Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Башкалардын алсыздыктарына Жахаба карагандай карайсыңбы?

Башкалардын алсыздыктарына Жахаба карагандай карайсыңбы?

«Дененин алсызыраак көрүнгөн мүчөлөрү көбүрөөк керек болот» (1 КОР. 12:22).

1, 2. Эмне себептен элчи Пабыл алсыздарга боор ооруй билген?

БААРЫБЫЗДЫН эле өзүбүздү алсыз сезген учурларыбыз болот. Мисалы, катуу тумоологондо же аллергия болгондо аябай алсырап, күнүмдүк иштерибизди кылуу кыйын болуп калышы мүмкүн. Эгер ооруң бир-эки жумага эмес, бир нече айга созулуп кетсе, өзүңдү кандай сезет элең? Андайда башкалар боор ооруп, түшүнүү менен мамиле кылса, абдан ыраазы болмок болушуң керек.

2 Элчи Пабыл жыйналыштын ичинен жана сырттан келген кыйынчылыктардан улам кээде өзүн алсыз сезгенин айткан. Атүгүл анын өзүнө тапшырылган ишти аткара албайм деп ойлогон учурлары да болгон (2 Кор. 1:8; 7:5). Өзүнүн жашоосу жана Кудайдын ишенимдүү кызматчысы катары тарткан азаптары жөнүндө ой жүгүртүп, ал: «Бирөө алсыз болсо, мен да өзүмдү алсыз сезбей коёмбу?» — деген (2 Кор. 11:29). Ошондой эле жыйналыштагыларды кишинин дене мүчөлөрүнө салыштырып: «Дененин алсызыраак көрүнгөн мүчөлөрү көбүрөөк керек болот»,— деп жазган (1 Кор. 12:22). Ал муну менен эмне дегиси келген? Эмне үчүн биз алсызыраак көрүнгөндөргө Жахаба карагандай карашыбыз керек? Бул бизге кандай пайда алып келет?

 ЖАХАБА АДАМДЫН АЛСЫЗДЫГЫНА КАНДАЙ КАРАЙТ?

3. Жардамга муктаж бир туугандарга кылган мамилебизге эмне терс таасир этиши мүмкүн?

3 Биз азыр атаандашуу кулач жайган, ошондой эле жаш, күүлүү-күчтүү адамдар көбүрөөк бааланган дүйнөдө жашап жатабыз. Көптөр көздөгөнүнө жетиш үчүн өздөрүнөн алсыз бирөөлөрдүн сезимдерин тебелеп-тепсегенден кайра тартышпайт. Албетте, андай жүрүм-турум бизге жакпайт, бирок сак болбосок, жыйналыштагы жардамга муктаж бир туугандарга ошондой мамиле кыла башташыбыз мүмкүн. Канткенде жыйналыштагыларга Жахаба карагандай карай алабыз?

4, 5. а) Жахабанын алсыздыктарыбызга кандай караарын билүүгө Пабылдын мисалы кандайча жардам берет? б) Алсыздарга жардам берүүдөн кандай пайда алабыз?

4 Жахабанын адамдын алсыздыгына кандай караарын элчи Пабылдын корунттуктарга жазган биринчи катындагы мисалынан билүүгө болот. Ал каттын 12-бөлүмүндө Пабыл дененин көрксүз же алсыз мүчөлөрү да маанилүү кызмат аткарарын айткан. (Оку: 1 Корунттуктар 12:12, 18, 21—23.) Адамдын дене мүчөлөрүнүн ар бири маанилүү экенин эволюцияны жактагандардын айрымдары талашка салып келген. Анткен менен анатомия илиминдеги ачылыштар бир кездерде пайдасыз деп эсептелген дене мүчөлөрү да абдан маанилүү кызмат аткарарын далилдеди *. Алсак, айрымдар буттун чыпалагы адамга анчалык зарыл эмес деп ойлоп келишкен. Бирок учурда окумуштуулар анын бүтүндөй денебизди тең салмакта кармап турууга жардам берерин түшүнүштү.

5 Элчи Пабылдын мисалы жыйналыштын ар бир мүчөсү баалуу экенин баса белгилеп турат. Шайтан биздин өзүбүздү эч кимге кереги жоктой сезишибизди жана Жахаба бизге кам көрбөйт деген ойго ишенишибизди каалайт (Аюп 4:18, 19). Бирок Жахаба бардык кызматчыларын, атүгүл алсызыраактай көрүнгөндөрүн да «керектүү» деп эсептейт. Ушуну унутпасак, өзүбүздү жыйналышка жана дүйнө жүзүндөгү бир туугандарыбызга керектүү сезебиз. Жашы өр тартып калган бир тууганга жардам берген учуруңду эстеп көрсөң. Андайда өзүң да пайда алганың шексиз. Ооба, башкаларга жардам бергенде өзүбүз да кубанабыз жана чыдамкайлыгыбыз, сүйүүбүз өсүп, Кудайдын жетилген кызматчыларынан болобуз (Эф. 4:15, 16). Асмандагы мээримдүү Атабыз бир туугандарыбыздын баарын, анын ичинде алсызыраак көрүнгөндөрүн да баалашыбызды каалайт. Эгер ошентсек, алардан көптү күтпөйбүз жана жыйналышта сүйүү өкүм сүрөт.

