Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Дүйнөнү чынында ким башкарып жатат?

Эгер дүйнөнү Кудай башкарса, дүйнө азап-кайгыга толот беле?

Көптөр дүйнөнү Кудай башкарат деп ойлошот. Эгер ошондой болсо, дүйнө азап-кайгыга толот беле? (Мыйзам 32:4, 5). Ыйык Китепте дүйнөнү каардуу бирөө башкарып жатканы айтылат. (Окугула: 1 Жакан 5:19.)

Ал кандайча адамдардын үстүнөн бийлик жүргүзүп калган? Адамзат тарыхынын башталышында Шайтан Кудайга каршы чыгып, Адам ата менен Обо энени да Кудайга каршы чыгууга тукурган (Башталыш 3:1—6). Адам ата менен Обо эне Шайтанга баш ийүүнү туура көрүшкөн. Ушундайча, Шайтан адамзатты башкарып калган. Чынында, бийлик жүргүзүүгө бир гана Кудуреттүү Кудай укуктуу, бирок ал адамдардын ага аны сүйгөндүктөн баш ийишин каалайт (Мыйзам 6:6; 30:16, 19). Өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күндө көптөр, Адам ата менен Обо энеге окшоп, туура эмес жолго түшүүдө. (Окугула: Аян 12:9.)

Адамзаттын көйгөйлөрүн ким чечет?

Кудай Шайтандын дүйнөнү мындан ары да башкара беришине жол береби? Жок! Андан сырткары, ал Иса Машаякты колдонуп Шайтан кылган жамандыктын баарын жок кылып, бардыгын кайрадан калыбына келтирет. (Окугула: 1 Жакан 3:8.)

Иса Машаяк Кудай берген бийликти колдонуп Шайтандын өзүн да жок кылат (Римдиктер 16:20). Ошондо Кудай адамзаттын үстүнөн өзү бийлик жүргүзөт жана адамдар, Кудай башында ниет кылгандай, тынчтыкка бөлөнүп, бактылуу жашашат (Окугула: Аян 21:3—5.)