Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эч ким бөлүнбөй турган заман келеби?

Эч ким бөлүнбөй турган заман келеби?

«МЕН бир нерсени самап келем». Бул сөздөрдү укук коргоочу Мартин Лютер Кинг (кичүүсү) мындан 50 жыл мурун, 1963-жылы 28-августта, эл алдында сөз сүйлөгөндө айткан. Ал ушул сөздөрү менен эч ким расага бөлүнбөй, баары бактылуу болуп жашай турган замандын келерин эңсээрин билдирген. Ошондо ал АКШдагы элге кайрылса да, ар кайсы улуттагы адамдар көксөп келген нерсени айткан.

Мартин Лютер Кингдин адам укуктары жөнүндө сөз сүйлөп жатканы

Лютер Кинг сөз сүйлөп чыккандан үч ай өткөн соң, 1963-жылдын 20-ноябрында, 100дөн ашык өлкө Бириккен Улуттар Уюмунун расалык басмырлоонун бардык түрүн жок кылууга байланыштуу декларациясын кабыл алган. Кийинки он жылдыктарда да дүйнө жүзүндө ушу сыяктуу иш-чаралар көрүлгөн. Ушундан улам: «Андай иш-аракеттердин натыйжасы кандай болду?» — деген суроо туулат.

2012-жылдын 21-мартында БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун мындай деген: «Расизмди, басмырлоону, ксенофобияны (башка улуттагы адамды жек көрүү) жок кылыш үчүн түзүлгөн көптөгөн маанилүү келишимдер жана... дүйнөлүк масштабдагы программалар бар. Бирок ошого карабай дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар расизмден жапа чегип келишет».

Айрым өлкөлөр расалык бөлүнүүчүлүктүн, жек көрүүчүлүктүн ар кандай түрлөрү менен күрөш жүргүзүүдө ийгиликке жетип жатышат. Ошондой болсо да: «Көрүлгөн чаралар адамдарга кан-жанына сиңип калган терс сезимден арылууга жардам бердиби же аны тек гана сыртка чыгарбай, ооздуктап турганга эле жардам бердиби?» — деген суроо туулат. Айрымдар андай чаралар басмырлоону токтотконго өбөлгө түзгөнү менен, башкаларга карата бейкалыс пикирде болууну түп-тамыры менен жоё албайт дешет. Эмне үчүн? Анткени басмырлоо иштер менен коштолот жана андай кылгандар мыйзам ченинде жазаланат. Ал эми бейкалыс пикир адамдын жүрөгүндө болгондуктан, аны аныктоо, ооздуктоо оңой эмес.

Ошондуктан адам өзүнөн айырмаланган адамды жек көрбөшү үчүн ага башкаларды басмырлаганын токтотконго эле эмес, ой жүгүртүүсүн өзгөрткөнгө жардам бериш керек. Бул мүмкүнбү? Эгер мүмкүн болсо, ага эмне жардам берет? Келгиле анда, мурда ошондой көз карашта болгон адамдар жөнүндө окуп көрөлү. Алардын айтып бергендеринен адамдын өзгөрө аларын эле эмес, өзгөргөнгө эмне жардам берерин да биле алабыз.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ КЕҢЕШТЕР ЖАРДАМ БЕРЕТ

«Азыр бардык адамдарга бирдей мамиле кылам» (Линда).

Линда: Мен Түштүк Африкада төрөлгөм. Түштүк Африкадагы кара адамдардын баарын түркөй, ишеничтүү эмес, ак адамдарга кызмат кыла тургандар деп эсептечүмүн. Аларга карата бейкалыс пикирде экенимди билген да эмесмин. Бирок Ыйык Китепти изилдей баштаганымда көз карашым өзгөрдү. Изилдөөнүн аркасында Кудайдын адамдарды бөлбөй турганын жана адамдын улутуна, расасына эмес, жүрөгүнө карай турганын түшүндүм (Элчилер 10:34, 35; Накыл сөздөр 17:3). Ыйык Китептеги Филипиликтер китебинин 2-бөлүмүнүн 3-аятында жазылган сөздөрдөн башкаларды өзүмөн жогору койсом, бардык адамдарды бирдей көрөрүмдү баамдадым. Ыйык Китепте жазылган ушул сыяктуу кеңештер башкаларга расасына карабай жакшы мамиле кылганга көмөк кылды. Азыр бардык адамдарды бирдей көрөм.

«Кудайдын адамдарга кандай карай турганын билдим» (Майкл).

Майкл: Мен өңү-түсү ак австралиялыктар көп жашаган жерде чоңоюп-өскөм. Азиялыктарды, айрыкча, кытайларды жек көрчүмүн. Машине  айдап баратканда азиялык кишини көрүп калсам, терезени түшүрө коюп: «Эй, азият, жогол өз жериңе!» — деген сыяктуу сөздөрдү айтып кыйкырчумун. Кийинчерээк Ыйык Китепти изилдей баштаганда Кудайдын адамдарга кандай карай турганын билдим. Кайсы жерлик болбосун, өңү-түсү кандай болбосун, Кудай адамдардын баарын сүйөрүн түшүндүм. Муну билгенде жүрөгүм козголуп, бардык адамдарды жакшы көрө баштадым. Өзгөргөнүмдү керемет деп айта алам. Учурда ар улуттан, тек-жайы ар кандай болгон досторум бар. Ушундай адамдар менен достошконумдун аркасында көз карашым өзгөрдү жана жашоом кубанычтуу өтө баштады.

