Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ал Каяпанын үй-бүлөсүнөн болгон

Ал Каяпанын үй-бүлөсүнөн болгон

Кээде археологиялык табылгалар түздөн-түз же кыйыр түрдө Ыйык Китепте айтылган инсандардын чындап эле болгонун ырастайт. Алсак, 2011-жылы Израиль окумуштуулары ошондой табылгалардын бири жөнүндө маалымат жарыялашкан. Ал табылга маркумдун денеси чиригенден кийин, сөөктөрү салынган акиташ куту болгон. Ага 2000 жыл болгон.

Ал кутуда: «Мириам — Бет Имриден болгон Мазиянын дин кызматчысы Каяпанын уулу Иешуанын кызы»,— деген сөздөр жазылган. Иса Машаякты кыйноого жана жазалоого катышкан жүйүт башкы дин кызматчы Каяпа болгон (Жкн. 11:48—50). Тарыхчы Иосиф Флавий аны «Каяпа деп да аталган Жусуп» деп атаган. Табылган куту, кыязы, анын туугандарына таандык болгон. Ага чейин табылган, башкы дин кызматчынын өзүнө таандык кутуда ал жөнүндө «Иехосеф бар Каиафа», башкача айтканда, «Каяпанын уулу Жусуп» деп жазылган *. Демек, Мириамдын Каяпа менен туугандык жайы болгон.

Израилдин байыркы доордун эстеликтери боюнча башкармалыгы берген маалыматка ылайык, Мириамдын сөөгү салынган куту эзелки көрүстөндөрдөгү нерселерди уурдаган уурулардан кайтарып алынган. Ал артефактты жана андагы жазууларды анализдөөдөн анын чындап эле баштапкы куту экендиги аныкталган.

Ал кутудагы жазуудан дагы бир нерсе белгилүү болду. Анда Мазия тууралуу жазылган. Ал Иерусалимде кезектешип кызмат кылган дин кызматчылардын 24 тобунун акыркысы болгон (1 Жылн. 24:18). Аталган башкармалык билдиргендей, кутудагы жазуу «Каяпанын үй-бүлөсү Мазия тобунда болгонун» көрсөтүп турат.

Кутудагы жазууда Бет Имри тууралуу да айтылган. Ал эки нерсени билдириши мүмкүн. «Ал дин кызматчылардын үй-бүлөсүн, Мазия тобуна кирген Имердин уулдарын, билдириши мүмкүн (Эзра 2:36, 37; Нек. 7:39—42). Же болбосо [Бет Имри] Мириам же анын үй-бүлөсү жашаган жерди билдириши ыктымал»,— деп билдирет жогоруда айтылган башкармалык. Кандай болбосун, Мириямдын сөөгү салынган куту Ыйык Китепте тарыхый инсандар жөнүндө жазылганын дагы бир ирет тастыктап турат.

^ абз. 3 Каяпанын сөөгү салынган куту жөнүндө 2006-жылдын 15-январындагы «Күзөт мунарасынын» (ор.) 10—13-беттериндеги «Исаны өлүмгө кыйган башкы дин кызматчы» деген макаладан окусаңар болот.