Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Мырзабыздын жолдоочусу» менен баш кошуу ишке ашчу үмүтпү?

«Мырзабыздын жолдоочусу» менен баш кошуу ишке ашчу үмүтпү?

«Жыйналыштан жар таба албагандыктан, өмүрүм өткөнчө жалгыз каламбы деп корком».

«Жахабага кызмат кылбаган кээ бир эркектер деле боорукер, камкор келишет, диниме деле каршы эмес. Алар мага жыйналыштагы айрым байкелерге караганда жакшыраак сезилет».

Кудайдын кызматчыларынын кээ бирлери ушундай ойдо экенин айтышат. Бирок алар Жахабанын бардык кызматчыларына тиешелүү болгон буйрукту, тактап айтканда, «Мырзабыздын жолдоочусу» менен гана баш кошушубуз керектигин жакшы билишет (1 Кор. 7:39). Анда эмне себептен жогорудагыдай сөздөрдү айтышат?

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ҮЧҮН ТЫНЧСЫЗДАНЫШАТ?

Алар ага-инилер менен эже-карындаштардын саны бирдей эмес деп ойлошу мүмкүн. Көптөгөн өлкөлөрдө, чынында эле, ошондой. Мисалы, Кореяда орто эсеп менен 100 бойдок жарчынын 57си эже-карындаштар, 43ү ага-инилер, ал эми Колумбияда 66сы эже-карындаштар, 34ү ага-инилер.

Айрым өлкөлөрдө Жахабанын Күбөсү эмес ата-энелер күйөө бала тараптан абдан көп калың сурашы мүмкүн. Ошо себептен колунда жок ага-инилерге үйлөнүү кыйынга турат. Ушундай нерселерден улам эже-карындаштарга «Мырзабыздын жолдоочусу» менен баш кошуу мүмкүн эместей сезилиши ыктымал. Андыктан алар: «Ишенимдештеримдин арасынан ылайыктуу жар таба аламбы?» — деп кабатыр болушу мүмкүн *.

ЖАХАБАГА ИШЕНИМ АРТУУ МААНИЛҮҮ

Эгер сага да ушу сыяктуу ойлор келсе, Жахаба жагдайыңды жакшы билерин унутпа. Ал сенин ой-сезимдериңди түшүнөт (2 Жылн. 6:29, 30).

Ошентсе да Жахаба өзүнүн Сөзүнө ишенимдешибиз менен гана баш кошушубуз керектигин жаздырып койгон. Эмне үчүн? Себеби ал өз элине эмне жакшы болорун билет. Ал бизди кесепеттүү иштерден коргоону эле эмес, бактылуу болушубузду да каалайт. Некемия пайгамбардын күндөрүндө көптөгөн жүйүттөр Жахабага сыйынбаган бөтөн жерликтер менен үй-бүлө курушкан. Ошондо пайгамбар элге Сулайман падышанын кетирген катасын эскерткен. Сулайман падыша Кудайдын жакшы көргөн кишиси болгон. Бирок «бөтөн жерлик аялдар аны да күнөөгө батырышкан» (Нек. 13:23—26). Андыктан Кудай кызматчыларынын жыргалчылыгын көздөгөндүктөн аларга ишенимдеши менен гана баш кошушу керектигин айткан (Заб. 19:7—10; Ыш. 48:17, 18). Жахабанын кызматчылары анын мээримдүүлүк менен кам көрүп келатканына абдан ыраазы жана көрсөтмөлөрүнүн тууралыгына шектенишпейт. Алар Кудайга баш ийүү менен аны Ааламдын Эгедери катары эсептээрин көрсөтүшөт (Накыл 1:5).

Сенин Кудайдан алыстата турган адам менен «бир моюнтурукту кийгиң» келбей турганына шек жок (2 Кор. 6:14). Учурда көптөгөн ишенимдештерибиз Кудайдын аларды коргой турган жана мезгил сынагынан өткөн кеңешине ылайык иш кылып, туура багытта баратышканына өз тажрыйбасынан ынанышкан. Тилекке каршы, башкача чечим чыгаргандар да бар.

