Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Иммигранттардын жашоосу оңойбу?

Иммигранттардын жашоосу оңойбу?

Жашоону жакшыртууну көздөө

ЖОРЖ үй-бүлөсүн бакканга кудурети жетпей, аргасы түгөнүп турган. Коңшуларынын айрымдары ооруп, кээ бири ачка отурушкан. Жорж коңшу өлкөдө абал кыйла жакшы экенин билчү. Ал: «Ошол жакка барып иштейин, кийин үй-бүлөмдү да алып кетем»,— деп ойлогон.

Патрисия чет өлкөгө барсам эле бутума туруп кетем деп кыялданган. Анын жумушу, билим алууга шарты да жок болчу. Ошондуктан Нигериядан Алжирге, андан ары Испанияга барууну чечкен. Сахара чөлү аркылуу жол жүргөндө канчалык азап тартары анын оюна да келген эмес. Патрисия: «Ошол кезде боюмда бар болчу. Баламды эч нерседен кем кылбай чоңойткум келген»,— деп ой бөлүшөт.

Филиппинде жашаган Рейчел жумушунан айрылып калган. Туугандары чет өлкөдө үй жыйнап иштеген жумуштар көп экенин айтышкандыктан, Испанияга барып иштөөнү чечкен. Ошентип, жол киреге карыз алып, күйөөсү, кызы менен коштошуп: «Көпкө деле жүрбөйм, бат эле келем»,— деген да, Испанияга учуп кеткен.

Акыркы он жылдыкта 200 миллиондон ашуун киши, Жорж, Рейчел, Патрисиялардай болуп, жер которуп кеткен. Айрымдар согуштун, табигый кырсыктын, куугунтуктун айынан көчүшсө, көпчүлүгүнө акчанын айынан өлкөсүнөн кеткенге туура келген. Чет өлкөгө кеткендер ал жактан кандай кыйынчылыктарга кабылышат? Жер оодарса эле, жашоосу оңолуп кетеби? Ата-энеси акча табам деп башка жакка кеткенде, балдары эмне болот? Келгиле анда, ушул суроолорго жооп алалы.

 Жол азабы жана башка кыйынчылыктар

Чет жакка сапар алуунун биринчи эле азабы — жол жүрүү. Буга чейинки макалада сөз кылынган Жорж биртике эле тамак-аш алып, жүздөгөн километрге созулган узак жолго чыккан. Ал: «Жолдо тарткан азабымды эстесем, жүрөгүм титиреп кетет»,— дейт. Чет өлкөгө бараткандардын көбү көздөгөн жерине жетпей да калат.

Испанияга барууну чечкен Патрисия үстү ачык жүк ташыган машинеге отуруп, Сахара чөлү аркылуу жол тарткан. Ал мындай дейт: «Машиненин аркасында 25 киши тыгылып отурганбыз. Нигериядан Алжирге бир жума дегенде жеттик. Жолдо баратып кишилердин өлүгүн жана чөлдө тентип жүргөн, ачкадан өлөйүн деп калган кишилерди көрдүк. Аларды мерез болуп калган шопурлар жолдон түшүрүп салса керек».

Жорж менен Патрисиядан айырмаланып, Рейчел Испанияга учак менен жеткен. Жумушу да даяр болчу. Бирок эки жашар кызын канчалык сагынып куса болорун элестеткен эмес. Ал: «Кичинекей баласын көтөрүп, эркелетип жүргөн аялдарды көргөндө кызымды эстеп, жүрөгүм сыздап кетчү»,— деп эскерет.

Жорж барган өлкөгө көнө албай аябай кыйналган. Ал үйүнө бир нече ай өткөндөн кийин гана акча салган. «Жалгыздык, ичке толгон бук көөдөндү тээп чыкканда, чыдабай ыйлаган түндөр да болду»,— деп Жорж ачык айтат.

Патрисия Алжирде жүргөнүнө бир нече ай болуп калганда, Марокконун чек арасына жакын жайгашкан бир жерге барган. Ал мындай деп эскерет: «Кызымды ошол жактан төрөдүм. Ал жактан мага окшоп иштейм деп келген аялдарды уурдап кетип, сойку болгонго мажбурлаган кишилерден жашынып жүрдүм. Акыр-аягы, Испанияга барганга жеткидей бир аз акча таап, Испанияга жеткире турган бир кайыкка түштүм. Биз түшкөн кайык көп киши түшкөнгө ылайыкташтырылбаган, эскилиги жеткен кайык эле. Жетер-жеткиче кайыкка толгон сууну бут кийимибиз менен шалпып сыртка төгүп жүрүп отурдук. Жээкке жеткенде, кайыктан түшкөнгө дарманым калбай калды».

Чет өлкөгө барууну ойлонуштуруп жаткандар жолдо туш боло турган кыйынчылыктардан сырткары башка да кыйынчылыктарга кабылышы мүмкүн экенин эске алышы зарыл. Алар ал жактын тилин, маданиятын билбегендиктен кыйналарын жана ал өлкөнүн жараны же убактылуу тургуну болуш үчүн документ чогултканга көп акчасы, убактысы кетерин да ойлонушу керек. Ал эми мыйзамдуу түрдө катталып, тийиштүү документтерди толтурбагандар жакшы жумушка орношуу, турак-жай табуу, билим алуу, медициналык жардам алуу жагынан кыйналышат. Ошондой эле айдоочунун күбөлүгүн алуу жана банктан эсеп ачуу кыйынга турушу мүмкүн. Андан тышкары, андай адамдар көбүнчө маянасы аябай аз, оор жумуштарда иштегенге аргасыз болушат.

