кыргыз
Камал Вөрди: «Адилетсиздикти жаман көрчүмүн»
https://cms-imgp.jw-cdn.org/img/p/502400119/univ/art/502400119_univ_sqr_xl.jpg
lfs 19-макала

КАМАЛ ВӨРТИ | ӨМҮР БАЯН

«Адилетсиздикти жаман көрчүмүн»

«Адилетсиздикти жаман көрчүмүн»

 1973-жылдын августунда эки сиңдим болуп Англиянын Туикенем шаарында өткөн «Кудайдын жеңиши» деген эл аралык жыйынга барганбыз. Ал жактан 1926-жылдан бери Индияда миссионер болуп кызмат кылып келаткан Эдвин Скиннер деген байкеге жолуктук. Биздин панжаби тилинде сүйлөөрүбүздү билгенде ал: «Бул жакта эмне кылып жүрөсүңөр? Индияга келбейсиңерби»,— деди. Ал айткандай эле, Индияга көчүп бардык. Ошентип, панжаби тилинде сүйлөгөндөргө кабар айта баштадым. Бирок адегенде Эдвин байкеге жолукканга чейин кандай окуялар болгонун айтып берейин.

 Мен 1951-жылдын апрель айында Кениянын Найроби шаарында төрөлгөм. Ата-энем түбү индиялык болчу, алар сикх динин тутушчу. Атам жесир калган жеңесин экинчи аял кылып апамдын үстүнө алган. Апам айла жок буга моюн сунган. Атамдын экинчи аялы менен апам балдарын дээрлик бир учурда төрөшкөн. Атамдын аялынын ээрчитип келген баласы, атаман төрөлгөн балдары, өзүмдүн бир туугандарым болуп, бир үйдө 7 бала чогу чоңойдук. 1964-жылы мен жаңы эле 13кө толгондо, атам каза болуп калды.

Адилеттүүлүктү издешим

 Бири-бири менен атаандашкан, бирин басынткан, экинчисин көтөрмөлөгөн адамдардын арасында чоңоюп, адилетсиздикке көп жолу күбө болдум. Кийин билгенимдей, биздин үй-бүлөдөгү жагдай Ыйык Китептеги Лия менен Рахилдин жагдайына окшош болчу экен. Үйдөгүлөр үйүбүздө иштеген кениялык кишилерге жаман мамиле кылышчу, анткени алар бизден төмөн турат деп эсептелчү. Атам бизге европалык кошуналарыбыз менен жакшы мамиледе болгула, алардан көп нерселерге үйрөнөсүңөр дечү. Ал эми африкалыктар менен сүйлөшпөгүлө, алар силерди жакшы нерсеге деле үйрөтпөйт деп айтчу. Пакистандыктарга болсо такыр жолобогула, алар биздин душмандарыбыз деп үйрөтчү. Бирок мен атамдын айткандарына такыр кошулчу эмесмин, анткени адилетсиздикти жаман көрчүмүн.

 Сикхизм динин 15-кылымдын аяк ченинде Нанак деген гуру негиздеген. Мага Нанактын окуулары, анын ичинде бир эле чыныгы Кудай бар деген ой жакчу. Бирок сикх динин туткандардын бири бирине адилетсиз мамиле кылганын көрүп, ушул дин чын эле туурабы деп ойлоно баштагам.

 Мени мындан башка нерселер да ойлондурчу. Сикхизм дини бир нече эле кылым мурун пайда болгондуктан: «Ал дин пайда болгонго чейин эл кайсы динди тутчу эле? Кудай башында адамдардын ага кантип сыйынышын каалады болду экен?» — деп ойлоно берчүмүн. Үйүбүздө 10 гурунун сүрөтү тартылган календарь илинип турчу. Ал гуруларды сикх динин туткандар аябай аздектечү. Мен: «Алардын кебетелери чын эле ушундай болгонбу? Негизи гурулар бир гана жалгыз Кудайга сыйынгыла деп үйрөтүшсө, анда эмнеге биз гурулардын сүрөтүнө таазим кылышыбыз керек?» — деп ойлончумун.

