Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кайраттуу бол, Жахаба жардам берет!

Кайраттуу бол, Жахаба жардам берет!

«Биз: „Жахаба — менин жардамчым...“ — деп кайраттуулук менен айта алабыз» (ЕВР. 13:6).

1, 2. Башка өлкөдөн үйүнө кайтып келгендер кандай кыйынчылыктарга туш болушат? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

ЭДУАРДО мындай дейт: «Башка өлкөдө иштеп жүргөндө жумушум жакшы болгондуктан, акчаны көп тапчумун. Бирок Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаганымда алда канча маанилүү милдетим бар экенин — үй-бүлөмө материалдык жактан эле эмес, рухий жактан да кам көрүшүм керектигин — билдим. Ошондуктан үйгө кайтууну чечтим *» (Эф. 6:4).

2 Эдуардо үй-бүлөсү менен бирге болгону Жахабага жагарын түшүнгөн. Анткен менен ага, өткөн макалада айтылган Мэрилиндей болуп, үй-бүлөсү менен болгон мамилесин калыбына келтириш үчүн көп күч-аракет жумшоого туура келмек. Андан тышкары, жакыр өлкөдө ага аялы менен балдарын багуу оңой болмок эмес. Эми ал үй-бүлөсүнө кантип кам көрөт? Жыйналыштагылар ага кантип жардам бере алышмак?

КУДАЙ ЖАНА ҮЙ-БҮЛӨҢ МЕНЕН БОЛГОН МАМИЛЕҢДИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИР

3. Ата-эненин алыста жүргөнү балдарга кандай таасир этет?

3 «Акыл-насаатыма, сүйүүмө өзгөчө муктаж болуп турган курагында балдарыма тийиштүү түрдө көңүл бура албай калдым. Аларды кучактап, Ыйык Китептеги окуяларды окуп  берип, алар менен чогуу тиленип, чогуу ойногон жокмун»,— деп кейийт Эдуардо (Мыйз. 6:7). Анын улуу кызы Анна: «Атам биз менен болбогондуктан, өзүмдү керексиз сезчүмүн. Ал үйгө кайтып келгенде, бизге өңү менен үнүнөн башкасынын баары чоочун сезилген. Мени кучактаганда, оңтойсузданып, бир кызыктай болгом»,— деп ой бөлүшөт.

4. Үйүндө көпкө жок болгон атага башчылык милдетин аткаруу эмне үчүн кыйын болуп калат?

4 Үйүндө көпкө жок болгон атага башчылык милдетин аткаруу да кыйын болуп калат. Эдуардонун жубайы Руби мындай дейт: «Мага атанын да, эненин да милдетин аткарып, үй-бүлөбүзгө байланыштуу көп чечимдерди чыгарууга туура келчү. Эдуардо үйгө келгенде, күйөөгө баш ийүү деген чынында эмнени билдирерин түшүндүм. Атүгүл азыр да күйөөм үйдө экенин эсиме салып турушум керек болот» (Эф. 5:22, 23). Эдуардо болсо: «Кыздарым бир нерсе кыларда апасынан уруксат сураганга көнүп калышыптыр. Ошондуктан жубайым экөөбүз бала тарбиялоодо бирдиктүү болушубуз керектигин баамдадык. Мен жетекчиликти колго алууга да үйрөнүшүм керек болду»,— деп айтат.

5. Эдуардо үй-бүлөсү менен болгон мамилесин калыбына келтириш үчүн эмне кылган жана анын натыйжасы кандай болгон?

5 Эдуардо үй-бүлөсү менен болгон мамилесин калыбына келтириш үчүн жана аларга рухий жактан жардам бериш үчүн бүт күчүн жумшоого бел байлаган. Ал Жахабаны сүйөрүн айтып эле койбостон, аны иш жүзүндө көрсөтүп, балдарын сөзү жана үлгүсү менен чындык жолунда тарбиялоону максат кылган (1 Жкн. 3:18). Жахаба анын ишеним менен кылган аракетине батасын берди беле? Анна мындай дейт: «Атабыздын жакшы ата болууга жана биз менен кайрадан жакын болууга бүт күчүн жумшаганы бизге зор таасир эткен. Анын жыйналышта жоопкерчиликтерге умтулуп жатканын көрүп, сыймыктанчубуз. Бул дүйнө бизди Жахабадан алыстатууга далай жолу аракет кылды. Ошондой учурларда ата-энебиздин бүт көңүлүн чындык жолуна бурганы бизге аларды тууроого түрткү берген. Атам бизди экинчи калтырып кетпей турганын айтып, сөз берген. Эгер ал сөзүнө турбаса, азыр Жахабанын уюмунда жүрөт белем, ким билет».

