кыргыз
Уоррен Рейнольдс. Туура жолду тандаганыма сүйүнөм
https://cms-imgp.jw-cdn.org/img/p/502400120/univ/art/502400120_univ_sqr_xl.jpg
lfs 20-макала

УОРРЕН РЕЙНОЛЬДС | ӨМҮР БАЯН

Туура жолду тандаганыма сүйүнөм

Туура жолду тандаганыма сүйүнөм

Австралиянын түндүк-батышындагы алыскы бир айылда Кудай кошкон бир туугандарым менен от тегеректеп, андан кандай баталарды алганыбызды кеп кылып, кобурашып отурабыз. Ар кайсы өлкөдө ар кандай тилде сүйлөгөн досторубуз менен ушинтип от жагып алып тегеректеп отурган күндөрүбүз көп болгон. Маңдайымда күлүп-жайнап сүйүктүү жубайым отурат. Экөөбүз чогуу сонун күндөрдү өткөрүп келатабыз. Жахабанын ишин аткарып жүрүп көп жерлерге бардык. Бала кезимде ал жерлерге барам деп ойлогон да эмесмин. Бирок жаш кезимде аз жерден башка жолду тандап кете жаздагам. Эмесе, ошол тууралуу айтып берейин.

Мен Австралиянын алыскы бир аймагында чоңойгом. Ата-энем, чоң ата-чоң энем, таята-таянемдер 1950-жылдары Жахабаны таанып-билишиптир. Мен 6 жашымда кабар айта баштагам. 13 жашымда чөмүлдүм. Каникулдарда көмөкчү пионер болуп кызмат кылып калчумун. Жахабаны аябай жакшы көргөндүктөн ага түбөлүк кызмат кылгым келчү.

Ата-энем жана бир туугандарым менен

15 жашымда мектептеги машыктыруучулар менин спортко шыктуу экенимди байкашкан. Ошон үчүн регби лигасынын өкүлдөрү мага спорт мектебинде бекер окууну сунушташты. Албетте, регби жылдызы болгум келди, бирок ага чейин эле өмүрүмдү Жахабага арнап койгом. Атам мага спортту тандайсыңбы же башканыбы, чечим чыгарганга чейин Жахабага берген убадаң жөнүндө ойлонуп көр деди. Атам айткандай кылдым. Экөөнү тең бирдей алып кете албай турганымды түшүнүп, спорт мектебинде бекер окуу мүмкүнчүлүгүнөн баш тарттым. Бир нече айдан кийин Австралиянын Канберра шаарындагы спорт институтунан дагы бир сунуш түштү. Эгер макул болсом, алар мени жөө күлүк болгонго даярдашмак. Анан Улуттар шериктештиги өткөргөн спорт мелдештеринде же Олимпиадалык оюндарда Австралиянын намысын коргоп жөө күлүк катары катышмакмын. Анысында да жок деп жооп бердим. Анткени өмүрүмдү Кудайга арнагандыктан ага гана кызмат кылгым келчү.

Көп өтпөй мектепти бүтүп, көптөн бери максат коюп, эңсеп жүргөн пионердик кызматты баштадым. Бирок үйдөгүлөр акча-тыйын жагынан кыйналгандыктан, пионердик кызматымды токтотуп, эртеден кечке иштегенге туура келди. Айыл чарба машинелерин айдап иштеп калдым. Ал кезде бойго жетип, өзүнчө жашап калгам. Жахабага кылган кызматымды мурункудай бүт жүрөгүмдү берип аткарбай калгам. Ошого өзүм да жаман болуп, Жахаба менен болгон мамилем солгундай баштады. Көп ичкен, адеп-ахлаксыз иштерди кылган балдар, кыздар менен достошуп кетип, алардай жашагым келе баштады. Жахаба менен болгон мамилемди ойлобой, өзүмдүн каалоолорумду биринчи орунга коюп койдум.

Бирок, акыры, жашоомду иретке келтирейин дедим. Ошондуктан мага терс таасир эткен досторуман алыс болуш үчүн башка шаарга көчүп кеттим. Жахабага кайрадан жакындап, кайра пионер болоюн деп ойлоно баштадым. Ошол кездерде айылда чоңоюп-өскөн, уялчаак Лианн Макшэйри деген кыз менен таанышып калдым. Ал пионер болуп кызмат кылчу. Экөөбүз бири-бирибизди жактырып калдык. Анан максаттарыбыз, анын ичинде миссионердик кызмат жөнүндө ачык сүйлөштүк. 1993-жылы баш коштук. Экөөбүз тең жашообузга Жахабанын багыт беришин каалачубуз.