 1965-жылы үй-бүлөбүз Индияга көчүп кетти. Ал кезде мен 14 жашта болчумун. Акчабыз тартыш болгондуктан аябай кыйналдык. Бир жылга жетпей Англиянын Лестер шаарына көчүп бардык. Башында баарыбыз кете албагандыктан, үй-бүлөбүздөн эки киши эле бардык. Калгандары кийинчерээк барышты.

 16 жашымда ар кандай жумуштарда иштей баштадым. Кечки мектепте да окуй баштадым. Анткени ортодон окуганга мүмкүнчүлүгүм болбой калган болчу. Жумуштан адилетсиздикке көп туш болдум. Мисалы, чет элден келгендерге караганда англиялыктарга көбүрөөк төлөп беришчү. Ушундай адилетсиз мамилеге бушайман болгондуктан иммигрант кыз-келиндердин тобун түздүм. Бизге да англиялыктарга төлөгөндөй акы төлөп бермейинче иштебей койчубуз. Мен ушинтип адилеттүүлүктү орноткум келчү.

Суроолорума жооп табышым

 Жахабанын Күбөлөрүнө биринчи жолу 1968-жылы жолуккам. Алар эшигимди тыкылдатып, жакшы кабар айтып келишиптир. Кудайдын Падышалыгы теңсиздикти жоёрун айтып беришкенде, бул мага дароо эле жакты. Кийинкиде алардын бири жубайы менен келди. Өзүмдүн бир тууган сиңдим Жасвиндер жана атамдын экинчи аялынын кызы Чани үчөөбүз Ыйык Китепти изилдей баштадык. Алты бөлүм изилдегенден кийин эле Жахабанын чыныгы Кудай экенине, Ыйык Китеп анын Сөзү экенине, ошондой эле Кудайдын Падышалыгы гана чыныгы адилеттүүлүктү орното аларына көзүбүз жетти.

 Бирок үйдөгүлөр биздин изилдеп жатканыбызга аябай каршы болушту. Атам өлгөндөн кийин, анын экинчи аялынын атаман төрөлгөн баласы баарыбызга баш-көз болуп калган. Апасы тукургандыктан, ал бизге катуу каршылык көрсөтө баштады. Ал сиңдилерим Жасвиндер менен Чанини учунда темири бар бут кийими менен тепкилеп, сабачу. Мен 18ге чыккандыктан, анын мыйзам боюнча мага тийгенге укугу жок болчу. Эки сиңдиме болсо өзү билгендей мамиле кылчу. Бир жолу ал Ыйык Китепти алып, ачып туруп, аны отко такады. Анан күйүп жаткан Ыйык Китепти сиңдилеримдин бетине такап: «Кана, Жахабаңар кыйын болсо, мобу күйүп жаткан барактарды өчүрсүнчү»,— деген. Ага чейин жыйналышка бир нече жолу жашыруун барып көргөнбүз. Ошондо эле Жахаба Кудайга гана сыйынабыз деп чечип алганбыз. Бирок биздин жагдайыбызда бул мүмкүн эместей сезилген. Ошон үчүн тынчыраак жашайлы деп, акырын үйдөн качып кетмекчи болдук.

 Биз эч кимге айтпай тамак-ашка, жол киреге деген акчаны чогулта баштадык. Атамдын экинчи аялына айлыгымды берип турчумун. Андан да бир аз алып калып жаттым. Үч чемодан сатып алып, аны үйдөн алысыраак жердеги кампага алып барып койдук. Акырындан кийимдерибизди ошол жакка сала бердик. 1972-жылдын май айында Жасвиндер 18ге чыгайын деп калганда, поездге отуруп, Англиянын түштүк-батыш тарабындагы Пензанс шаарына жөнөп кеттик. Колубузда чогултуп койгон 260 долларыбыз бар болчу. Пензанска жеткенде телефон будкасынан ошол жактагы Жахабанын Күбөлөрүнө чалдык. Алар бизди кучак жайып тосуп алышты. Пензанста ар кандай жумуштарда иштедик, балык тазалап да иштеп калдык. Акчабыз батирге төлөгөнгө, жан бакканга жетип жатты.

 Харри жана Бетти Бригс деген улгайып калган жубайлар менен Ыйык Китепти изилдегенибизди уланттык. 1972-жылдын сентябрь айында Труродогу Падышалык залынын сахнасынын астындагы бассейнде чөмүлдүк. Ал кезде дагы деле үйдөгүлөрдөн жашынып жүрчүбүз. Чани пионердик кызматты баштады, ал эми Жасвиндер экөөбүз ага акча жагынан жардам берчүбүз.