ӨЗҮҢДҮН ДА СЕБЕПКЕР ЭКЕНИҢДИ УНУТПА

6. Согуш учурунда айрым ата-энелер эмнени түшүнүшкөн?

6 Айрымдар айтып берген окуялардан көрүнгөндөй, Балкан жарым аралындагы согуш учурунда турмуштун катаал шарттарына карабай, Жахабанын Күбөлөрүнүн балдары көңүлдүү жүрүшкөнү байкалган. Анын себеби эмнеде эле? Себеби ата-энелер жумушка бара албагандыктан балдары менен китеп окуп, ойноп, сүйлөшүп, аларга көбүрөөк көңүл бурушкан. Мындан айкын болгондой, балдар үчүн ата-энесинин жанында болгону акча менен белектен да маанилүү. Ооба, Кудайдын Сөзүндө айтылгандай, ата-энелер балдары менен чогуу убакыт өткөрүп, окутуп-үйрөтсө, алар көп пайда алышат (Накыл 22:6).

7, 8. а) Үйүнө кайтып келгенден кийин кээ бир ата-энелер кандай жаңылыштык кетиришет? б) Ата-энелер балдары менен болгон мамилесиндеги жараканы кантип бүтөй алышат?

7 Өкүнүчтүүсү, үйүнө кайтып келгенден кийин баласынын таарынганын же алыстап калганын көрүп, кээ бир ата-энелер аларга: «Ушунун баарын сен үчүн кылсам, баалабайсыңбы?» — деп нааразы болушат. Бирок буга көбүнесе өздөрүнүн узак убакытка жок болгону себеп болушу мүмкүн. Андайда ата-энелер ортодогу жараканы кантип бүтөй алат?

8 Жахабадан үйүңдөгүлөрдү түшүнө билгенге жардам беришин сура. Алар менен сүйлөшкөндө көйгөйдүн болуп жатканына өзүңдүн да себепкер экениңди унутпа. Андан тышкары, чын жүрөктөн кечирим сураганың жардам болушу мүмкүн. Жагдайды жакшыртыш үчүн чын ыкластан аракет кылсаң, аны жарың менен балдарың сөзсүз байкайт. Кыйынчылыктарга багынбай, чыдамдуу болсоң, бара-бара үйдөгүлөрүң сени кайрадан жакшы көрүп, сыйлап калышат.

 ӨЗ ҮЙҮҢДӨГҮЛӨРГӨ КАМ КӨР

9. Эмне үчүн үйүбүздөгүлөргө кам көрүү деген көбүрөөк акча табышыбыз керектигин билдирбейт?

9 Элчи Пабыл карылыктын айынан өзүн бага албай калган бир туугандарга балдары менен неберелери кам көрүшү керектигин айткан. Бирок ал ишенимдештерин жашоого эң зарыл нерселердин: тамак-аштын, кийим-кеченин жана баш калкалаар жайдын болгонуна топук кылууга үндөгөн. Андыктан жашоо-шартыбызды жакшыртууну же келечекке көбүрөөк акча топтоп коюуну эле көздөп калбашыбыз керек. (Оку: 1 Тиметей 5:4, 8; 6:6—10.) Кудайдын кызматчысы «өз үйүндөгүлөрүнө кам көрүү» үчүн сөзсүз эле бул дүйнөдө бай болушу керек эмес (1 Жкн. 2:15—17). Биз «алдама байлыктын» же «турмуш түйшүктөрүнүн» айынан үй-бүлөбүздүн жаңы дүйнөдө боло турган «чыныгы жашоого бекем» карманбай калышын каалабайбыз (Мр. 4:19; Лк. 21:34—36; 1 Тим. 6:19).

