Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын Падышалыгы качан келет?

Кудайдын Падышалыгы качан келет?

«Булардын баарын көргөнүңөрдө адам Уулунун жакындап калганын, босогодо турганын билгиле» (МТ. 24:33).

1, 2. а) Адамдардын кандайдыр бир мааниде «сокур» болушуна эмне себеп болушу мүмкүн? б) Кудайдын Падышалыгына байланыштуу эмнелерди билебиз?

КАНДАЙДЫР бир окуяга күбө болгондордун ар кимиси ошол окуянын ар башка жактарын эстеп каларын байкаган чыгарсың. Ошондой эле доктурга көрүнгөн киши оорусу жөнүндө уккандан кийин доктурдун андан аркы сөздөрүнүн бирин эстесе, бирин эстебеши мүмкүн. Маңдайында турган ачкычын же көз айнегин таппай карайлагандар да болот. Мунун баары, изилдөөчүлөрдүн айтымында, сокурлуктун бир түрүнө кирет. Анткени мээбиз, кыязы, бир эле учурда бир эле нерсеге көңүл топтогондуктан, адам башка нерселерди байкабай же унутуп калат.

2 Бүгүнкү күндө да көптөр дүйнөдө болуп жаткан окуяларга назар салбай, кандайдыр бир мааниде «сокур» болуп калышкан. Алар 1914-жылдан бери дүйнөдө чоң өзгөрүүлөр болуп жатканын байкашканы менен, алардын чыныгы маанисин түшүнүшпөйт. Ал эми биз Ыйык Китепти изилдегендиктен 1914-жылы асманда Кудайдын Падышалыгы орногонун, Иса Машаяк анын Падышасы болгонун жакшы билебиз. Ошентсе да бизге: «Падышалыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да сенин эркиң аткарылсын»,— деген сөздөр толугу менен жүзөгө аша электиги маалым (Мт. 6:10). Бул сөздөр азыркы ыймансыз дүйнө жок кылынганда гана толугу менен ишке ашат.  Ошондон кийин Кудайдын эрки, асмандагыдай эле, жерде да аткарылат.

3. Кудайдын Сөзүн изилдөөнүн аркасында эмнелерди билдик?

3 Кудайдын Сөзүн дайыма изилдегендиктен пайгамбарлыктардын учурда аткарылып жатканын өз көзүбүз менен көрүп жатабыз. Ал эми адамдардын басымдуу бөлүгү жөнүндө эмне деп айтууга болот? Алар көр оокат менен алпурушуп жүрө бергендиктен Иса Машаяктын 1914-жылы Падыша болуп дайындалганын жана анын жакында Кудайдын сот өкүмдөрүн ишке ашырарын капарына албай жашап келишет. Андыктан: «Кудайга ондогон жылдардан бери кызмат кылып келатсаң да, дүйнөнүн акырына аз калганына, учурда болуп жаткан окуялар муну тастыктап турганына мурун кандай ишенсең, азыр деле ошондой ишенесиңби? Жахабага жаңыдан кызмат кыла баштагандардан болсоң, жашооңдо эмнелер биринчи орунда турат?» — деген суроолор жөнүндө ойлонуу аябай маанилүү. Бул суроолорго эмне деп жооп бербейли, келгиле, Кудайдын жерге карата ой-ниети толугу менен аткарыларын көрсөткөн үч далилге токтололу.

АТЧАНДАР ЧЫГЫШТЫ

4, 5. а) Иса Машаяк 1914-жылдан бери кандай иштерди кылып жатат? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.) б) Аяндагы үч атчан эмнени билдирет? Ал пайгамбарлык кандайча аткарылып жатат?

4 Иса Машаяк 1914-жылы такка отуруп, падышалык таажыны кийген. Ал Аян китебинде ак боз ат минген чабандес катары сүрөттөлөт. Падышалык бийликке ээ болору менен эле ал Шайтандын дүйнөсүн жок кылуу үчүн аттанган. (Оку: Аян 6:1, 2.) Аян китебинин 6-бөлүмүндөгү пайгамбарлыктар Кудайдын Падышалыгы орногондон кийин дүйнө жүзү боюнча согуштар, ачарчылык, жугуштуу оорулар жана өлүмгө дуушар кылган башка каргашалар болорунан кабар берет. Ал эми Иса Машаякка куйрук улаш чыккан үч атчан ушул каргашаларды билдирет (Аян 6:3—8).