Жарчылар керек болгон жерде кызмат кылышыбыз

 Харри менен Бетти 90го таяп калышса да, Англиянын түштүк-батыш жээгиндеги Айлс оф Силли деген жерге кабар айтыш үчүн дайыма барып турушчу. Алардын үлгүсү бизге да, ушундай кылганга түрткү берди. Ошондуктан, сөзүмдүн башында айткандай, 1973-жылы Эдвин байке менен сүйлөшкөндөн кийин Индияга көчүп кетели деп чечтик.

 Ошентип, 1974-жылдын январь айында Индиянын Нью-Дели шаарына билет алдык. Ал жактан Дик Каторелл деген бир тууганыбыз миссионерлер жашаган үйдө убактылуу жашап турууга уруксат берди. Чани үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылганын уланта берди. Ал эми Жасвиндер экөөбүз кабар айтканга мурдагыга караганда көбүрөөк убакыт жумшай баштадык.

 Убакыттын өтүшү менен бизди Индиянын түндүк-батышында жайгашкан Пенжаб штатына жиберишти. Ал жактан дагы Чандигарх шаарындагы миссионерлер үйүндө убактылуу жашадык. Бара-бара өзүнчө батирге чыктык. 1974-жылдын сентябрында үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кыла баштадым. 1975-жылы болсо атайын пионер болуп дайындалдым. Кабар айтып жүрүп панжаби тилиндеги адабияттар аябай керек экенин түшүндүм. Анткени адамдар Жахабанын аларды канчалык жакшы көрөрүн, анын адилеттүү Кудай экенин өзүнүн тилинде окуп биле алмак. 1976-жылы Индиядагы филиал үчөөбүздү адабияттарды панжаби тилине которгонго жардам бергенге чакырды. Котормо иши оңой болгон жок. Анткени тере турган машинкелер да, компьютерлер да жок болчу. Котормону кагазга жазып, үнүбүздү чыгарып окуп, колго текшерчүбүз. Кийинчерээк илгерки басма машинелери бар бир басмакана менен иштеше баштадык. Ал басмаканадагылар ар бир тамганы колго терип чыгышчу.

Чандигархдагы жыналыштагылар менен (Пенжаб, Индия)

Ден соолугум начарласа да, кубанычым бөксөргөн жок

 Көп өтпөй үчөөбүздүн тең жашообузда чоң өзгөрүүлөр болду. Жасвиндер бир бир тууганга турмушка чыгып, күйөөсү экөө Канадага көчүп кетишти. Чани АКШдан келген немис бир тууганга турмушка чыгып, АКШга көчүп кетти. Мен болсо катуу ооруп калып, 1976-жылы октябрда Англияга кайтып барганга аргасыз болдум. Ал жактан Лестер шаарында апам, бир тууган иним менен чогуу жашап калдым. Алар менин Жахабага кызмат кылганыма каршы эмес болчу. Доктурга көрүнсөм, Эванс синдрому деген диагноз коюшту. Бул кан клеткаларын жабыркаткан, чанда кездешкен аутоиммундук оору экен. Ар кандай жолдор менен дарыландым, көк боорумду алдырганга туура келди. Айла жок, пионердик кызматымды токтотушум керек болду.

 Жакшыраак болуп калсам, толук убакыт кызматымды улантайынчы деп Жахабадан көп тиленчүмүн. Анан ошондой болду. Кез-кезде катуу ооруп калчумун. Ошого карабай 1978-жылы Вулверхэмптонго көчүп барып, пионердик кызматымды уланттым. Биз кабар айткан аймакта панжаби тилинде сүйлөгөн адамдар көп болчу. Жыйналышка чакыруу баракчаларын колго жазып алып, аларды атайын бир кеңселерге барып көбөйтүп алчубуз. Анан панжаби тилинде сүйлөгөн адамдарга таратып, жыйналыштан айтыла турган баяндаманы угуп кеткенге чакырчубуз. Азыр Британияда панжаби тилинде сүйлөгөн 5 жыйналыш, 3 топ бар.