10. Карызга батпаганга аракет кылуу эмне үчүн акылмандыкка жатат?

10 Жахаба бизге азыркы заманда акча керек экенин билет. Анткен менен акча бизди ал берген акылмандыктай коргоп, жардам бере албайт (Нас. 7:12; Лк. 12:15). Тилекке каршы, көптөр башка өлкөгө барып иштөөнүн канчалык кесепеттүү болорун жана ал жакка барганда көп акча табарына эч кандай кепилдик жок экенин аңдай беришпейт. Чын-чынына келгенде, бөтөн жерде иштөөнүн пайдасынан зыяны көп болушу мүмкүн. Алсак, кээ бирөөлөр ого бетер карызга батып кетишет. Ошентип, алар үйүнө келгенде Кудайга мурдагыдан көбүрөөк кызмат кылбай эле, карыз бергендерге кызмат кылып калышат. (Оку: Накыл сөздөр 22:7.) Андыктан башынан эле карызга батпаганга аракет кылуу акылмандыкка жатат.

11. Киреше-чыгашаны эсептеп, ошого жараша иш кылуу үй-бүлөлөргө кандай жардам берет?

11 Эдуардо үй-бүлөсүн эч жакка кетпей эле бага алышы үчүн акчаны туура колдонуу маанилүү экенин түшүнгөн. Ал жубайы экөө үй-бүлөсүнө баарынан мурда эмнелер керек экенин аныктап алып, киреше-чыгашасын эсептеп чыгышкан. Албетте, ошого жараша иш кылыш үчүн анын үй-бүлөсү мурдагыдай көп нерселерди сатып ала алышмак эмес. Бирок алар бири-бирине колдоо көрсөтүп, акчаларын анча зарыл эмес нерселерге коротпой калышкан *. Мисалы, Эдуардо балдарын жеке менчиктеги мектептен мамлекеттик мектепке которгон. Рухий иштерге тоскоол болбогон жумуш таба алышы үчүн ал үй-бүлөсү менен бирге ошол туурасында тиленген. Жахаба алардын тиленүүсүнө кантип жооп берген?

12, 13. Үй-бүлөсүн багыш үчүн Эдуардо эмне кылган жана Жахаба ага кандай бата берген?

12 Эдуардо мындай деп эскерет: «Алгачкы эки жыл оңой болгон жок. Топтогон акчам азайгандан азайып, суй жыгыла иштесем да, алган айлыгым кээде чыгымдарыбызды жапканга да жетпей калчу. Бирок биз жыйналыштарды калтырчу эмеспиз жана кабарга чогуу чыкчубуз». Эдуардо үй-бүлөсүн бир нече айга же жылга калтырууга мажбур кыла турган жумуштар жөнүндө ойлоп да койбоону чечип алган. Ал: «Мен бир жумуш болбой калганда, башкасында иштей бериш үчүн ар кандай жумуштарды аткарууну үйрөнүп алдым»,— дейт.

Үй-бүлөңдү багыш үчүн ар кандай жумуштарды аткарууну үйрөнө аласыңбы? (12-абзацты кара)

13 Эдуардого карыздарын бөлүп-бөлүп төлөөгө туура келгендиктен, ал маселе аны бир топ алагды кылган. Бирок ал карыздарынан ошондой жол менен кутулуунун аркасында гана, Жахаба ата-энелерден талап кылгандай, үй-бүлөсү менен дайыма чогуу боло аларын түшүнгөн. Ал мындай дейт: «Азыр тапкан акчам башка өлкөдө иштеп жүргөндөгү айлыгымдын ондон бир бөлүгүнө да жетпейт. Бирок ачка калган күнүбүз болгон жок. Жахабанын колу кыска эмес экен. Анын жардамы менен пионер болууну чечтик. Кызыктуусу, ошондон көп өтпөй экономикалык абал жакшырып, үй-бүлөмдү багуу оңоюраак болуп калды» (Ыш. 59:1).