Койгон максаттарыбызга умтулушубуз

Ошол жылы Лианнга кошулуп, мен да үзгүлтүксүз пионер болдум. Карызга батпай, жөнөкөй жашайлы деп эски авточиркеме сатып алып, ошондо жашап жүрдүк. 6 жыл бою Жахабанын уюму каякка жиберсе, ошол жакка барып, кызмат кылып жүрдүк. Жан багыш үчүн ар кандай жумуштарда иштедик. Чакан жыйналыштагы боордошторубуз менен Квинсленддин чет жакасындагы, учу-кыйрына көз жетпеген, кагыраган аймактарда кабар айтчубуз. Көп учурда эл жок жерлерге токточубуз. Жолугушууларыбызды болсо бак-шактардын арасында же эл отурукташкан жерлердеги имараттарда өткөрчүбүз. Ошентип, жыргап-куунап кызмат кылып жүрчүбүз. Ошентсе да: «Жахабага дагы кантип көбүрөөк кызмат кылсак болот?» — деп ойлоно берчүбүз. Көп өтпөй жооп алдык.

Австралиянын алыскы аймактарына кабар айтканы барганда бак-шактардын арасында өткөргөн жолугушууларыбыздын бири

Бир күнү башка өлкөдө миссионер болуп кызмат кылганга чакырылдык! Бирок муну укканда аябай тынчсызданып, Гилат мектебинен окубасак, жакшы миссионер боло алабызбы деп бушайман болдук. Кабар айтканды жакшы көрсөк да, өзүбүздү шакирт даярдоо ишинде тажрыйбалуу деп эсептечү эмеспиз. Анткени биз кызмат кылган алыскы аймактарда Ыйык Китепти изилдегиси келгендер анча деле көп эмес болчу.

Биз сарсанаа кылган ойлорубузду филиалдын комитетинин мүчөсү болуп кызмат кылган Макс Ллойдго a айттык. Ал бизди: «Ишти аткарганга өзүңөрдү жөндөмсүз сезип жатсаңар да, макул боло бергиле. Анткени Жахаба өзүнүн ишин аткарыш үчүн силерди жөндөмдүү кылып коё алат»,— деп ынандырды. Ал атадай болуп насааттап, дем-шык бергендиктен, эч нерседен тынчсызданбай Шри-Ланкага жөнөп кеттик.

Шри-Ланкадагы кыйынчылыктар

1999-жылы Шри-Ланканын борбор калаасы Коломбого бардык. Австралиянын тынч айылдарына көнүп калган жаныбыз Шри-Ланкага барганда көнө албай кыйналдык. Башыбыздан жарандык согушту өткөрдүк, жакырчылыкка, элдин көптүгүнө, кайырчыларга көнүш керек болду. Тил үйрөнүш да оңой болгон жок. Анткени эл сүйлөгөн тилдер аябай татаал экен. Анткен менен Шри-Ланкадагы сүйүктүү бир туугандарыбыз биз үчүн чоң белек болду. Ошондой эле ал жакта асыл заттар — Жахабаны таанып-биле элек сансыз момун кишилер — көп болчу.

Биз чай плантациялары, тропик токойлору курчап турган көз жоосун алган Канди шаарына дайындалдык. Ал шаарда Будданын ибадатканалары көп. Биз кызмат кылган кезде шаарда көптөр мээримдүү Жараткан бар экени жөнүндө дээрлик билчү эмес. Жыйналышыбыз сингал жана тамил тилинде сүйлөгөн бир туугандардан турчу. Жолугушууларды бир учурда эки тилде өткөрчүбүз. Бизге сингал тилин үйрөнүш оңой болгон жок. Бирок жыйналыштагылар жана Ыйык Китепти изилдегендер, кээде алардын боорун эзсек да, аракет кылып жатканыбызга аябай сүйүнүшчү.