6. Пабыл «алсыз» жана «күчтүү» деген сөздөрдү кээде кимдерге карата колдонгон?

6 Кызыктуусу, Пабыл айрым ишенимдештерине карата «алсыз» деген сөздү колдонгон. Себеби Жахабага сыйынбагандар алар тууралуу ошондой ойдо болушкан. Андан тышкары, Пабыл өзүн да алсыз деп эсептеген (1 Кор. 1:26, 27; 2:3). Ал эми кээ бир ишенимдештерин «күчтүү» деген. Муну менен ал Кудайдын айрым кызматчылары башка ишенимдештеринен жакшыраак дегиси келген эмес (Рим. 15:1). Ал, болгону, тажрыйбалуу бир туугандар чындык жолунда бекемделе электерге чыдамдуулук менен мамиле кылышы керектигин айткан.

КӨЗ КАРАШЫБЫЗДЫ ӨЗГӨРТҮШҮБҮЗ КЕРЕК ЭМЕСПИ?

7. Жардамга муктаж болгондорго көмөк көрсөтүүгө эмне тоскоолдук кылышы мүмкүн?

7 «Бей-бечарага жардам берсек», Жахабаны туурагандан тышкары, анын жактыруусуна ээ болобуз (Заб. 41:1; Эф. 5:1). Бирок кээде жардамга муктаж болуп  жаткандар жөнүндө туура эмес ойдо болгонубуз аларга көмөк көрсөтүүгө тоскоолдук кылышы мүмкүн. Же башына кыйынчылык түшкөндөрдү эмне деп жубатышты билбегендиктен оңтойсузданып, алардан качышыбыз ыктымал. Күйөөсү таштап кеткен Синтия * деген ишенимдешибиз: «Бир туугандар сенден качса же сен күткөндөй жакын досторчо иш кылбаса, аябай катуу тийиши мүмкүн. Кыйын учурда тегерегиңдегилердин жардамына муктаж болосуң»,— дейт. Жакындары таштап кеткен кишинин канчалык кыйналары Дөөтү падышанын сөздөрүнөн да айкын көрүнүп турат (Заб. 31:12).

8. Ишенимдештерибизге түшүнүү менен мамиле кылууга эмне жардам берет?

8 Эгер айрым ишенимдештерибиздин кыйналып, алсырап жатканына кайсы бир оорусу, диний жактан бөлүнгөн үй-бүлөдө жашаганы же көңүл чөгөттүк себеп болуп жатканын эске алсак, аларга түшүнүү менен мамиле кылуу оңоюраак болот. Анын үстүнө, өзүбүз да бир күнү алардыкындай жагдайга кабылышыбыз толук ыктымал. Бир кездерде Мисир жеринде жакырчылыктан жапа чегип жүргөн ысрайылдыктарга, алар Кудай убада кылган жерге кирерде, кыйналган бир туугандарына «жүрөгүн катуулантпашы» керектиги эскертилген. Жахаба алардын колунда жокторго кайрымдуу болушун каалаган (Мыйз. 15:7, 11; Леб. 25:35—38).

9. Кайсы бир ишенимдешибиз кыйынчылыкка кабылса, эмне кылышыбыз керек? Мисал келтир.

9 Кимдир бирөөнүн кыйналып жатканын көргөндө шак эле аны айыптап кирбей же анын эмне үчүн ошондой жагдайга кабылганы жөнүндө божомолдоп, шек санабай, рухий жактан жардам берип, жубатышыбыз зарыл (Аюп 33:6, 7; Мт. 7:1). Мисалы, айдоочу жол кырсыгына кабылып, ооруканага жеткирилсе, доктурлар анын жол кырсыгына күнөөлүү же күнөөлүү эмес экенин териштиришеби? Жок, алар тезинен ага жардам көрсөтө башташат. Анын сыңарындай, кайсы бир ишенимдешибиз кыйынчылыктардан улам алсырап жатса, ага дароо рухий жактан көмөк кылышыбыз керек. (Оку: 1 Тесалоникалыктар 5:14.)

10. Алсызыраактай көрүнгөн ишенимдештерибизди эмне себептен «ишеним аркылуу бай» деп айтууга болот?