5 Дүйнө төбөлдөрүнүн тынчтык боюнча эл аралык келишимдерди түзгөнүнө карабай, алдын ала айтылгандай эле, «жер бетинен тынчтык» алынган. Биринчи дүйнөлүк согуш кандуу согуштардын башталышы эле болгон. 1914-жылдан бери дүйнөнүн каржы, илим тармактарында укмуштуудай жетишкендиктер болуп жатса да, көптөр ачарчылыктын азабын тартып келет. Мындан тышкары, ар кандай жугуштуу оорулардын, табигый кырсыктардын жана «айыккыс оорулардын» айынан жыл сайын миллиондогондордун өмүрү кыйылып жатканын ким жокко чыгара алат? Чагылгандай тездик менен кеңири кулач жайып, далайлардын башын жуткан мындай каргашалар адам баласынын тарыхында эзели болуп көргөн эмес. Сен бул окуялардын маанисин аңдап жатасыңбы?

Атчандар чыккандан бери дүйнөдөгү абал оорлогондон оорлоп баратат (4, 5-абзацтарды кара)

6. а) Ыйык Китептеги пайгамбарлыктын аткарылганын кимдер баамдашкан? б) Пайгамбарлык аткарылганда, алар эмне кылышкан?

6 Биринчи дүйнөлүк согуш башталганда жана «испанка» эпидемиясы каптаганда, көптөрдүн оюнун баары эле ошо нерсеге бурулуп, башка маанилүү окуяларды баамдабай калышкан. Бирок Иса Машаяктын майланган жолдоочулары «башка элдерге белгиленген убакыттын» 1914-жылы аяктаарын чыдамсыздык менен күтүп жатышкан (Лк. 21:24). Алар бул пайгамбарлыктын кандайча аткарыларын толук түшүнүшпөсө да, 1914-жылы чукул бурулуш болорун жакшы билишкен. Анан пайгамбарлыктын аткарылганына көздөрү жеткенден кийин Кудайдын Падышалыгынын асмандан башкара баштаганын узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына жарыялай башташкан. Бул үчүн алар катуу куугунтукка дуушар болушкан. Бирок ошонун өзү да пайгамбарлыктын аткарылышы болгон. Ошондон кийин ондогон жылдар бою Кудайдын элинин душмандары «мыйзамды колдонуп кыянаттык кылып» келишкен. Ал эле эмес, Кудайдын кызматчыларын ур-токмокко алышкан, түрмөлөргө камашкан, атүгүл дарга асышкан, атууга өкүм кылышкан же баштарын алышкан (Заб. 94:20; Аян 12:15).

7. Эмне үчүн көптөр дүйнөдө болуп жаткан окуялардын маанисин баамдашпайт?

7 Кудайдын Падышалыгынын асманда  орногону айдан ачык көрүнүп турса да, эмне себептен көптөр буга маани беришпейт? Алар дүйнөдө болуп жаткан окуялар менен Жахабанын эли көптөн бери жарыялап келаткан пайгамбарлыктардын ортосундагы байланышты эмне үчүн көрүшпөйт? Анын себеби алардын көргүсү келген нерселерге эле көңүл бурганында эмеспи? (2 Кор. 5:7). Же алар түйшүккө малынып, Кудайдын кандай иштерди кылып жатканын көрбөй жатышабы? (Мт. 24:37—39). Же Шайтандын дүйнөсүндөгү жалган ой-түшүнүктөргө алданып, пайдасыз максаттарга умтулуп жүрүшөбү? (2 Кор. 4:4). Ырас, Кудайдын Падышалыгы кандай иштерди кылып жатканын баамдаш үчүн бекем ишенимге ээ болуу жана көзгө көрүнбөгөн нерселерди көрө билүү маанилүү. Биздин «сокур» болбой, бардык нерселерди так-таасын көрүп жатканыбыз кандай жакшы!