Шри-Ланкада баяндама айтканда аны бир учурда сингал жана тамил тилдерине которуп беришчү

Бирок тил үйрөнгөндөн да башка кыйынчылыктарга туш болдук. Өмүрүбүздө биринчи жолу Жахабанын Күбөсү болгонубуз үчүн катуу куугунтукталдык. Бир жолу жаалданган эркектер бизди курчап алды. Айрымдары адабияттарыбызды өрттөсө, башкалары шеригим экөөбүздү сабап киришти. Ошол учурда Жахабадан: «Жан дүйнө тынчтыгын бере көр, эгер өлүп калсак, бизди эстей көр»,— деп жалындуу тиленип жаттык. Бактыга жараша, алар тарап кетти. Шеригим экөөбүз коркконубуздан калчылдап, айылдан чыгып кеттик. Бизди коргогону үчүн Жахабага аябай ыраазы болдук.

Бара-бара Шри-Ланкага көнүп кеттик. Ал өз үйүбүздөй эле болуп калды. Жарандык согуштун айынан жергиликтүү эл бири бирине кас болуп калган эле. Жахабанын болсо жүрөгү таза адамдарды таап, аларды өзүнүн биримдүү элине кошконун көргөндө жүрөгүбүз тим эле толкучу. Шри-Ланкада өткөргөн ошол сонун күндөрдү дагы деле эстейбиз. Тилекке каршы, 2 жылдан кийин диний төбөлдөр бийлик башындагыларга кысым көрсөткөндүктөн, миссионерлердин көбү өлкөдөн чыгып кеткенге аргасыз болгон.

Ошондон улам биздин да каякка дайындаларыбыз, каякта кызмат кыларыбыз бир нече жума бою белгисиз болду. Акыры, Жетектөөчү Кеңеш бизди Папуа-Жаңы Гвинеяга дайындады. Ошентип, 2001-жылдын сентябрында Папуа-Жаңы Гвинеянын борбор шаары Порт-Морсбиге барып калдык.

Папуа-Жаңы Гвинея — күтүлбөгөн түрдүүлүккө толгон жер

Папуа-Жаңы Гвинея Австралиянын коңшу өлкөлөрүнүн ичинен эң жакыны болсо да, жергиликтүү элдин турмуш-тиричилиги менен маданияты таптакыр башкача экен. Ошондуктан кайра эле жаңы шарттарга көнүп, жаңы тилди, ток-писин тилин, үйрөнүш керек болду. Ток-писин тили өлкөдөгү 800дөн ашуун тилдин эң эле кеңири таралганы экен.

Попондетта шаарында 3 жыл кызмат кылгандан кийин кыдыруучулук кызматка дайындалдык. Жахаба бизге ушундай иш тапшырат деп үч уктасак да түшүбүзгө кирген эмес. Анын үстүнө, райондук көзөмөлчүлөр жетилген, мыкты окута билген, так көрсөтмөлөрдү берген бир туугандар болот эмеспи. Мен болсо анте албайм го деп ойлочум. Анткени мындай максатым жок болчу, мен башынан эле миссионер болгум келчү. Ошон үчүн бул жаңы тапшырманы акылыма такыр сыйдыра албай жүрдүм. Ушу күнгө чейин Жахабанын мага ушундай сыймыктуу ишти тапшырганына таң кала берем!

Папуа-Жаңы Гвинеядагы Вест-Сепик провинциясындагы обочо топко барган кезибиз

Папуа-Жаңы Гвинеядагы алыскы топторду кыдыргандан кийин филиалга жөнөтө турган отчётторду даярдап жаткан учурум

Шаарлардагы жыйналыштарды кыдырганда биз токтогон бир туугандардын үйлөрүндө электр жарыгы, суу, уктай турган бөлмөдө керебет бар болчу. Ал эми алыскы айылдарда көп учурда андай шарттар болчу эмес. Ал жактарда чакан алачыктарда уктачубуз, тамакты эшикке от жагып бышырчубуз, жуунганы агын сууларга, дарыяларга барчубуз. Эгер крокодилдердин жүргөнүн көрсөк, суу ташып келип, алачыктын ичинде жуунчубуз.

Папуа Жаңы Гвинеядагы кызматыбыз көп күчтү, чыдамкайлыкты талап кылчу. Бирок кызматка болгон күчүбүздү жумшай берсек, Жахаба сөзсүз батасын берет экен (Бийлер 6:14). Биз кыдыра турган жыйналыштардын жана топтордун көбүнө жетиш кыйын болчу. Анткени боордошторубуз тропикалык калың токойлордун, аскалуу тоолордун арасында жана саздактуу жээктерде жашашчу. Биз аларга төрт дөңгөлөгү тең тарткан машинелер менен же кайыктар, чакан самолеттор менен жетчүбүз. Көп жерлерге болсо жөө барчубуз b.

