Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 КУДАЙГА ЖАКЫНДАГЫЛА

«Ал — ...тирүүлөрдүн Кудайы»

«Ал — ...тирүүлөрдүн Кудайы»

Өлүм Кудайдан күчтүүбү? Албетте, жок! Өлүм же дагы башка нерсе «Кудурети Күчтүү Кудайдан» күчтүү болушу мүмкүн эмес (1 Корунттуктар 15:26; Чыгуу 6:3). Жер бети бейишке айланганда, Кудай өлгөндөрдү тирилтип, өлүмдү биротоло жок кылат *. Бул сөздөрдүн аткарыларына ишенсе болобу? Иса пайгамбар буга байланыштуу жүрөгүбүзгө үмүттүн отун жандырган сөздөрдү айткан. (Окугула: Матай 22:31, 32.)

Ал бир жолу өлгөндөрдүн тирилерине ишенбеген диний жетекчилерге мындай деген: «Өлгөндөрдүн тирилерине байланыштуу Кудайдын силерге эмне деп айтканын окуган эмес белеңер? Кудай: „Мен Ыбрайымдын Кудайымын, Ыскактын Кудайымын жана Жакыптын Кудайымын“,— деген. Ал — өлгөндөрдүн эмес, тирүүлөрдүн Кудайы». Иса пайгамбар айткан бул сөздөрдү Кудай б.з.ч. 1514-жылы күйүп турган бадалдын жанында Муса пайгамбарга айткан (Чыгуу 3:1—6). Кудайдын: «Мен... Ыбрайымдын Кудайымын, Ыскактын Кудайымын, Жакыптын Кудайымын»,— деп айтканынан анын өлгөндөрдү сөзсүз тирилтерин билүүгө болот. Кандайча?

Кудайдын Муса пайгамбар менен качан жана кантип сүйлөшкөнүнө токтолсок. Жахаба Кудай Муса пайгамбар менен сүйлөшкөн убакта Ыбрайым пайгамбардын көз жумганына 329 жыл, Ыскак пайгамбардын каза болгонуна 224 жыл, ал эми Жакып пайгамбардын өлгөнүнө 197 жыл болуп калган. Бирок Жахаба Кудай алардын «Кудайы болгом» деп айткан эмес, алардын «Кудайымын» деген. Көз жумганына жүздөгөн жылдар өткөн ал кишилер жөнүндө айтканда Кудай тирүү кишилер жөнүндө сөз кылгандай сүйлөгөн. Эмне үчүн?

Иса пайгамбар: «Ал [Жахаба] — өлгөндөрдүн эмес, тирүүлөрдүн Кудайы»,— деп айткан. Анын бул сөздөрүнүн мааниси жөнүндө бир аз ойлонуп көрсөк. Эгер Ыбрайым, Ыскак, Жакып пайгамбарлар тирилбесе, өлүмдүн туткунунда түбөлүк болушмак. Анда Жахаба өлгөндөрдүн Кудайы болуп калмак. Ошондой дей турган болсок, өлүм андан күчтүү болуп, ага бекем ишенген кызматчыларын өлүмдүн чеңгелинен бошото албаган Кудай болуп калмак.

Анда Ыбрайым, Ыскак, Жакып пайгамбарлар жана Жахаба Кудайдын көз жумган башка ишенимдүү кызматчылары жөнүндө эмне айтууга болот? Иса пайгамбар: «Ал үчүн бардыгы тирүү»,— деген мааниси терең сөздөрдү айткан (Лука 20:38). Кудай өлгөндөрдү сөзсүз тирилтүүнү ниет кылып койгондуктан, алар анын көз алдында тирүү кишидей (Римдиктер 4:16, 17). Ал өлгөн адамдардын баарын, аларды тирилте турган убак келгенге чейин, чексиз эс тутумунда сактап жүрөт.

Кудай чексиз күчкө ээ, өлүм анын алдында алсыз

Көз жумган жакындарыңар менен көрүшкүңөр келеби? Аларды сагынып, куса болуп жатсаңар, Кудайдын күчкө ээ экенин, өлүм анын алдында алсыз экенин эсиңерден чыгарбагыла. Анын өлгөндөрдү тирилтишине эч нерсе тоскоол боло албайт. Өлгөндөрдүн тирилери жана өлгөндөрдү тирилте турган Кудай жөнүндө көбүрөөк билсеңер, «тирүүлөрдүн Кудайы» Жахабага жакындай аласыңар.

Февралда Ыйык Китепти окуу:

Матай 22Марк 8

^ абз. 3 Кудайдын жер бейишке айланганда өлгөндөрдү тирилтери жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китептин 7-бөлүмүн карагыла.