ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?
Жакырчылык
Бул көйгөйдү чечиш үчүн көптөгөн иш-аракеттер кылынып жатканына карабай миллиондогондор жакырчылыктын азабын тартып келет.
Жакырлар канткенде бактылуу боло алышат?
КӨПТӨР ЭМНЕ ДЕШЕТ?
Көптөр бактылуу болуш үчүн же каалаган максатыңа жетиш үчүн сөзсүз акчалуу болуш керек деп ойлошот. Алар ийгиликтүү болушуң да көбүнчө акчадан көз каранды деп эсептешет. Ал эми жарды жашагандарга орто билимге, сапаттуу медициналык тейлөөгө жана жашоо үчүн башка маанилүү нерселерге жетүүгө мүмкүнчүлүгү аз же такыр эле жок болгондуктан бактылуу болуу жана жашоодон канааттануу алуу мүмкүн эместей сезилет.
ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?
Ыйык Китепте адамдын бактылуу болушу байлыгынан эмес, Кудай менен болгон мамилесинен көз каранды экени айтылат. Анда: «Рухий муктаждыгын сезгендер бактылуу»,— деп жазылган (Матай 5:3). Колунда бар болобу же жок болобу, рухий муктаждыгын сезгендер дайыма кайсы бир нерсеге карата Кудайдын көз карашын билүүгө умтулгандыктан, Ыйык Китепти окушат. Ыйык Китепте болсо жаркын келечекке үмүт байлаткан жана жан дүйнөнү тынчтандырган чындык жазылган. Адамды так ошол чындык бактылуу кыла алат.
Ыйык Китептеги кеңештерди баалай билген жана аларды жашоосунда колдонгон кишиге жакырчылыктын мүшкүлүн көтөрүү жеңилирээк болот. Мисалы, Ыйык Китеп тамеки чегүү, ичкиликти ашкере ичүү сыяктуу жаман адаттардан арылууга үндөйт. Андай адаттар капчыкты жукартканы аз келгенсип, ар кандай ооруларды пайда кылгандыктан кийин кымбат дарылануу талап кылынып калышы мүмкүн (Накыл сөздөр 20:1; 2 Корунттуктар 7:1).
Андан тышкары, Ыйык Китеп ач көздүк менен дүнүйөкорлуктун кесепеттүү экенин эскертет (Марк 4:19; Эфестиктер 5:3). Ал эскертүүлөргө кулак каккан киши, маселен, акчасын текке коротуп кумар ойнобойт жана «көптөгөн азаптарга» сала турган «акчага болгон сүйүүнүн» жүрөгүндө тамыр алышына жол бербейт (1 Тиметей 6:10). Ыйык Китепте: «Адамдын дүнүйөсү ашып-ташып турса да, колунда болгон мүлкү ага өмүр бере албайт»,— деген да эскертүү бар (Лука 12:15). Жөнөкөй сөз менен айтканда, акчага өмүр сатып ала албайсың. Ал эми Ыйык Китептеги кеңешти колдонуу кишинин жашоосун маңызга толтуруп, аны чындап бактылуу кылат.
Үй-жай, тамак-аш, кийим-кече сыяктуу нерселерден кыйналганы менен, киши колунда бар нерсеге каниет кылып, Жаратканга жаккыдай жашоо өткөрүп, анын айткандарын аткарса, ошондой эле Ыйык Китептеги: «Жахабанын батасы байытат, өзү менен кошо кайгы алып келбейт» — деген убадага ишенсе, бактылуу боло алат (Накыл сөздөр 10:22).
НЕГИЗГИ АЯТ: «Рухий муктаждыгын сезгендер бактылуу» (Матай 5:3).
Жакырчылык жоюлабы?
ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?
Адамдардын жакырчылыкты жоюу боюнча кылган аракетинен майнап чыкпай келет, ал эми жакында Кудай керт башынын гана кызыкчылыгын көздөп, жакырчылыкка себепкер болуп жаткан адамдарга жана өкмөттөргө каршы чара көрөт (Насаатчы 8:9). Жаратканыбыз өзүнүн жыргалчылыгын гана ойлогон адамдык өкмөттөрдү жоюп, өзүнүн Падышалыгын, асмандагы өкмөтүн, орнотот. Ал өкмөт адамдарды эч нерседен өксүтпөй, баарына тегиз кам көрөт. Ыйык Китепте Кудайдын Падышалыгы бей-бечаралардын бардык муктаждыгын канааттандырары айтылган. «Ал жардам сурап жалбарган жакырды... куткарат. Бечара менен жакырды аяйт, кембагалдардын жанын сактайт»,— делет ал китепте (Забур 72:12—14).
Ал заман келгенде, жер бейишке айланып, ар биринин үй-жайы болот, тамак-аш кенен болот. Ыйык Китепте ал жөнүндө: «Адамдар үйлөрдү куруп, курган үйлөрүндө жашашат, жүзүм отургузуп, мөмөлөрүн жешет. Алар... өз эмгегинин үзүрүн толугу менен көрүшөт»,— делет (Ышая 65:21, 22). Ошондо азыркы учурда эптеп күн көрүп жаткандар Жахаба Кудайдан бата алып, ирегесинен май агып, жашоонун жыргалын көрүп жашашат (Ышая 25:6).
МУНУ БИЛҮҮ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?
Кудайдын жакырчылык болбой турган заманды алып келери жөнүндөгү убадасы кысталышта жашап жаткандарды Кудайдын аларга кайдыгер карабай турганына жана жакында бүт кыйынчылыктарынан арылтарына ынандырат. Кудайдын ошол убадасы жөнүндө ой жүгүртүү азыркы кыйынчылыктарды көтөрүп кетүүгө күч берет.
НЕГИЗГИ АЯТ: «Ал жардам сурап жалбарган жакырды... куткарат. Бечара менен жакырды аяйт, кембагалдардын жанын сактайт» (Забур 72:12, 13).