Лианн кызматтагы кыйынчылыктарга дайыма тике карайт

Машине менен жол жүргөн деле оңой эмес болчу. Мисалы, Индонезиянын чек арасына жакын жайгашкан бир жыйналышка барыш үчүн машине менен 350 километрден ашык жол жүрчүбүз. Жолу аябай начар болчу. Ал жолдо 200дөн ашуун жолу дарыялардын салааларынан, чоң дарыялардан өтчүбүз. Көбүндө көпүрө жок болчу. Ошол жылдар аралыгында машинебиз менен баткакка далай жолу тыгылып, араңдан зорго чыккан күндөрүбүз да болгон. Ошондой азап менен барчу жерибизге жеткенде, бир туугандарыбыз бизди ысык тамагын даярдап, жадырап-жайнап тосуп алышчу.

Папуа-Жаңы Гвинеяда бир жакка жетиш азап болчу!

Бийик тоолордогу айылдарга бир моторлуу чакан самолёттор менен жетчүбүз. Андайда самолётту башкарган киши коно турган жерди көрүш үчүн булуттардан жылчык издечү. Андан кийин коно турган жерде балдар же мал-жан жок экенине ынаныш үчүн дагы бир аз ылдыйлачу. Көбүнчө коно турган жер тоонун чокусунда 2 100 метрден ашуун бийиктикте жайгашчу. Анысы аз келгенсип, ал жер баткактуу, өңгүл-дөңгүл болчу. Ошон үчүн конордо жумшагыраак консок экен деп тиштенип алып отурчубуз. Тоонун башындагы кээ бир алыскы айылдарда самолёттон башка унаа барчу эмес. Самолёттун уча турган жолу болсо жардын кыры менен бүтүп калчу. Ал күүлөнүп барып, ошол жерге жеткенде учуп кетчү c.

Кээ бир жыйналыштарга жон баштыкка толтура адабияттарды, керектүү нерселерибизди салып алып, тоо аралап же саздактуу ылай жээктерди кечип жетчүбүз. Күн ысык, аба да нымдуу болгондуктан, кээде аябай кыйналып кетчүбүз. Бирок бизди коштоп бараткан бир туугандарыбыз менен каткырып-күлүп, ар нерсени сүйлөшүп баргандыктан кантип жеткенибизди билбей калчубуз.

Кабар айта турган жерлерибизге Керам дарыясы менен сүзүп жетчүбүз (Папуа-Жаңы Гвинея)

Биз да боордошторубузга элчи Пабылдыкындай сезимдерди туйчубуз. Ал Тесалоникалыктарга 1-кат 2:8де: «Силерге өзгөчө ынак болуп, абдан жакшы көрүп калгандыктан,.. жаныбызды да бергенге даяр болчубуз»,— деп айткан. Кудай кошкон бир туугандарыбыз да бизди аябай жакшы көрөрүнө көп жолу ынандык. Алар атүгүл бизди куралчан кылмышкерлерден коргош үчүн өмүрүн бергенге де даяр болчу. Бир жолу бир киши мачетесин (узун чоң бычак) алып алып, Лианнды коркутуптур. Мен болсо айылдын башка жагында кабар айтып жүргөм. Ошондо бир боордошубуз Лианн менен тиги кишинин ортосуна туура калыптыр. Ырас, башкалар ал кишини кармап калышыптыр. Бир тууганыбыз болсо качып кетиптир, көп деле жаракат албаптыр. Ошол өлкөдө зордук- зомбулук күч алса да, Жахаба бизди күн сайын коргоп жатты. Ошонун аркасында Жахабанын ишин аткарып, бир туугандарыбыздын ишенимин бекемдей алдык.

Папуа-Жаңы Гвинеяда ооруканалар аз болгондуктан, дарыланыш оңойго турчу эмес. 2010-жылы Лианн бир инфекция жуктуруп алып, катуу ооруп калды. Бизге дарыланыш үчүн Австралияга шашылыш түрдө учканга туура келди. Лианндын өмүрүнө коркунуч туулса да, Жахаба күч бергендиктен, дүрбөлөңгө түшкөн жокпуз. Акыры, доктурлар кайсы антибиотик жардам берерин аныктап, дарылай башташты. Ошондо бир доктур бизге: «Силерди Кудайыңар сактап калды. Анын ишин аткарып жүргөнүңөр үчүн, ал силерге жардам берди»,— деген. Лианн бир топ убакытка чейин дарыланды. Анан жакшы болуп калганда, Папуа-Жаңы Гвинеяга кайтып бардык.