«Ой жүгүртүүмдү... өзгөрттүм (Сандра).

Сандра: Апам Нигериядагы Дельта штатынын Умунеде деген шаарынан болчу. Атам болсо Эдо штатынан эле жана эсен тилинде сүйлөчү. Апам башка жерлик болгону үчүн, атамдын туугандары аны жаман көрүшчү. Апамдын көзү өткөнгө чейин, алар аны басынтып жүрүштү. Ошондуктан эч качан эсен тилинде сүйлөгөн же Эдо штатынан болгон кишиге турмушка чыкпайм деп өзүмө сөз бергем. Бирок Ыйык Китепти изилдей баштаганда оюм өзгөрдү. Андан Кудайдын адамдардын баарына бирдей караарын жана Андан корккон киши, кайсы элден болбосун, Ага жагарын билдим. Ошондо: «Кимдир бирөөнү башка уруудан болгондуктан же башка тилде сүйлөгөндүктөн эле жек көргүдөй мен киммин?» — деп ойлондум. Акырындык менен ой жүгүртүүмдү, атамдын туугандарына кылган мамилемди да өзгөрттүм. Ыйык Китептеги кеңештерди колдонгондуктан жан дүйнө бейкуттугуна ээ болуп, жашоом маңыздуу өтө баштады. Ошондой эле тек-жайы, расасы, улуту башка болгонуна карабай бардык адамдарга жакшы мамиле кылып калдым. Кийин Эдо штатынан болгон, эсен тилинде сүйлөгөн кишиге турмушка чыктым!

Эмне үчүн Ыйык Китептеги кеңештер көптөгөн адамдарга кан-жанына сиңип калган терс ойлордон арылганга жардам берип жатат? Анткени Ыйык Китеп — Кудайдын Сөзү. Ыйык Китеп адамдын ой жүгүртүүсүн, башкаларга болгон көз карашын өзгөртө алат. Андан сырткары,  анда адамдар расасына, улутуна карап бөлүнбөшү үчүн, эки нерсе жок кылынышы керектиги айтылат.

КУДАЙ БАШКАРГАНДА, ЭЧ КИМ БӨЛҮНБӨЙ ЖАШАЙТ

Ыйык Китептеги кеңештер адамдарга башкаларды жек көрбөгөнгө жана андай сезимден арылганга жардам берет. Бирок адамдар бөлүнбөй жашашы үчүн, эки нерсе жок кылынышы керек. Биринчиси — күнөө менен жеткилеңсиздик. Ыйык Китепте: «Күнөө кылбаган киши жок»,— деп айтылат (1 Падышалар 8:46). Ошондуктан канчалык аракет кылбайлы, ичибизде элчи Пабыл айткандай күрөш жүрүп турат. Ал мындай деген: «Туура нерсени кылгым келгенде, жанымда жаман нерсе турат» (Римдиктер 7:21). Ошон үчүн айрым учурларда анткор жүрөгүбүзгө башкаларды жек көргөнгө түрткөн «жаман ойлор» келиши мүмкүн (Марк 7:21).

Жок кылынышы керек болгон экинчи нерсе — Шайтандын таасири. Ыйык Китепте анын «киши өлтүргүч» экени жана «бүт жер жүзүн адаштырып жүргөнү» айтылат (Жакан 8:44; Аян 12:9). Мына ушул себептен өзүнөн айырмалангандарды жек көргөндөр көбөйүп баратат жана адам баласы фанатизмди, басмырлоону, геноцидди жок кыла албай жатат. Ошондой эле адамдардын расага, динге, коомдогу абалына карап бөлүнүшүнө бөгөт коё албай келет.

Андыктан бул көйгөй биротоло чечилиши үчүн, күнөө менен жеткилеңсиздик жана Шайтандын таасири жок кылынышы керек. Ыйык Китепте Кудайдын өкмөтү ушул нерселерди ишке ашырары айтылат.

Иса пайгамбар шакирттерине Кудайдан мындай деп тиленүүнү үйрөткөн: «Падышалыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да сенин эркиң аткарылсын» (Матай 6:10). Кудайдын Падышалыгы жер үстүнөн бийлик жүргүзгөндө, адилетсиздик кылгандар, башкаларды улутуна, расасына же дагы башка нерселерине карап басмырлагандар болбойт.

Ал учурда Шайтан «байланат», башкача айтканда, эч кимге таасир эте албагандай абалда болот жана «элдерди адаштыра» албайт (Аян 20:2, 3). Ошондо «жаңы жер» — жаңы коом — «адилдик өкүм сүргөн» жерде жашайт * (2 Петир 3:13).

Ал адил адамдар күнөөдөн арылып, жеткилең болушат (Римдиктер 8:21). Кудайдын Падышалыгы башкарган убакта алар эч кимге «эч кандай зыян келтиришпейт, залака тийгизишпейт». Эмне үчүн? Анткени «жер Жахаба жөнүндөгү билимге толот» (Ышая 11:9). Ошондо адам баласы Жахаба Кудайдын мыйзамдарын үйрөнүп, анын кереметтүү сапаттарын чагылдырып жашайт. Ал убакта башкаларды жек көргөн, басмырлаган адамдар такыр болбойт, анткени Кудай бардык адамдарды бирдей көрөт (Римдиктер 2:11).

^ абз. 17 Кудайдын Падышалыгы жана анын эмнелерди ишке ашырары жөнүндө көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 3, 8, 9-бөлүмдөрүн карагыла.