 ТУУГАНДАРЫҢДЫН КЫСЫМЫНА АЛДЫРБА

14, 15. Туугандарыбыз материалдык нерселерди биринчи орунга коюуга кысым көрсөткөндө, эмне кылсак болот жана биздин жакшы үлгүбүз кандай натыйжа бериши мүмкүн?

14 Көп жерлерде туугандары менен досторуна акча же белек берүү милдет катары каралат. Эдуардо: «Бул — маданиятыбыздын бир бөлүгү, биз башкаларга бир нерсе бергенди жакшы көрөбүз. Бирок мунун чеги болуш керек»,— дейт. Ошондуктан ал туугандарына колунан келишинче жардам берерин, бирок биринчи кезекте өзүнүн үй-бүлөсүнүн муктаждыктарына жана Кудай менен болгон мамилесине көңүл бурарын жылуу-жумшак түшүндүргөн.

15 Үйүнө кайтып келгендерди же акча тапканы башка өлкөгө барбай койгондорду кээде туугандары жактырбай, сынга алышат, атүгүл аларды мерез, өзүмчүл деп айыпташат. Эмне үчүн? Себеби алардын акча жөнөтүп турушун каалашат (Накыл 19:6, 7). Эдуардонун кызы Анна: «Рухий иштерди материалдык нерселерден жогору койсок, кээ бир туугандарыбыз биз үчүн Кудайга сыйынуу канчалык маанилүү экенин убакыттын өтүшү менен түшүнүшү мүмкүн. Эгер алардын ою менен боло берсек, муну кантип түшүнүшмөк эле?» — деп айтат. (Салыштыр: 1 Петир 3:1, 2.)

КУДАЙГА БЕКЕМ ИШЕН

16. а) Өзүбүздү кантип «туура эмес ой жүгүртүү менен» алдап коюшубуз мүмкүн? (Жкп. 1:22). б) Жахаба кандай чечимдерге батасын берет?

16 Күйөөсү менен балдарын калтырып коюп, байыраак өлкөгө иштегени барган бир ишенимдешибиз аксакалдарга: «Бул жакка келишим үчүн, көп нерселерден баш тарттык. Күйөөмө атүгүл аксакалдык кызматын токтотууга туура келди. Ошондуктан Жахаба бул чечимибизге батасын берет деп үмүттөнөм»,— деген. Бирок Жахаба батасын бериши үчүн, ага бекем ишенип, анын эркине ылайык келген чечим чыгарышыбыз керек. Ал эми чыгарган чечимибиз анын эркине каршы келсе, анан калса, ошол чечимди чыгарып жатканда арзыбаган нерселер үчүн кызматтагы сыймыктуу жоопкерчиликтерден баш тартсак, ал кантип батасын берсин? (Оку: Еврейлер 11:6; 1 Жакан 5:13—15.)

17. Эмне үчүн чечим чыгарганга чейин Жахабадан жардам издешибиз керек жана муну кантип кыла алабыз?

17 Андыктан чечим чыгаргандан кийин эмес, чыгарганга чейин Жахабадан жардам изде. Андан ыйык рух, акылмандык, жетекчилик сура (2 Тим. 1:7).  «Жахабага бардык учурда, атүгүл кысымга кабылганда да баш ийүүгө даярмынбы?» — деп ойлонуп көр. Эгер даяр болсоң, анда жөнөкөй шарттарда жашоого туура келсе да, анын тилин алып, үй-бүлөңдүн жанында болосуңбу? (Лк. 14:33). Аксакалдардан кеңеш сурап, алардын Ыйык Китептин негизинде айткан акыл-насаатына ылайык иш кыл. Ошентсең, Жахабанын сага жардам берем деген убадасына ишенериңди көрсөтөсүң. Аксакалдар сен үчүн чечим чыгара албаса да, кийин өкүнүп калбагыдай иш кылышыңа жардам бере алышат (2 Кор. 1:24).

18. Үй-бүлөгө кам көрүүгө ким милдеттүү жана аларга кантип жардам берсек болот?

