МУКАБАДАГЫ ТЕМА
Тиричилик кантип пайда болгон?
Төмөнкү жерге кайсы вариантты жазат элеңер?
ТИРИЧИЛИК....... ЖОЛУ МЕНЕН ПАЙДА БОЛГОН
-
А. ЭВОЛЮЦИЯ
-
Б. ЖАРАТУУ
АЙРЫМДАР шак эле илимий көз караштагылар «эволюция» дегенди, ал эми динге ишенгендер «жаратуу» дегенди тандашат деп ойлошу мүмкүн.
Бирок сөзсүз деле андай эмес.
Анткени көптөгөн илимдүү-билимдүү кишилер, анын ичинде көптөгөн окумуштуулар эволюция теориясынын калетсиздигине күмөн санашууда.
Алсак, коллежден эволюцияны окуган энтомологиянын профессору Жерард: «Тест тапшырганда профессорлор туура деп эсептеген, алар каалаган жоопту жазчумун, бирок өзүм ага ишенчү эмесмин»,— дейт.
Жашоо эволюциянын натыйжасында пайда болгон дегенге ишенүү эмне себептен атүгүл илимдүү-билимдүүлөргө да кыйынга турат? Бул суроого жооп алыш үчүн адегенде окумуштуулардын башын маң кылган: «Тиричилик кантип пайда болгон? Тирүү организмдер кантип өрчүгөн?» — деген эки суроого токтололу.

