атайын клубдарды уюштурушкан. Чын эле, жин-перилер оккультизмди коркунучтуу эмес кылып көрсөтүү жагынан ийгиликке жетишишкен. Спиритизмге болгон ушундай жеңил ойлуу мамиле Кудайдын кызматчыларына таасир эткенби? Айрымдарына таасир эткен. Кандайча? Мисалы, бир ишенимдешибиз оккультизмге байланышкан фильм көргөндөн кийин: «Мен спиритизм менен алектенген жокмун, фильм эле көрдүм»,— деген. Мындай ой жүгүртүү эмнеси менен коркунучтуу?

16. Оккультизмге байланышкан көңүл ачууларды тандоо эмнеси менен коркунучтуу?

16 Спиритизм менен алектенүүнүн жана аны көрүүнүн ортосунда айырма бар болсо да, бул оккультизмге байланышкан иштерди көрүү кооптуу эмес экенин билдирбейт. Эмнеге? Бул тууралуу ойлонуп көрсөң: Кудайдын Сөзүндө Шайтандын да, жин-перилердин да ойлорубузду биле албасы көрсөтүлөт *. Ошондуктан, мурунураак айтылгандай, ойлорубузду жана алсыз жактарыбызды билиш үчүн, каардуу рухтар жүрүм-турумубузга, анын ичинде көңүл ачуунун кандай түрлөрүн тандаганыбызга кылдат байкоо салышат. Жахабанын Күбөсүнүн жүрүм-турумунан анын көзү ачыктар, дубалоо, жиндердин кимдир бирөөнү ээлеп алышы жана ушу сыяктуу нерселер тууралуу фильмдерди же китептерди жакшы көрөрү билинсе, муну жин-перилер байкабай койбойт. Ошентип, Күбө аларга өзүнүн алсыз жерин көрсөткөн болот. Жин-перилер болсо ага каршы чабуулун күчөтүп, анын алсыздыгынан пайдалануу менен, мындайча айтканда, далысын жерге тийгизмейин күрөшө беришет. Кээ бирөөлөр оккультизм чагылдырылган көңүл ачууларга кызыгып отуруп, акыры спиритизм менен алектенип калышкан. (Оку: Галатиялыктар 6:7.)

Ооруп жатканда Жахабага таян

17. Шайтан ооруп жүргөндөрдүн жагдайынан кантип пайдаланышы мүмкүн?

17 Шайтан көңүл ачууга болгон каалообуздан эле эмес, ден соолугубузга кам көрүүгө болгон муктаждыгыбыздан да пайдаланууга аракет кылат. Кантип? Айыгууга бир канча жолу аракет жасаганына карабай, ден соолугу улам начарлай берген Күбөнүн көңүлү чөгүп жүрүшү мүмкүн (Марк 5:25, 26). Шайтан менен жин-перилер андай жагдайдан пайдаланышы ыктымал. Жин-перилер ооруп жаткан бир тууганды «сыйкырдуу күчкө», башкача айтканда, спиритизмге байланышы бар дарылоо ыкмаларын колдонууга же процедураларды кылууга азгырышы мүмкүн (Ышая 1:13). Алардын андай амалы ишке ашса, ооруп жүргөн ишенимдешибиздин Кудай менен болгон мамилесине коркунуч туулат. Кандайча?

18. Дарылоонун кандай ыкмаларынан баш тартабыз жана эмне үчүн?

18 Жахаба «сыйкырдуу күчкө» кайрылган ысрайылдыктарга: «Алакан жайганыңарда, силерден көзүмдү жашырам. Көп тиленсеңер да, укпайм»,— деп айткан (Ышая 1:15). Албетте, биз ар дайым, айрыкча, ооруп жатканда тиленүүлөрүбүзгө тоскоол боло турган жана Жахабанын колдоосунан айрылта турган нерселерден качууну каалайбыз (Забур 41:3). Андыктан дарылоонун кайсы бир ыкмасынын же процедуранын спиритизмге байланышы бар экени билинсе, андан баш тартышыбыз керек * (Матай 6:13). Ошондо Жахабанын калтырбай турганына толук ишенсек болот. ( «Бул чын эле спиритизмби?» деген кутучаны кара.)

ЖИНДЕР ЖӨНҮНДӨГҮ ОКУЯЛАР КӨП АЙТЫЛГАНДА...

19. а) Өзүнүн күчү жөнүндө Ибилис көптөрдү эмнеге ишендирип койгон? б) Кудайдын кызматчылары кандай кеп-сөздөрдөн оолак болушат?

