Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | БАЛА ТАРБИЯЛОО

Баланы кантип мактоо керек?

Баланы кантип мактоо керек?

КӨЙГӨЙ

Кээ бирөөлөр баланы мактоо эч качан ашыкча болбойт деген ойдо болушса, башкалар дайыма мактай берүү баланы бузат деп ойлошот.

Бирок баланы канчалык көп мактаганыңарга эле эмес, кантип мактаганыңарга да көңүл бурганыңар маанилүү. Силер балаңарды адатта эмне деп мактайсыңар? Мактоонун кандай түрү балаңарга терс таасир тийгизиши мүмкүн? Ал эми кандай түрү жакшы таасир этет?

ЭМНЕЛЕРДИ БИЛИШИҢЕР КЕРЕК?

Мактоонун баары эле бирдей боло бербейт. Төмөнкүлөргө көңүл бурсаңар:

Ыксыз мактоо. Айрым ата-энелер балдарынын өзүн сыйлоо сезимин жогорулатуу үчүн аларды жөнү болбосо деле мактай беришет. Бирок балдардын психологиясы боюнча адис Дейвид Уолш эскерткендей, «алар силердин ашыра айтып жатканыңарды дароо эле байкап, чынында башкача ойдо экениңерди билип коюшат. Ошондой эле [мактоого] татыктуу эмес экенин билгендиктен айтканыңарга ишенбей калышы ыктымал» («No: Why Kids—of All Ages—Need to Hear It and Ways Parents Can Say It»).

Жөндөмү үчүн мактоо. Кызыңардын сүрөт тартууга шыгы бар дейли. Андайда ошол шыгын андан ары өрчүтүп кетишин каалап, албетте, аны мактагыңар келет. Бирок мунун терс жагы болушу мүмкүн. Себеби баланы шык-жөндөмү болгону үчүн эле мактай берсеңер, ал өзү шыктуу болгон жана ал үчүн оңой болгон нерселерди гана кылып, ошолорду гана беттеп калышы мүмкүн. Ал тургай шыгым жок деп коркуп, башка нерселерди кылуудан тартынышы ыктымал. Ал: «Эгер кайсы бир нерсени кылуу мен үчүн кыйын болуп жатса, демек, мен ага шыктуу эмесмин. Анда аракет кылуунун эмне кереги бар?» — деп ойлошу мүмкүн.

Аракети үчүн мактоо. Кайсы бир нерсеге жөндөмдүү болгону үчүн эле эмес, тырышчаактыгы жана аракети үчүн мактоо сөзүн уккан балдар маанилүү бир чындыкты — кандайдыр бир иште чебер болуш үчүн чыдамкай жана аракетчил болуу талап кылынарын — түшүнөт. Ошонун аркасында алар, бир китепте айтылгандай, «кайсы бир иште каалаган натыйжага жетиш үчүн талыкпай аракет кылат жана ийгиликке жетпей калган күндө да, өзүн эч нерсеге жараксыз деп эсептебей, үйрөнчүк деп эсептейт» («Letting Go With Love and Confidence»).

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Шыгы үчүн эле эмес, аракети үчүн мактагыла. Балаңар тарткан сүрөттү көрүп, «сүрөт тартканга шыгың бар» деп мактаганга караганда, «аябай аракеттенип, сонун тартыптырсың» деп мактаганыңар алда канча жакшы. Албетте, эки учурда тең балаңарды мактаган болосуңар. Бирок биринчи учурда, өзүңөр билбей эле, балаңар тубаса жөндөмдүүлүгү бар болгон нерселерди гана жакшы кыла алат дегендей болуп каласыңар.

Ал эми аракети үчүн мактасаңар, балаңарга жөндөмдүүлүк тажрыйбанын аркасында өрчүй турганын үйрөткөн болосуңар. Ошонун аркасында ал жаңы нерселерди үйрөнүүдөн коркпой, өзүн ишенимдүүрөөк сезет (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 14:23).

Багынбаганга жардам бергиле. Жакшы адамдар деле ката кетиришет, кээде катасын атүгүл бир нече жолу кайталап алышат (Накыл сөздөр 24:16). Бирок ар бир жолкусунан сабак алганды үйрөнүп, андан ары аракет кыла беришет. Балаңарга ошондой адам болууга кантип жардам берсеңер болот?

Ал үчүн кайра эле балаңардын кылган аракетине көңүл топтогула. Келгиле, бир мисал карап көрөлү. Маселен, кызыңарды «тубаса математиксиң» деп мактай бересиңер дейли. Бирок бир күнү ал математика боюнча сынактан өтпөй калат. Ошондо ага шыгы жоголуп кеткендей сезилгендиктен андан ары аракет кылгысы келбей калышы мүмкүн.

Ал эми аракетине көңүл топтосоңор, тырышчаактыкка үйрөткөн болосуңар жана ката кетиргенин чоң көйгөй көрүп албаганга жардам бересиңер. Ошондо ал кыйынчылыкка багынып калбай, ишти башкача кылып көрүүгө же көбүрөөк күч жумшоого аракеттенет (Ыйык Китептеги принцип: Жакып 3:2)

Негиздүү сын пикир. Туура маанайда айтылган сын пикир балаңардын ындынын өчүрбөй, кайра ага жакшы жардам болот. Ошондой эле аны дайыма жөнү менен мактап турсаңар, ал силердин кайсы жагынан жакшырышы керектигине байланыштуу айткан сын пикириңерди да жакшы кабыл алат. Ошондо анын ийгилиги өзүнө да, силерге да кубаныч тартуулайт (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 13:4).