Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Жалбырагы соолубаган» дарак

«Жалбырагы соолубаган» дарак

 «Жалбырагы соолубаган» дарак

ЖАЛБЫРАКТАРЫ жыш, жапжашыл болуп, көк тиреген дарактарды көрдүңөр беле? Андай дарактар өскөн жердин кооздугуна суктанбай койбойсуң. Андай жерди көргөндө сугарылбаган жер окшойт деп ойлойт белеңер? Албетте, жок. Жапжашыл болуп, дүркүрөп өсүп жаткан дарактарды көргөндө жакшы сугарылган жер экен демексиңер.

Кудайга бекем ишенген, аны менен ынак мамиледе болгон киши Ыйык Китепте жалбырагы жыш, чоң даракка салыштырылат. Келгиле, Забур китебинин 1-бөлүмүнүн 1—3-аяттарында жазылгандарды карап көрөлү.

«Ыймансыздардын кеңеши боюнча жүрбөгөн, күнөөкөрлөрдүн жолуна түшпөгөн, шылдыңчылдар менен отурбаган киши бактылуу. Ал Жахабанын мыйзамынан ырахат алат, анын мыйзамын күнү-түнү ой жүгүртүп окуйт. Ал суу агымдарынын жээгине отургузулуп, өз маалында жемиш берген, жалбырагы соолубаган дарактай болот. Эмне иш кылбасын, ийгиликке жетет».

Жеремия китебинин 17-бөлүмүнүн 7, 8-аяттарында да ушундай сөздөр жазылат: «Жахабага таянган, Жахабага үмүт арткан адам бата алсын. Ал суу боюна отургузулган, агын сууну көздөй тамыр жайган дарактай болот; ал аптапты сезбейт, жалбырагы жыш болот. Кургакчылык жылында тынчсызданбайт, жемиш бербей калбайт».

Бул эки китепте тең Кудайдын алдында туура иш кылган, анын мыйзамынан ырахат алган жана ага толугу менен таянган киши даракка салыштырылган. Ал сөздөрдү окуганда бизде: «Андай киши эмне үчүн жалбырагы жыш даракка салыштырылган?» — деген суроо туулат. Эмесе, ошол аяттарды тереңирээк изилдеп чыгалы.

«СУУ АГЫМДАРЫНЫН ЖЭЭГИНЕ ОТУРГУЗУЛГАН»

Жогорудагы аяттарда дарактын «суу агымдарынын жээгине» жана «суу боюна отургузулганы» айтылат. Ышая деген пайгамбар да ушул сыяктуу сөздөрдү жазган. Ал Жахаба Кудайдын Бабылда туткунда жүрүп, өз мекенине кайтып келген жүйүттөргө кантип кам көрөрү жөнүндө эмне дегенин айтып: «Мен суусаганга суу берем, какшыган жерге жай аккан сууларды коё берем... Ошондо алар көк чөптөй, арыктын боюндагы теректердей өсүшөт»,— деген (Ышая 44:3, 4). Бул аяттарда Кудай колдогон, жетектеген адамдардын «жай аккан суулардын» жээгинде жана «арыктын боюнда» отургузулган теректердей болуп «өсөрү» айтылат.

Бүгүнкү күндө да жер иштеткен аймактардан чоң арыктарды же каналдарды көрүүгө болот. Суу аларга, адатта, көлдөн, көлмөлөрдөн, терең казылган кудуктардан агып келет. Андай каналдар талаалар менен плантацияларды сугарыш үчүн казылган. Алар жемиш берген дарактарды сугарыш үчүн да колдонулат. Ошол арыктардагы суу бир тараптагы талааларды жана экинчи тараптагы кыдырата отургузулган дарактарды сугарат, ошондой эле, кыязы, талаалардын чегин белгилеп турат.

 Мындай жерлерде отургузулган дарак кандай өсөт? Забур китебинин 1-бөлүмүнүн 3-аятында «өз маалында жемиш берген» дарак жөнүндө айтылат. Ыйык Китепте айтылган жерлерде анжир, анар, алма, финик пальмасы жана зайтун дарагы өсчү. Анжир дарагынын бийиктиги 9 метрге жетет. Ал эми жемиш берген башка дарактар анчалык бийик болбойт. Бирок андай дарактардын жалбырагы жашыл, жыш болуп, өз убагында мол жемиш берет.