ЖАМАНДЫК БАРГАН САЙЫН КҮЧ АЛУУДА

8—10. а) 2 Тиметей 3:1—5-аяттарда жазылгандар кандайча аткарылып жатат? б) Жамандык барган сайын күч алып жатат деп эмне үчүн айта алабыз?

8 Жамандыктын барган сайын күч алышы — Кудайдын Падышалыгынын жер бетиндеги иштерге кийлигишерине аябай эле аз калганынын экинчи далили. 2 Тиметей 3:1—5-аяттарда жазылгандардын так-даана аткарылып жатканына бир кылымдай болуп калды. Адамдар барган сайын бузулуп, пайгамбарлыкта айтылгандар аткарылбаган бир да жер калган жок. Сен ушуну байкап жатасыңбы? Келгиле анда, муну тастыктаган айрым мисалдарды карап көрөлү. (Оку: 2 Тиметей 3:1, 13.)

9 Жумушту, көңүл ачууну, спортту жана саркеч кийимдерди мисалга алалы. 1940—1950-жылдары жашаган муун үчүн жат болгон нерселер бүгүнкү күндө боло жүргөн эле нерсеге айланды. Зордук-зомбулук, адеп-ахлаксыздык кадимки көрүнүштөрдөн эле болуп калды. Адамдардын ырайымсыздыгы, бузукулугу, зөөкүрдүгү биринен бири өтөт. 1950-жылдары төбө чачты тик тургузган кинолорду, телеберүүлөрдү бүгүнкү күндө уят-сыйытты жыйыштырып коюп, ата-бала дебей, көзүн албай көрүшөт. Ал эми гомосексуалдардын мурдагыдай жашынбай, ыпылас жашоосун эл алдында жарыялап, модага, көңүл ачуу тармагына чоң таасир тийгизип жатканын эч ким тана албайт. Буга байланыштуу Кудайдын көз карашын билгенибиз үчүн ага кандай гана ыраазыбыз! (Оку: Жүйүт 14, 15.)

 10 Бүгүнкү күндөгү бейбаш жаштардын жүрүм-турумун 1950-жылдардагы бейбаш жаштардын жүрүм-турумуна салыштырып болбойт. Ошол жылдары ата-энелер балдарынын чылым чеккенине, ичкенине же кумарды ойготкон бийлерди бийлегенине сарсанаа болушар эле. Ал эми азыркы жаштардын жоругун уксаң, дене боюң дүрт этет. Алсак, 15 жаштагы бир окуучу 2 классташын атып өлтүрүп, 13үн жарадар кылган. Ичимдикке тоюп алып, мас болгон өспүрүм балдар 9 жашар кызды ырайымсыздык менен өлтүрүп, тууганы менен атасын катуу сабап салышкан. Бир билдирүүгө ылайык, Азия өлкөлөрүнүн биринде акыркы он жыл ичинде жасалган кылмыштардын дээрлик жарымын жаштар кылышкан. Жамандыктын күн сайын күч алып жатканына ким эле кошулбайт?

11. Эмне үчүн көптөр жамандыктын барган сайын күч алып баратканына көңүл бурушпайт?

11 Элчи Петир: «Акыркы күндөрдө шылдың сөздөрдү айтып, өз каалоолору боюнча иш кыла турган шылдыңчылдар келет. Алар: „Ал келем деп убада кылбады беле. Кана келгени? Дүйнө жаратылганда кандай болсо, ата-бабаларыбыз өлүм уйкусуна кеткенден бери баары ошол эле бойдон, эч нерсе өзгөргөн жок“,— дешет»,— деп таамай айткан (2 Пет. 3:3, 4). Эмне үчүн көптөр ушинтишет? Адамдар бир нерсени кечке эле көрө беришсе, көзү көнүп калып, ага бара-бара көңүл бурбай деле калышат көрүнөт. Эгер жакын досубуз туруп туруп эле бир жаман иш кылып салса, төбөбүздөн ылдый муздак суу куюп жибергендей эле болмокпуз. Ал эми бүтүндөй коомдун ыйманы кетип, акырындап бузула баштаганына бара-бара көнүп деле калышыбыз мүмкүн. Бирок адеп-ахлак нормаларынын билинбей төмөндөп баратканы абдан кооптуу экенин унутпайлы.