ИШКЕ АША ТУРГАН ҮМҮТ

Австралиялык Мэги * Жахабанын Күбөсү болбогон жигит менен жолуга баштаганынын кесепети кандай болгону тууралуу мындай дейт: «Аны менен бирге болуу үчүн жыйналышты көп калтырдым. Ошентип отуруп Кудай менен болгон мамилем сууп калды». Индияда жашаган Ратана болсо чогуу окуган бир жигит менен сүйлөшө баштаган. Ал жигит башында Ыйык Китепти изилдеп жүргөн, бирок кийинчерээк анын Ратана менен сүйлөшүү максатында гана изилдеп жүргөнү айкын болгон. Акыры, Ратана ага турмушка чыгыш үчүн Жахабанын уюмун таштап, башка динге өтүп кеткен.

Камерундук Ндинка 19 жашында турмушка чыккан. Жигити ага өз динин тутууга тыюу салбай турганына сөз берген. Бирок үйлөнүшкөнүнөн эки эле жума өткөндөн кийин, Ндинканы жыйналышка жибербей койгон. «Ошондо абдан жалгызсырап, ыза болуп ыйладым. Өз башыма өзүм ээ боло ала албай калганымды түшүнүп, аябай жаман болдум. Дайыма абийирим жемелеп, кыйнала берчүмүн»,— дейт Ндинка.

Албетте, Жахабага кызмат кылбагандар менен турмуш кургандардын баарынын эле жары катаал, түшүнүгү жок адамдардан болбошу мүмкүн. Бирок ишенимдеш болбогон адам менен үй-бүлө куруп, запкы тартпаган күндө да, андай кылганың асмандагы мээримдүү Атаң менен болгон мамилеңе кандай таасир этет? Анын сага эле жакшы болсун деп берген кеңешине кулак какпай койгонуңду эстеген сайын кандай сезимде болосуң? Баарынан да, ошондой чечим чыгарганыңа карата Кудай кандай ойдо болот? (Накыл 1:33).

Дүйнө жүзүндөгү көптөгөн ага-инилер менен эже-карындаштар «Мырзабыздын жолдоочусу» менен гана баш кошуу эң туура экенин ырастай алышат. Бойдок бир туугандарыбыз Жахабага кызмат кылгандардын гана арасынан жар тандоо менен анын жүрөгүн кубантууга чечкиндүү. Мисалга жапониялык Мичикону алалы. Аны туугандары ишенимдеш эмес адам менен баш кошууга көндүрүүгө аракет кылышкан. Андай кысымга туруштук берүү оңой болгон эмес. Андан сырткары, анын досторунун, тааныштарынын айрымдары ишенимдештеринин арасынан көңүлүнө жаккан жар таап, турмуш куруп кетишкен. Ал мындай дейт: «Жахаба „бактылуу Кудай“ болгондуктан, биздин бактыбыз үй-бүлө курган-курбаганыбыздан көз каранды эмес экенин дайыма эсиме салып турчумун. Ал каалоолорубузду сөзсүз орундатат. Андыктан аябай үй-бүлөлүү болгубуз келгенине карабай, ылайыктуу жар таба албай жүрсөк, убагы келгиче күтө турганыбыз жакшы» (1 Тим. 1:11). Кийинчерээк Мичико сонун бир тууганга күйөөгө чыккан. Ал шашып иш кылбай, күтө турганына абдан сүйүнөт.

Кээ бир ага-инилер да ылайыктуу жар тапкыча күтүүнү чечишкен. Алардын бири — австралиялык Билл. Анын Жахабанын Күбөсү болбогон кыздарды жактырган учурлары болгон. Бирок ал алар менен жакын мамиледе болуудан качкан, анткени бул ишенимдеш эмес бирөө менен «бир моюнтурукту кийүүгө» алып бара турган алгачкы кадамды жасаганга жатып калмак. Ишенимдештеринин арасында анын көңүлүнө жаккан кыздар деле болгон, бирок алар аны жактырган эмес. Ошентип, 30 жылдан кийин гана Билл өзүнө бардык жагынан төп келген түгөй тапкан. Ал: «Мен эч өкүнбөйм»,— дейт. Анан анын себебин мындай деп түшүндүрөт: «Жахабанын мага батасын бергенин сезип келем, анткени жубайым экөөбүз кабарга чогуу чыгабыз, чогуу изилдейбиз, Жахабага чогуу сыйынабыз. Анын досторунун баары Жахабага кызмат кылгандыктан, алар менен пикирлешүү мага аябай жагат. Жубайым экөөбүз Ыйык Китептеги принциптерди иш жүзүндө колдонуп, никебизди бекемдеп жатабыз».

