Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өзү жаралганбы?

Мышыктын муруту

Мышыктын муруту

ҮЙ МЫШЫГЫ — көбүнчө түнкүсүн жүргөн жаныбар. Ага караңгыда тегерек-четиндеги нерселерди сезе билүүгө жана жемин кармоого муруттары жардам берет.

Көңүл бурсаңар: Мышыктын муруттарынын түбү сезгич нерв учтарына жык толгон ткандар менен байланышкан. Ал нервдер абадагы билинер-билинбес кыймылды да сезет. Ошондуктан мышык тегерегиндеги нерселердин каерде турганын көрбөй эле аныктай алат. Мындай жөндөмдүүлүктүн, албетте, өзгөчө, караңгыда жардамы тиет.

Муруттары басымга абдан сезгич келгендиктен, мышык алардын жардамы менен жеминин же башка нерсенин турган жерин жана кыймылын, ошондой эле кайсы бир тешикке кирерден мурун ага батар-батпасын да аныктай алат. «Британ энциклопедиясында» мындай делет: «Мышыктын муруттарынын аткарган милдети толук изилденип бүтө элек, бирок эгер аларды кыркып салса, мышык убактылуу көп нерсеге жөндөмсүз болуп калары анык».

Окумуштуулар мышыктын мурутуна окшоштурулуп жасалган сенсорлору бар жана алардын жардамы менен айланасындагы нерселерди сезе билип, аларга урунбай кыймылдай ала турган роботторду жасоону ойлонуштурууда. Электрондук муруттар деп аталган ал сенсорлор, Калифорния университетинде (Беркли шаары) эмгектенген профессор Али Жевинин айтымында, «роботтоштурулган техникаларды, адам башкарган техникаларды жана биологиялык жабдыктарды жасоодо кеңири колдонулат».

Кандай деп ойлойсуңар? Мышыктын муруттарынын өзгөчөлүгү эволюциянын натыйжасыбы? Же мышык ошондой өзгөчөлүк менен жаратылды беле?