12, 13. а) Дүйнөнүн бузулуп баратканына эмне үчүн көңүлүбүздү чөгөрбөшүбүз керек? б) Эмнени билгенибиз «өзгөчө оор» мезгилде кыйынчылыктарга туруштук берүүгө жардам берет?

12 Элчи Пабыл «акыркы күндөрдө» жашоонун «өзгөчө оор» болорун айткан (2 Тим. 3:1). Бирок ал күндөр биз көтөрө алгыс оор болбойт, андыктан элден обочолонуп, бир жерге жашынып алуунун зарылдыгы жок. Жахабанын, ыйык рухтун, жыйналыштын жардамы менен, кандай гана кыйынчылык болбосун, баарын көтөрүп кете алабыз. Ооба, биз Кудайга болгон берилгендигибизди сактай алабыз. Себеби Кудай «адаттан тышкаркы күч» берип турат (2 Кор. 4:7—10).

13 Акыркы күндөр жөнүндө кеп кылганда элчи Пабылдын «бил» деген сөздү айтканы көңүлгө аларлык. Бул сөз анын айткандары сөзсүз аткарыларын көрсөтүп турат. Жахаба ыймансыз дүйнөнү жок кылган күнгө чейин жамандык күч алып, жетер чегине жетери турган иш. Ыйманы кетип, бузулган кайсы бир коомдун же элдин акыры жүрүп кыйрап, биротоло жок болгонуна тарыхты күбөгө тартсак болот. Эч бир доордо бүтүндөй адамзат жамандыкка, бузуктукка азыркыдай белчесинен баткан эмес. Көптөр ушунун баарын этибарга албай жатышат, бирок биз 1914-жылдан бери болуп жаткан окуялар Кудайдын Падышалыгынын жакында чечкиндүү иш-аракет кыларынын төгүндөлгүс далили экенин билебиз.

БУЛ МУУН ӨТҮП КЕТПЕЙТ

14—16. Кудайдын Падышалыгынын жакында келерин көрсөткөн үчүнчү далил кайсы?

14 Келгиле эми, Кудайдын Падышалыгынын жакында келерин көрсөткөн үчүнчү далилди карап көрөлү. Кудайдын элинин тарыхында болгон окуялар да бул дүйнөнүн акырына аз эле убакыт калганын далилдеп турат. Маселен, Кудайдын Падышалыгы асманда орногонго чейин майланган, ишенимдүү бир туугандардын тобу Кудайга жигердүү кызмат кылып келишкен. 1914-жылга байланыштуу пайгамбарлык алар күткөндөй аткарылбай калганда, эмне кылышкан? Ал бир туугандардын көбү оор кыйынчылыктарга, куугунтукка моюн сунбай, Жахабага берилгендикте кызмат кыла беришкен. Алардын баары болбосо да, көбү жердеги кызматынын  аягына чейин ишенимдүүлүгүн сакташкан.

15 Иса Машаяк бул дүйнөнүн акырына байланыштуу: «Ушулардын баары аткарылмайынча, бул муун жок болбойт»,— деп да пайгамбарлык кылган. (Оку: Матай 24:33—35.) Анын «бул муун» деген сөздөрү майлангандардын эки тобуна тиешелүү экенин жакшы билебиз. Биринчи топко 1914-жылы Машаяктын бийлик кыла баштаганын баамдаган майлангандар кирет. Алар 1914-жылы көзү тирүү эле болбостон, ошол жылы же ага чейин Кудайдын уулдары катары ыйык рух менен майланышкан (Рим. 8:14—17).