Австралияга кайтып барып, жигердүү кызмат кылышыбыз

Лианн андан ары дарыланышы үчүн, кийинки жылы Австралияга кайра-кайра барып жаттык. 2012-жылы филиал бизге ден соолугубузга кам көрүш үчүн Австралияда эле калганыбыз туура болорун айтты. Ушунча жыл бою башка өлкөлөрдө жашап жүрүп, Австралияга кайтып келгенде жашап кетиш оңой болгон жок. Бизге баарынан да, ден соолугубузга кам көргөндөн дагы, оң маанай сакташ кыйынга турду. Көңүлүбүз чөктү. Папуа-Жаңы Гвинеядагы кызматыбызды, жаныбыздай жакшы көрүп калган бир туугандарыбызды сагынып жаттык. Өзүбүздү колубуздан эч нерсе келбей калгандай, Жахабага керегибиз жоктой сездик. Австралияны өз үйүбүздөй көрө албай да кыйналып жүрдүк. Ошол жылдары бир туугандарыбыз бизди колдоп, жөлөп-таяшты. Биз ошого муктаж болчубуз.

Лианн айыгып, жакшы болуп калгандан кийин, Жаңы Түштүк Уэльс штатындагы Вуллонгонг шаарына атайын пионер болуп дайындалдык. Ал Сиднейдин түштүгүндө жайгашкан. Бир жылдай кызмат кылганыбызда Жубайлар үчүн ыйык китептик мектепке (азыр Падышалыктын жарчыларынын мектеби деп аталат) чакырылдык. Мектепти бүткөндөн кийин Австралазиядагы филиал бизди кыдыруучулук кызматка дайындады. Бир канча жыл бою эли жык-жыйма болгон чоң шаарлардагы, чөлдүү аймактарда бири-биринен алыс жайгашкан обочо шаарлардагы жана балык чарбасы менен алектенген айылдардагы жыйналыштарды кыдырып жүрдүк. Учурда Австралиянын түндүк-батышындагы кагыраган аймактардагы жана бүтүндөй Тимор-Лестедеги жыйналыштарды кыдырабыз.

Тимор-Лестеде кабар айтып жүргөн учурубуз

Жахабаны чын жүрөктөн жакшы көргөн, мени колдогон аялымды Жахабадан алган эң баалуу белегим деп эсептейм. Канчалык кыйын болбосун, шарттар канчалык катаал болбосун, Лианн бир да кызматтан эч качан баш тарткан эмес. Башкалар андан ошол кыйынчылыктарды кантип көтөргөнүн сураганда, ал: «Мен баарын Жахабага айтчумун»,— деп жооп берет. Ал Ыйык Китепти да казып изилдейт. Ошонун аркасында ойлорун, сезимдерин жана иш-аракеттерин Жахаба өзү багытташына жол берет.

Өмүрүмдү спортко арнабай, Жахаба көрсөткөн жол менен кеткениме эч качан өкүнбөйм. Жахаба кандай иш тапшырбасын, аны аткарганга даяр болсок, ал бизди окутуп-үйрөтүп, жарактуу кылып коё аларына далай жолу ынандым. Кандайдыр бир кыйынчылыкка дуушар болгондо же чечим чыгарыш керек болгондо дароо Жахабадан акылмандык, ыйык рух сурап тиленгенди үйрөндүм. Ошону күн сайын кылып келем. Мээримдүү Жахаба Атабыз жашообузду байытып, маңызга толтурду. Анын бизге окшогон «чопо идиштерди» мындан ары да кантип колдонорун көргөнгө куштарбыз (Корунттуктарга 2-кат 4:7).

a Макс Ллойддин өмүр баяны бул журналга чыккан: «Күзөт мунарасы» 2012-жыл, 15-июль, 17—21-беттер.

b Кыдыруучулук ишибизде жыйналыштарды кайык менен кантип кыдырганыбыз жөнүндө 2011-жылы чыккан «Жахабанын Күбөлөрүнүн жылдык китебинин» (ор.) 129—134-беттеринде айтылат.

c «Булуттардагы корал рифтери» деген макаланы карагыла («Күзөт мунарасы», 2010, 1-март, 16, 17-беттер, ор.)