ИСА ПАЙГАМБАРДАН ҮЛГҮ АЛАЛЫ

Кудайды таанып-билгенге убакыт табышыбыз керек

Кудайды таанып-билгенге убакыт табышыбыз керек

 Кудай жөнүндө көбүрөөк билгенге, аны менен ынак дос болгонго убакыт бөлсөк, жашообуз маңызга толот. Ошондо көкүрөгүбүздөгү боштук толот. Буга байланыштуу Иса пайгамбардын эмне дегенин карайлы.

Иса пайгамбар эмне деген?

 «Кудайды таанып-билгиси келгендер бактылуу» (Матай 5:3)

  •   Баарыбыз тең: «Жашоонун маңызы эмнеде? Эмне үчүн азап-кайгы көп болуп жатат? Адам өлгөндөн кийин эмне болот?» — деген суроолорго жооп алгыбыз келет. Ушинткенибиз туура. Ошондо чындап бактылуу боло алабыз.

 «Адамдын өмүрү нандан гана эмес, Жахабанын a оозунан чыккан ар бир сөздөн көз каранды» (Матай 4:4)

  •   Кадимки тамак жашообуз үчүн зарыл болгондой эле, көкүрөгүбүздөгү боштукту толтуруш үчүн Кудай жөнүндө көбүрөөк билишибиз керек. Иса пайгамбар бул үчүн Кудайга таянышыбыз керектигин айткан.

 «Ошол чындык — сенин сөзүң» (Жакан 17:17)

  •   Иса пайгамбар көкүрөгүбүздөгү боштукту толтура турган эң негизги нерсе Кудай өзү жаздырган Ыйык Китеп экенин айткан.

 Чыныгы бакыт деген эмне экенин татып көргүңөр келсе, Кудайды таанып-билгенге убакыт бөлгүлө. Ал жөнүндө көбүрөөк билгенге төмөнкү нерселер жардам берет:

a Жахаба — бул Кудайдын ысымы (Забур 83:18). «Жахаба деген ким деген?» деген макаланы карагыла.