«Жакшы ат көп байлыктан артык»
ЖАКШЫ атка же жакшы абройго ээ болуу ушунчалык маанилүү болгондуктан айрым өлкөлөрдө бул мыйзам тараптан корголот. Андай мыйзам адамды жазуу түрүндөгү, оозеки түрүндөгү же массалык маалымдоо каражаттары аркылуу таратылган жалаадан коргоону камтышы мүмкүн. Бул байыркы учурда жазылган: «Жакшы ат көп байлыктан артык, урмат-сый күмүш менен алтындан артык»,— деген сөздөрдү эсибизге салат (Накыл сөздөр 22:1). Анда канткенде жакшы атка да, башкалардын урмат-сыйына да ээ боло алабыз? Буга байланыштуу эң мыкты кеңешти Ыйык Китептен табууга болот.
Мисалы, Ыйык Китептеги 15-забурда жазылгандарга көңүл бурсаңар. «Сенин [Кудайдын] чатырыңда ким конок боло алат?» деген суроого забурчу мындай деп жооп берген: «Адил иш кылган, жүрөгүндө чындыкты сүйлөгөн адам... Ал... эч кимге жалаа жаппайт, жакынына кыянаттык кылбайт, досун жамандабайт. Ал бузуку адамдарды четке кагат... Өзү зыян тартса да, берген антын бузбайт... Пара албайт» (Забур 15:1—5). Ушундай принциптерге карманып жашаган адамды урмат-сыйга татыктуу деп эсептээриңер бышык.
Башкалардын урматына ээ болууга жардам берген дагы бир сапат — момундук. Ыйык Китепте: «Момундук даңкка жеткирет»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 15:33). Момун киши кайсы жагынан жакшырышы керектигин билет жана алсыз жагы менен күрөшүүгө бүт күчүн жумшайт. Ошондой эле андай адам кимдир бирөөнү таарынтып алса, дайыма кечирим сурайт (Жакып 3:2). Ал эми текебер киши андай кылбайт. Тескерисинче, бат таарынат. Накыл сөздөр 16:18де: «Кыйроонун алдында бой көтөрүүчүлүк келет, кулаардын алдында менменсингендик келет»,— деп жазылган.
Эгер кимдир бирөө жакшы атыңарды булгаса, эмне кыласыңар? Андайда ачууга алдырасыңарбы? «Жакшы атымды коргойм деп жатып калптын ого бетер тарашына өзүм шарт түзүп койбоймунбу?» — деп ойлонуп көргүлө. Кээде сотко кайрылуу туура болсо да, Ыйык Китепте «соттошууга шашпа», анын ордуна, «жакының менен талашыңды териштир» деген кеңеш берилет (Накыл сөздөр 25:8, 9) *. Эгер ушул кеңешке кулак каксаңар, соттошууга кете турган акчаңарды да үнөмдөй аласыңар.
Ыйык Китеп диний эле китеп эмес. Анда жашообузга жетекчилик берген баалуу кеңештер да камтылган. Аларды колдонгондордун баары жакшы атка жана башкалардын урмат-сыйына ээ кыла турган сапаттарды өрчүтө алышат.
^ 5-абз. Талаш-тартышты чечүүгө байланыштуу кошумча кеңештерди Матай 5:23, 24; 18:15—17ден окуй аласыңар.