Байыркы убакта Сирия менен Палестинада дарыялардын жана арыктардын жээктеринде асман тиреген теректер өсчү. Ошондуктан Ыйык Китепте теректер жөнүндө айтылганда «өзөн бою» деген сөздөр да чогуу айтылат (Лебилер 23:40). Талдар тукумуна кирген мажүрүм талдар да жакшы сугарылган жерде өсөт (Жезекиел 17:5). Жеремия пайгамбар менен Забурду жазган Дөөтү пайгамбар ушундай чоң, жалбырагы жыш дарактар жөнүндө сөз кылып, бизге маанилүү бир маалыматты ачып беришкен: Кудайдын мыйзамдарына карманган, ага таянган кишинин Кудай менен болгон мамилеси бекем болот жана ал «эмне иш кылбасын, ийгиликке жетет». Баарыбыз эле ийгиликке жеткибиз келет, чынбы?

ЖАХАБАНЫН МЫЙЗАМЫНАН ЫРАХАТ АЛУУ

Бүгүнкү күндө адамдар ар кандай жолдор менен ийгиликке жетүүгө аракеттенишет. Алар байлыкка, атак-даңкка жетиш үчүн колунан келгендин баарын кылышат. Бирок көп учурда көздөгөнү ишке ашпай, көңүлү кайт болот. Анда адамды эмне чындап бактылуу кылат? Буга Иса пайгамбардын сөздөрүнөн жооп алууга болот. Ал: «Кудайдын жетекчилигине муктаж экенин түшүнгөндөр бактылуу»,— деген (Матай 5:3, шилтемеси). Анын сөздөрү көрсөтүп тургандай, байлыгы көп адамдар эмес, Кудай менен ынак мамиледе болуунун маанилүүлүгүн түшүнүп, ошого жараша иш-аракет кылгандар чындап бактылуу болушат. Алар өз убагында жемиш берген, жалбырагы жыш дарактай болот. Бирок ал үчүн эмне талап кылынат?

Биринчиден, Забур китебинин 1-бөлүмүндө айтылгандарга кулак кагышыбыз керек. Ал жерде «ыймансыздардын кеңеши боюнча жүрбөшүбүз», «күнөөкөрлөрдүн жолуна түшпөшүбүз», «шылдыңчылдар менен отурбашыбыз» керектиги айтылат. Андыктан бактылуу болуш үчүн Кудайдын мыйзамын аткаргандарды шылдыңдаган же анын мыйзамын баркка албаган адамдардан алыс болушубуз кажет.

Экинчиден, Жахаба Кудайдын мыйзамынан ырахат алганыбыз абзел. Биз, адатта, өзүбүзгө ырахат тартуулаган нерсе менен алек болуш үчүн мүмкүнчүлүк издейбиз. Ошол сыяктуу эле, Кудайдын мыйзамынан ырахат алыш үчүн Кудайдын Сөзүн баалап, аны тереңирээк изилдегенге, анда жазылгандарды түшүнгөнгө аракет кылышыбыз зарыл.

Үчүнчүдөн, Ыйык Китепти «бир аз үн чыгарып» окушубуз керек (Забур 1:2, шилтемеси). Бул аны күндө окууну жана окугандарыбыз тууралуу ой жүгүртүүнү билдирет. Биз да Кудайдын Сөзүнө карата төмөнкү сөздөрдү жазган кишиникиндей көз карашта болгонубуз маанилүү. Ал: «Мыйзамыңды кандай гана жакшы көрөм! Ал тууралуу эртеден кечке ой жүгүртөм»,— деген (Забур 119:97).

Ооба, Жахаба Кудай жөнүндө так билим алып, анын эркин түшүнгөнгө аракет кылсак, ошондой эле ага толугу менен таянып, убадаларынын ишке ашарына ишенсек, аны менен болгон мамилебиз бекем болот. Мунун аркасында Забур китебинин биринчи бөлүмүндө айтылган бактылуу кишидей болуп, эмне иш кылбайлы, «ийгиликке жетебиз».