18 Жахаба үй-бүлө башчыларына үйүндөгүлөрүнө кам көрүү милдетин тапшырган (Гал. 6:5). Андай бир туугандарды кысымга жана азгырыкка туруштук берип, башка өлкөгө кетпей эле ошол милдетин аткарып жатканы үчүн мактап, алар үчүн тиленишибиз керек. Андан тышкары, ишенимдештерибиз күтүүсүздөн кырсыкка учураса же ооруга чалдыкса, аларга кыйынчылыктарды көтөрүүгө көмөк кылып, бир туугандык сүйүүбүздү көрсөткөнүбүз абзел (Гал. 6:2; 1 Пет. 3:8). Андай бир туугандарга материалдык жактан же жумуш табуу жагынан жардам бере аласыңбы? Ошондой болсо, алар үй-бүлөсүн багыш үчүн башка өлкөгө барууга азгырылбашы деле мүмкүн (Накыл 3:27, 28; 1 Жкн. 3:17).

ЖАХАБАНЫН ЖАРДАМ БЕРЕРИН ЭСИҢДЕН ЧЫГАРБА

19, 20. Эмне үчүн Жахабанын жардам берерине шектенбешибиз керек?

19 Ыйык Жазмада: «Колуңарда болгонуна ыраазы болуп, акчаны сүйүүдөн алыс болгула. Анткени Кудай: „Сени эч качан калтырбайм, эч убакта таштабайм“,— деп айткан. Ошондуктан биз: „Жахаба — менин жардамчым; мен коркпойм. Адам мага эмне кыла алат?“ — деп кайраттуулук менен айта алабыз»,— деп жазылган (Евр. 13:5, 6). Бул сөздөрдүн калетсиз экенин турмуш кандайча тастыктоодо?

20 Жакыр өлкөдө жашаган тажрыйбалуу бир аксакал: «Башкалар Жахабанын Күбөлөрүнүн дайыма кубанычтуу жүрөрүн көп айтышат. Алар ошондой эле жакыр турган бир туугандардын да башкаларга караганда жарашыктуу кийинерин жана колунда бар кишилердей көрүнөрүн байкашат»,— деп айтат. Бул Иса Машаяктын убадасынын чындык экенин айкын кылууда (Мт. 6:28—30, 33). Ооба, асмандагы Атабыз Жахаба сени жакшы көрөт жана сага да, балдарыңа да жакшылык гана каалайт. Ал «өзүнүн күчүн ага бүт жүрөгү менен берилген адамдарга жардам бергенге колдонуш үчүн бүт жер жүзүн карап турат» (2 Жылн. 16:9). Анын үй-бүлөлүк жашоого жана өзүбүзгө кам көрүүгө байланышкан көрсөтмөлөрү биздин пайдабыз үчүн берилген. Аларды аткарсак, Жахабаны жакшы көрөрүбүздү, ага таянарыбызды айгинелейбиз. «Анткени Кудайды сүйүү — бул анын осуяттарын аткаруу. Анын осуяттарын аткаруу оор эмес» (1 Жкн. 5:3).

21, 22. Эмне үчүн Жахабага таянууга чечкиндүүсүң?

21 Эдуардо үй-бүлөсүн калтырып, башка өлкөдө иштөөгө короткон убактысын кайра артка кайрый албай турганын айтат. Анткен менен ал өткөн ишти ойлоп, кейий бербейт. Аны менен чогуу иштегендердин айрымдары азыр бай турушат, бирок үй-бүлөлөрүндө чоң көйгөйлөр болуп жаткандыктан, алар бактысыз. Ал эми Эдуардонун үй-бүлөсү абдан бактылуу. Алар бай турушпаса да, башка ишенимдештериндей болуп, Жахабанын жардам берерине бекем ишенишет. Ал: «Биз баарыбыз Исанын айткандары чындык экенине ынанып жатабыз»,— дейт. (Оку: Матай 6:33.)

22 Андыктан сен да кайраттуу бол! Жахабанын тилин алып, ага таян. Жакшы үй-бүлө башчысы болуш үчүн Жахабага, өмүрлүк жарыңа жана балдарыңа болгон сүйүүңдү арттыра бер. Натыйжада Жахабанын жардам берип жатканын сезесиң.

^ абз. 1 Ысымдар өзгөртүлдү.

^ абз. 11 2011-жылдын сентябрындагы (ор.) «Ойгонгула!» журналынын баш макалаларын кара.