10 Бир туугандарыбыздын жагдай-шарты тууралуу бир аз ой жүгүртүп көрсөк, алардын алсыздыгына башкача карай башташыбыз мүмкүн. Маселен, бир топ убакыттан бери күйөөсүнүн каршылыгына туруштук берип келаткан ишенимдештерибиз тууралуу ойлонуп көрсөң. Алардын айрымдары сыртынан алсыз көрүнгөнү менен, чынында, ишеними күчтүү, кайраттуу бир туугандар. Ошондой эле баласы же балдары менен жолугушууларга дайыма келген жалгыз бой эненин ишеними жана чечкиндүүлүгү таасирлентпей койбойт. Мектептегилердин кысымына карабай чындык жолунда жүргөн өспүрүмдөрдүн үлгүсү да кадимкидей бекемдейт. Ооба, алсызыраактай көрүнгөн андай ишенимдештерибизди жагдай-шарты жакшыраак бир туугандардай эле «ишеним аркылуу бай» деп айтууга болот (Жкп. 2:5).

ЖАХАБАДАЙ ОЙ ЖҮГҮРТ

11, 12. а) Башкалардын алсыздыгына Жахаба карагандай кароого эмне жардам берет? б) Жахабанын Арунга кылган мамилесинен эмнеге үйрөнө алабыз?

11 Жахабанын айрым кызматчыларына кандай мамиле кылганын карап чыгуу бизге башкалардын алсыздыктарына ал карагандай кароого жардам берет. (Оку: Забур 130:3.) Мисалга анын Арунга кандай мамиле кылганын алалы. Эгерде сен Муса пайгамбардын жанында болуп, Арундун алтын музоо жасаганы үчүн актанып жатканын уксаң, ал тууралуу кандай ойдо болот элең? (Чыг. 32:21—24). Же болбосо анын эжеси Мириямга кошулуп, Муса пайгамбарды  бөтөн элден аял алганы үчүн айыптаганына кандай карайт элең? (Сан. 12:1, 2). Ал эми Мериба суусунун жанында Муса пайгамбар менен бирге Жахабанын даңкын өзүнө ыйгарып алганын көргөндө кандай сезимде болмоксуң? (Сан. 20:10—13).

12 Жахаба Арунду ушул иштери үчүн дароо жазалай алмак. Бирок ал Арундун күнөөгө баткан жаман киши эмес экенин билген. Арун, кыязы, оор жагдайларга кабылгандыктан же башкалардын таасирине алдырып койгондуктан туура эмес иш кылып алган. Анткен менен ал каталарын дароо мойнуна алып, Жахабанын чыгарган өкүмүнө баш ийген (Чыг. 32:26; Сан. 12:11; 20:23—27). Жахаба анын күчтүү ишенимин, күнөөсү үчүн өкүнгөнүн көрүп, кечирген. Бир канча кылым өткөндөн кийин да, Арун менен анын урпактары Жахабадан корккон кишилер катары эсте калышкан (Заб. 115:10—12; 135:19, 20).

13. Башкалардын алсыздыгына кандай караарыбызды кантип текшерип көрсөк болот?

13 Жахабадай ой жүгүртүш үчүн алсыздай көрүнгөндөргө кандай караарыбызды текшеришибиз керек (1 Шем. 16:7). Мисалы, кайсы бир өспүрүмдүн көңүл ачууда кыраакылык көрсөтпөй жатканын же алды-артын ойлобой иш кылганын байкасак, эмне кылабыз? Андайда аны сындап киргендин ордуна, кантип ага Кудайдын жетилген кызматчысы болууга жардам бере аларыбызды ойлонуп көргөнүбүз оң. Бир туугандарга ушундай жол менен жардам берсек, аларга чыдамдуулук менен, сүйүү менен мамиле кылууга үйрөнөбүз.

14, 15. а) Кайраты качкан пайгамбарына Жахаба кандай караган? б) Жахабанын Илияс пайгамбарга жардам бергенинен эмнеге үйрөнө алабыз?

14 Башкаларга карата оң көз карашта болууга Жахабанын көңүлү чөккөн кызматчыларына кандай мамиле кылганы жөнүндө ой жүгүртүү да жардам берет.  Мисалга Илияс пайгамбарды алалы. Ал тайманбастык менен Баалдын 450 пайгамбарынын бетин ачкан, бирок Изабел канышанын аны өлтүргөнү жатканын укканда коркконунан качып кеткен. Ал Беир-Шебага чейин 150 чакырымдай жол жүрүп, андан ары чөлдү аралай жөнөгөн. Куйкалаган күндүн ысыгынан чарчап-чаалыккан пайгамбар бир бадалдын түбүнө отуруп, «өзүнө өлүм тилей» баштаган (1 Пад. 18:19; 19:1—4).