 Британиядагы филиалдагы бир туугандар менин мурун Индияда жүргөндө адабияттарды панжаби тилине которуп жүргөнүмдү билип, менин менен 1980-жылдардын аягында байланышты. Ошентип, Лондондогу Бейтелге барып келип кызмат кыла баштадым. Адабияттарыбыз гурмукхи арибинде басылып чыгышы үчүн, тамгалардын жазылышын, програмдык жабдыктарды иштеп чыкканга жардам бердим. Күн тартибим аябай тыгыз болчу. Иштечүмүн, алыс жакта жашаган апама каралашчумун, Бейтелге да барып кызмат кылчумун. Анткен менен Бейтелге жардам берип жатканыма кубанчумун.

1980-жылдардын аягында Лондондогу Бейтелде кызматымды аткарганга үйрөнүп жүргөн кезим

 1991-жылы сентябрда мени адабияттарды панжаби тилине которгонго жардам бериш үчүн Бейтелге чакырышты. Мен муну күткөн эмесмин. Ал жакта кызмат кыла албайм го деп ойлогом, анткени ден соолугум начар болчу. Анын үстүнө, Бейтелге чакырыла турган курактан да өтүп калгам. Ошентсе да Жахаба мага ушундай чоң сыймык ыйгарды. Бейтелде кубанып кызмат кылып жаткан кезде оору менен алпуруша бердим. Ар кандай жолдор менен дарыланганымда, химиотерапия алганымда бир нече жолу кан куюу маселеси көтөрүлдү. Мени дарылаган доктурлар кан куйдурбай эле жакшы болуп кеткениме таң калып, Лондондогу чоң ооруканада өткөрүлгөн семинарга чакырышты. Ал жакка 40тай мен-мен деген мыкты доктурлар келген. Алардын алдына чыгып, эмне үчүн кан куйдурбай турганымды түшүндүрүп 10 мүнөт сөз сүйлөгөм. Андан кийин суроо-жооп иретинде талкуу болду. Доктурлардын суроолоруна Ооруканаларга маалымат берүү үстөлүндө кызмат кылган бир тууган жооп берип жатты.

 Ушундай оор учурларда Жасвиндер менен Чани мени жөлөп-таяп турушту. Ошондой эле Бейтел үй-бүлөсүнө, досторума мени колдоп, жардам бергенине терең ыраазымын. Башыма кандай кыйынчылык түшпөсүн, Жахаба кызматымды уланта бергенге дайыма күч берип келет (Забур 73:26).

Жахабанын батасы байытат

 Бейтелде кызмат кылган 33 жылдын ичинде «Жахабанын канчалык жакшы экенин» татып көрдүм (Забур 34:8; Накыл сөздөр 10:22). Жахабага ишенимдүү кызмат кылып келаткан улгайган боордошторумдун үлгүсү мага дем-күч берип келет. Панжаби тилинде сүйлөгөн көптөгөн адамдарга Жахабанын берилген кызматчысы болгонго жардам бере алганыма аябай сүйүнөм. Апам жана бир туугандарым менен жакшы мамиледемин. Апам менен иним Жахабанын Күбөсү эмес. Бирок апам: «Сен Кудайга берилип кызмат кыласың»,— деп көп айтат. Улгайган апамды караш үчүн Бейтелдеги кызматымды токтотоюн деп айтсам, иним: «Сиз жакшы иш менен алек болуп жатасыз. Ошол ишиңизди улантып, ошол жакта эле жүрө бериңиз»,— деген. Апам азыр Бейтелден алыс жайгашкан карылар үйүндө жашайт. Мен ага колуман келишинче бат-баттан барып турам.

 Кандайдыр бир кыйынчылыкка туш болгондо ичимен өзүмө: «Коркпо, Камал! Жахаба сенин калканың. Ал сага аябай чоң сыйлык берет!» — дейм (Башталыш 15:1). Мен Жахабага — адилеттүү Кудайга — мени бала кезимен эле байкап, жашоомду маңызга толтурган иш тапшырганына абдан ыраазымын (Ышая 30:18). Жер тургундардын бири да: «Ооруп жатам»,— дебей турган заманды чыдамсыздык менен күтүп жатам (Ышая 33:24).

Челмсфорддогу Бейтелде