Дагы бир эске алчу нерсе — акча маселеси. Акчага таянса болобу? Ыйык Китепте: «Байлык топтойм деп, түйшүк тартпа. Өз түшүнүгүңө таянба. Жок болуп кете турган байлыкты эмнеге телмире карайсың? Ал бүркүттүкүндөй канат жасап алып, асманга  учуп кетет»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 23:4, 5). Үй-бүлөдөгү сүйүүнү, биримдикти, ынтымакты, жан дүйнө бейкуттугун акчага сатып алуу мүмкүн эмес экенин унутпашыңар кажет. Айрым жубайлардын бири-биринин жанында болгондун ордуна, акча табууну гана ойлогону өкүндүрбөй койбойт! (2 Тиметей 3:1—3).

Адам баласы Кудай жөнүндө билим алганга муктаж болуп жаралган (Матай 5:3). Андыктан балдарынын камын ойлогон ата-энелер балдарына Кудай жөнүндө, анын ой-ниети жөнүндө айтып берип, Кудайдын осуяттарын үйрөтүшү керек (Эфестиктер 6:4).

 Үй-бүлөнүн чогуу болгону акчадан артык

Чет өлкөгө иштегени кеткендердин башынан өткөргөн окуялары ар кандай, бирок баары эле макаланын башында айтылган Жорж, Рейчел жана Патрисиялардыкындай кыйынчылыктарга кабылышат. Ата-энелер же жубайлардын бири алыска кеткенде өздөрү да, балдары да же үйдө калган жубайы да кыйналат. Үй-бүлө кайра чогуу болгонго чейин бир нече жыл өтүшү мүмкүн. Мисалы, Жорж үйүнө төрт жыл өткөндөн кийин гана кайтып келген.

Рейчел мекени Филиппинге кайтып келип, кызын көргөнгө чейин беш жылдай убакыт өткөн. Патрисия болсо жаңы төрөлгөн кызы менен Испанияга жеткен. Ал мындай дейт: «Кызымдан башка эч кимим жок, ошон үчүн аны эч нерседен кем кылбай чоңойткум келет».

Чет жакка баргандардын көбү жалгыздыктан, акчадан, үй-бүлөсүнөн алыс болгондуктан кыйналса да, чыдап жүрө беришет. Анткени алар башка өлкөгө барып иштеш үчүн көп акча кетиришкен. Адатта, иши оңунан чыкпай калганын мойнуна алып, өз жерине кайтып келгендер аз болот. Көпчүлүгү үйүнө куру кол келгенден, элден уялгандыктан барган жеринде жүрө берет.

Баарына көз жумуп, үйүнө кайтып келгендердин бири — филиппиндик Алан. Ал Испаниядан жакшы жумушка орношкон, бирок бир жарым жылдан кийин эле үйүнө кайтып келген. Алан мындай деп ой бөлүшөт: «Аялымды, кичинекей кызымды укмуштай сагындым. Ошондон кийин үй-бүлөмсүз эч жакка барбайм, кетсем, үй-бүлөмдү ала кетем деп чечтим. Кийинчерээк үй-бүлөм менен көчүп кеттим. Акчадан көрө, аялыңдын, балдарыңдын жаныңда болгону артык экен».

Акчадан да маанилүү болгон дагы бир нерсе бар экени Патрисиянын сөздөрүнөн көрүнүп турат. Ал Испанияга Инжил китебин ала барган болчу. «Ал китепти алып жүрсөм, ишим оңунан чыгат деп ойлогом,— дейт Патрисия.— Бир жолу Жахабанын Күбөсү болгон бир аялга жолугуп калдым. Мурда алар менен сүйлөшкүм келчү эмес. Анын айткандары туура эмес экендигин далилдеш үчүн ага көп суроолорду бердим. Бирок ал суроолорума Ыйык Китептин негизинде эң сонун жооп берди».

Патрисия Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында бакыт акчадан, кайсы жерде жашагандан көз каранды эмес экенин, адамдын Кудай жана анын ой-ниети жөнүндө билгенде гана чындап бактылуу болуп, келечекке үмүт менен караарын түшүнгөн (Жакан 17:3). Ошондой эле Ыйык Китептен Кудайдын ысымы Жахаба экенин окуган (Забур 83:18). Андан тышкары, Кудайдын жакын арада Иса Машаяк башкарган өкмөтү аркылуу жакырчылыкты жок кыларын билген (Даниел 7:13, 14). Бул жөнүндө Ыйык Китепте: «Ал [Иса Машаяк] жардам сурап жалбарган жакырды, бечараны жана жардамчысы жоктордун баарын куткарат. Алардын жанын кысымдан, зордук-зомбулуктан куткарат»,— деп айтылат (Забур 72:12, 14).

Силерди да Ыйык Китепти окуп көргөнгө чакырабыз. Ал жакта жазылгандар жашооңордо эмне биринчи орунда турушу керектигин түшүнгөнгө, туура чечим чыгарганга, кыйынчылыктарга туш болгондо чөгүп кетпегенге жана жакшы нерседен үмүтүңөрдү үзбөгөнгө жардам берет (Накыл сөздөр 2:6—9, 20, 21).