Жахаба Илияс пайгамбардын пенде экенин эске алып, периштесин жөнөткөн (14, 15-абзацтарды кара)

15 Ишенимдүү пайгамбарынын зээни кейип отурганын көргөндө Жахаба кандай сезимде болду эле? Кайраты качкан, көңүлү чөккөн кызматчысын четке какты беле? Жок. Жахаба анын пенде экенин эске алып, периштесин жөнөткөн. Илияс пайгамбар «узак жол жүрүшү» керек болгондуктан, периште аны эки жолу тамактандырган. (Оку: 1 Падышалар 19:5—8.) Ооба, Жахаба пайгамбарына көрсөтмө берерден мурун анын арыз-муңун угуп, тийиштүү жардам көрсөткөн.

16, 17. Бир туугандарга жардам берүү жагынан камкор Кудайыбызды кантип туурай алабыз?

16 Биз камкор Кудайыбызды кантип туурай алабыз? Башкаларга кеңеш бергенге шашпашыбыз керек (Накыл 18:13). Жагдай-шартынан улам өздөрүн «анча маанилүү эместей көргөн» бир туугандарыбызды адегенде кунт коюп угуп, боорукердик менен мамиле кылганыбыз маанилүү (1 Кор. 12:23). Ошондо аларга чындап эмне керек экенин билип, ошого жараша иш-аракет кыла алабыз.

17 Буга жогоруда кеп кылынган Синтия деген ишенимдешибиздин окуясы мисал боло алат. Күйөөсү аны эки кызы менен кошо таштап кеткен. Жыйналыштагы айрым бир туугандар аларга кантип жардам беришкен? Синтия бир тууган мындай дейт: «Биз аларга телефон чалып, эмне болгонун айтсак, 45 мүнөттүн ичинде эле үйүбүзгө келип калышты. Алар да ыйлап алышыптыр. Ал бир туугандар эки-үч күн жаныбызда болушту. Жан дүйнөбүз кыйналып, тамак ичкенге да дарманыбыз калбай калгандыктан, алар бизди убактылуу өздөрүнүн үйүнө алып кетишти». Бул окуя шакирт Жакыптын: «Эгер бир тууганыңардын киер кийими жок болсо же күнүмдүк тамагы жетишсиз болсо, араңардан бирөө ага: „Жакшы бар, жылуу кийин, курсагыңды тойгуз“ — деп, бирок муктаж болгон нерселерин бербесе, андан эмне пайда? Ошо сыяктуу эле, ишсиз ишеним өлүк»,— деген сөздөрүн эске салат (Жкп. 2:15—17). Бир туугандардын өз маалында көрсөткөн колдоосунун аркасында Синтия менен анын кыздары сай сөөктү сыздаткан ошол окуядан алты ай өткөндөн кийин эле көмөкчү пионер болуп кызмат кыла башташкан (2 Кор. 12:10).

БААРЫ ПАЙДА АЛАТ

18, 19. а) Убактылуу алсырап жаткан бир тууганыбызга кантип жардам берсек болот? б) Алсыздарга жардам берүүдөн кимдер пайда алат?

18 Алсыраткан кайсы бир оорудан сакайып кетиш үчүн убакыт керек экенине кошулат чыгарсың. Ошол сыяктуу эле, оор жагдайга туш болгон же ката кетирген бир тууган кайрадан рухий жактан бекем болушу үчүн убакыт керек. Ырас, ишенимин бекемдеш үчүн ал Кудайдын Сөзүн изилдеши, тилениши жана рухий иштерге катышышы зарыл. Бирок бир тууганыбыз рухий жактан бутуна туруп кеткиче чыдамдуулук жана сүйүү көрсөтөбүзбү? Убактылуу алсырап жаткан андай бир тууганыбызды баалаарыбызга жана анын жыйналышка керек экенине ынандырабызбы? (2 Кор. 8:8).

19 Башкаларды жөлөп-таясак, өзүбүздү бактылуу сезгенден сырткары, боор ооруй билүүгө жана чыдамдуу болууга үйрөнөбүз. Ошондой эле жыйналышта биримдик, сүйүү өкүм сүрүшүнө салым кошобуз. Баарынан да маанилүүсү, ар бир адамды баалаган Жахаба Кудайды туураган болобуз. Ооба, «алсыздарга жардам берүүгө» бизде орчундуу себептер бар (Элч. 20:35).

^ абз. 4 «Адамдын келип чыгышы» деген китебинде Чарлз Дарвин көп органдарды пайдасыз деп жазган. Дагы бир эволюционист дененин көптөгөн мүчөлөрүн, анын ичинде сокур ичеги менен богок безин адамга кереги деле жок деп эсептеген.

^ абз. 7 Ысмы өзгөртүлдү.