19 Батыш өлкөлөрүндө көптөр Шайтандын таасиринин коркунучтуу экенине жеңил ойлуулук менен караса, дүйнөнүн башка жактарында тескери көз караш кеңири жайылган. Ал өлкөлөрдө Ибилис көптөрдү өзүнүн күчүнүн эбегейсиз зор экенине ишендирип, алдап келет. Айрымдар басса-турса да каардуу рухтардан коркуп жашашат. Алардын арасында жин-перилердин ажайып иштери тууралуу окуялар кеңири тараган. Көп учурда алар жиндер жөнүндөгү окуяларды берилип айтып беришет, эл болсо кызыгып угат. Биз андай кеп-сөздөрдүн таратылышына катышышыбыз керекпи? Жок. Чыныгы Кудайдын кызматчыларынын антпей турганына эки маанилүү себеп бар.

20. Кандайча кимдир бирөө өзү билбей эле Шайтандын иштерин үгүттөп калышы мүмкүн?

20 Биринчиден, жин-перилердин иштери жөнүндөгү окуяларды айта берген киши Шайтандын кызыкчылыгын көздөгөн болот. Кандайча? Кудайдын Сөзүндө Шайтандын ажайып иштерди жасоого жөндөмдүү экени, ошол эле учурда анын «жалган керемет-жышаандарды» жана «ар кандай калпты» колдонору жөнүндө айтылат (2 Тесалоникалыктар 2:9, 10). Шайтан алдаганга маш болгондуктан, спиритизмге жакын кишилердин акылына кантип таасир этип, аларды жалганга кантип ишендирсе болорун жакшы билет. Андай адамдар кайсы бир нерселерди көргөнүнө же укканына чын жүрөктөн ишенип, аларды болгон нерседей айтып бериши мүмкүн. Убакыттын өтүшү менен ал окуялар ооздон оозго өтүп отуруп, апыртылып айтыла баштайт. Эгер Кудайдын кызматчысы андай окуяларды айтып бере берсе, «жалгандын атасы» Ибилистин каалоосун аткарып, анын иштерин үгүттөп калмак (Жакан 8:44; 2 Тиметей 2:16).

21. Биз эмнелер жөнүндө сүйлөшүүгө умтулабыз?

21 Экинчиден, Жахабанын кызматчысы мурун каардуу рухтар менен чын эле байланышта болгон күндө да, ишенимдештерине андай окуяларды кайра-кайра айтып бере бербейт. Эмне үчүн? Кудайдын Сөзү бизди «ишенимибиздин башчысы жана аны жеткилең кылуучу Исадан көзүбүздү албоого» чакырат (Еврейлер 12:2). Ооба, биз көңүлүбүздү Шайтанга эмес, Иса Машаякка бурушубуз керек. Белгилей кетчү нерсе, Машаяк жерде жүргөндө Шайтандын жөндөмдүүлүктөрү тууралуу көп нерселерди айтып бере алмак, бирок ал шакирттерин андай окуялар менен таасирлентүүгө умтулган эмес. Анын ордуна, Падышалык жөнүндөгү кабарга басым койгон. Ошондуктан биз, Иса менен элчилерден үлгү алып, «Кудайдын улуу иштери жөнүндө» сүйлөшүүгө умтулабыз (Элчилер 2:11; Лука 8:1; Римдиктер 1:11, 12).

22. Асманда кубаныч өкүм сүрүшүнө мындан ары да кантип өбөлгө түзө алабыз?

22 Ырас, Жахаба менен болгон мамилебизди бузуу үчүн Шайтан ар кандай айла-амалдарды, анын ичинде спиритизмди колдонот. Бирок жамандыкты жек көрүп, жакшылыкка бек кармансак, Ибилис спиритизмдин бардык түрлөрүн четке кагууга болгон чечкиндүүлүгүбүздү солгундата албайт. (Оку: Эфестиктер 4:27.) Шайтан жок болгонго чейин, анын «айла-амалдарына каршы тура» берсек, асманда кандай кубаныч өкүм сүрөрүн элестетсең! (Эфестиктер 6:11; Лука 15:7).

^ 16-абз. Шайтанга берилген сыпаттамалар (каршылаш, жалаачы, алдамчы, азгыруучу, жалганчы) анын жүрөгүбүздү жана акылыбызды изилдей аларын билдирбейт. Андан айырмаланып, Жахаба «жүрөктөрдү... изилдейт», ал эми Иса «бөйрөктөрдү, жүрөктөрдү изилдөөчү» деп сыпатталат (Накыл сөздөр 17:3; Аян 2:23).

^ 18-абз. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн 1994-жылдын 15-декабрындагы «Күзөт мунарасынан» «Ден соолукту текшерүүнүн бардык эле ыкмалары жакшыбы?» деген макаланы (19—22-б., ор.) жана 2001-жылдын 8-январындагы «Ойгонгула!» журналынан «Ыйык Китепте эмне делет? Кандай дарылоо ыкмасын тандаганым маанилүүбү?» деген макаланы (26, 27-б., ор.) кара.