ЖАХАБАНЫ КҮТҮП ЖАТКАНДА...

Жахаба каалооңду орундата турган убак келгиче, эмнелерди кыла бергениң оң? Мисалы, эмне үчүн бойдок жүргөнүң жөнүндө ой жүгүрт. Эгер Кудайдын буйругуна баш ийип, «Мырзабыздын жолдоочусу» менен гана турмуш куруш үчүн бойдок жүрсөң, мактоого татыктуусуң. Ыйык Китепте айтылгандарга ылайык иш кылууга чечкиндүү экениңди көргөндө Жахаба абдан кубанат (1 Шем. 15:22; Накыл 27:11). Жүрөгүңдөгүнү төгүп, андан тилене бергениң да маанилүү (Заб. 62:8). Ага бүт ой-сезимдериңди ачык айтып, дайыма жалындуу тиленсең, тиленүүң ого бетер маңыздуу боло берет. Үй-бүлө курууга болгон күчтүү каалооңо жана башкалардын кысымына карабай, Жахабанын принциптерин бузбай туруктуу болсоң, аны менен болгон мамилең күн өткөн сайын бекемделет. Эң Жогорку Кудайдын бардык ишенимдүү кызматчыларына кам көрөрүнө жана өзүңдүн анын көз алдында абдан баалуу экениңе толук ишен. Ал каалоолоруңду, муктаждыгыңды эске алып, сага кам көрөт. Албетте, Кудай баарына жар таап берерин убада кылбайт. Бирок үй-бүлөлүү болушуңду зарыл деп эсептесе, андай каалооңду эң туура жол менен орундата алат (Заб. 145:16; Мт. 6:32).

Кээде өзүңдү: «Оо, Жахаба, мага жооп берүүгө шашыл. Рухум алсырап баратат. Менден жүзүңдү жашырба»,— деп тиленген Дөөтү пайгамбардай сезишиң ыктымал (Заб. 143:5—7, 10). Андайда асмандагы Атаңа сага карата эрки кандай экенин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк бер. Ан үчүн Ыйык Китепти окуп, окугандарың жөнүндө ой жүгүрт. Мунун аркасында Кудайдын буйруктарын терең түшүнүп, анын байыркы убакта өз элинин жыргалчылыгы үчүн кандай иштерди кылганын билесиң. Анын айткандарына кулак каксаң, ага баш ийүү акылмандыкка жатарына дагы бир ирет ынанасың.

Бойдоктор үй-бүлөлүүлөргө жана жаштарга көп жардам бергендиктен, жыйналыштагылар аларды абдан баалашат

Бойдок кезиң кубанычтуу, пайдалуу өтүшү үчүн, дагы эмне кылсаң болот? Кыраакы, берешен, эмгекчил, жагымдуу, Кудайга берилген киши болгонго жана жакшы абройго ээ болгонго умтула бер. Андай сапаттар кийин үй-бүлө курганда бактылуу болушуңа өбөлгө түзөт (Башт. 24:16—21; Рут 1:16, 17; 2:6, 7, 11; Накыл 31:10—27). Мындан ары да кабар айтууга жана башка рухий иштерге жигердүү катышып, Падышалыкты биринчи орунга кой. Бул сени коргойт. Жогоруда айтылган Билл үйлөнгүсү келип жүргөн кезин эстеп: «Жылдар зуулдап эле өтүп кетти. Ошол убакты Жахабага пионер болуп кызмат кылууга арнадым»,— дейт.

Ооба, «Мырзабыздын жолдоочусу» менен гана турмуш куруу — ишке аша турган үмүт. Жахабанын ал буйругуна баш ийсең, аны даңктагандан тышкары, өзүң да канааттануу аласың. Ыйык Китепте: «Жахабадан коркуп, анын осуяттарын чын дилинен жакшы көргөн адам бактылуу... Анын үйүндө баалуу нерселер, дүнүйө бар. Анын адилдиги түбөлүктүү»,— делет (Заб. 112:1, 3). Андыктан «Мырзабыздын жолдоочусу» менен гана баш кошууга чечкиндүү бол.

^ абз. 7 Бул макалада эже-карындаштар тууралуу айтылса да, берилген принциптер ага-инилерге да тиешелүү.

^ абз. 13 Айрым ысымдар өзгөртүлдү.