16 Ал эми экинчи топту биринчи топтогу майлангандардын замандаштары түзөт. Алар биринчи топко кирген майлангандар жерде кызмат кылып жүргөн убакта көзү тирүү эле болбостон, ошол учурда ыйык рух менен майланган бир туугандардан болушкан. Демек, бүгүнкү күндөгү майлангандардын баары эле Иса Машаяк айткан «бул муунду» түзбөйт. Бүгүнкү күндө экинчи топко кирген майланган бир туугандардын жашы өр тартып калды. Ошентсе да, Иса Машаяктын Матай 24:34төгү сөздөрүнө ылайык, «бул муунга» кирген майлангандардын айрымдары улуу алааматтын башталышын көрмөйүнчө «жок болбойт». Бул бизди Кудайдын Падышалыгынын Падышасы ыймансыз дүйнөнү жок кылып, адилдик өкүм сүргөн жаңы дүйнөнү орноторуна аябай эле аз убакыт калганына ого бетер ынандырат (2 Пет. 3:13).

МАШАЯК ЖАКЫНДА ТОЛУГУ МЕНЕН ЖЕҢИШКЕ ЖЕТЕТ!

17. Бул макалада талкууланган үч пайгамбарлыктын негизинде кандай жыйынтык чыгарсак болот?

17 Жогоруда талкууланган үч пайгамбарлыктын негизинде кандай жыйынтык чыгарсак болот? Иса пайгамбар: «Ал күндү жана саатты эч ким... билбейт»,— деп айткан. Чынында эле, аны эч кимибиз билбейбиз (Мт. 24:36; 25:13). Бирок, элчи Пабыл жазгандай, «уйкудан ойгоно турган убак келгенин» жакшы билебиз. (Оку: Римдиктер 13:11.) Ооба, биз акыркы күндөрдө жашап жатабыз. Эгер Ыйык Китептеги пайгамбарлыктарга, Жахаба Кудай менен Иса Машаяктын кандай иштерди кылып жатканына бүт көңүлүбүздү топтосок, күнү бүтүп бараткан бул дүйнөнүн акыркы күндөрүнүн акыркы сааттарында жашап жатканыбызга кымындай да шектенбейбиз!

18. Машаяктын Падыша экенин четке каккандар эмне болушат?

18 Ак боз ат минип, жеңиш артынан жеңишке жетиш үчүн чыккан Иса Машаякка зор бийлик берилгенин четке каккандардын баары жакында чоң жаңылыштык кетиргенин моюнга алууга аргасыз болушат. Алар жазадан эч жакка качып кутула алышпайт. Кудайдын каары төгүлө турган күнү көптөр өздөрүн көкүрөккө койгулап: «Ага ким туруштук бере алат?» — деп боздоп ыйлашат (Аян 6:15—17). Бирок Аян китебинин кийинки эле бөлүмүндө алардын бул суроосуна жооп берилет. Ошол күнү Кудайдын ырайымына ээ болгон майлангандар менен жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүттөнгөн «эбегейсиз көп адамдар» гана «туруштук бере алышат». Ооба, башка койлорго кирген «эбегейсиз көп адамдар» улуу алааматтан аман өтүшөт (Аян 7:9, 13—15).

19. Акыркы күндөр жакында соңуна чыгарына бекем ишенгениң үчүн кандай баталарды аласың?

19 Чоң өзгөрүүлөр боло турган азыркы маалда Ыйык Китептеги пайгамбарлыктардын кандайча аткарылып жатканына бүт дитибизди койсок, Шайтандын дүйнөсүндөгү ар кандай азгырыктарды четке кага алабыз. Ошондой эле «сокур» болбой, дүйнө жүзүндө болуп жаткан окуялардын маани-маңызын аңдай алабыз. Машаяк жакында адилеттүү согуш жүргүзүп, ыймансыз дүйнөнү биротоло жок кылат (Аян 19:11, 19—21). Ошондон кийин баарыбыз чексиз кубанычка бөлөнүп, укмуштуудай баталарды алабыз! (Аян 20:1—3, 6; 21:3, 4).