ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? | АЗГЫРЫК
Азгырылуу
Үй-бүлөнүн бузулушу, ооруга чалдыгуу, абийирдин булганышы. Бул бир нерсеге азгырылгандын кесепетинин айрымдары гана. Андай тузактан канткенде кача алабыз?
Азгырык деген эмне?
Азгырылуу — бул кайсы бир нерсеге, тактап айтканда, жаман нерсеге тартылуу. Мисалы, дүкөндө соода кылып жүрүп силерге жаккан бир буюмду көрүп калдыңар дейли. Ошондо силерге «акырын уурдап алсам, эч ким деле билбей калат» деген жаман ой келет. Бирок абийириңер андай ишке барууга жол бербейт. Ошондуктан ал ойдон арылып, андан ары кете бересиңер. Бул жагдайда азгырык күчтүү болсо да, силер жеңүүчү болуп чыккан болосуңар.
ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?
Жаман ишке барууну каалаганыңар сөзсүз эле силердин жаман киши экениңерди билдирбейт. Ыйык Китепте баарыбыз азгырыкка кабыларыбыз жазылган (1 Корунттуктар 10:13). Эң негизгиси — азгырыкка кабылганыбыз эмес, ошондо кандай иш кыларыбыз. Айрымдар жаман каалоонун өрчүп кетишине жол берип койгондуктан эртели-кеч азгырыкка алдырып коюшат. Башкалар болсо жаман оюн дароо токтотушат.
«Ар ким өзүнүн кумарына берилип, азгырылганынын кесепетинен сыналат» (Жакып 1:14).
Дароо иш-аракет кылуу эмне үчүн акылдуулукка жатат?
Ыйык Китепте жаман ишке баруу эмнеден башталары жазылган. Жакып 1:15те: «Кумар [жаман каалоо] түйүлүп, күнөө туулат. Ал эми кылынган күнөө өлүмгө алып барат»,— деп айтылган. Жөнөкөй сөз менен айтканда, жаман каалоонун түйүлүшүнө жол берип койсок, түйүлдүк өсүп отуруп сөзсүз төрөлгөндөй эле, жаман каалообуз да өсүп отуруп сөзсүз ишке айланат. Бирок жаман каалоого кул болбой, ага кожоюн болсо да болот.
ЫЙЫК КИТЕП КАНТИП ЖАРДАМ БЕРЕТ?
Акылыбыз жаман каалоолорду «азыктандыра» алат. Бирок аларды «сүрүп» да чыгара алат. Кандайча? Ан үчүн башка нерсеге көңүл топтоо: иш менен алек болуу, досубуз менен сүйлөшүү же жакшы нерсени ойлоо керек (Филипиликтер 4:8). Ошондой эле азгырылсак, ден соолугубузга, жан дүйнөбүзгө жана Кудай менен болгон мамилебизге кандай залакасы тиерин ойлонуу да жардам берет (Мыйзам 32:29). Кудайдан жардам сурап тиленүү да маанилүү. Иса пайгамбар: «Азгырыкка алдырбаш үчүн... үзгүлтүксүз тиленгиле»,— деген (Матай 26:41).
«Алданбагыла: Кудайды шылдыңдай албайсыңар. Адам эмнени сепсе, ошону орот» (Галатиялыктар 6:7).
Канткенде туруштук бере аласыңар?
ЧЫНДЫК
Азгырык бул акылсыз, ишенчээк, аркы-беркини көп ойлобогон адамды капканга түшүрө турган жем экенин унутпагыла (Жакып 1:14). Өзгөчө, кесепети абдан оор болгон жыныстык адеп-ахлаксыздыкка байланыштуу азгырыкты ошондой жемге салыштырууга болот (Накыл сөздөр 7:22, 23).
ЫЙЫК КИТЕП КАНТИП ЖАРДАМ БЕРЕТ?
Иса пайгамбар: «Оң көзүң күнөөгө түртсө, аны оюп алып, ыргытып жибер»,— деген (Матай 5:29). Албетте, Иса пайгамбар бул сөздөрдү каймана мааниде айткан. Ал Кудайга жагыш үчүн жана түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн жаман ишке түрткөн дене мүчөлөрүбүздү, башкача айтканда, күнөөнү өлтүрүшүбүз керектигин айткысы келген (Колосалыктар 3:5). Бул жаман каалоо пайда болгондо андан дароо арылышыбыз керектигин билдириши мүмкүн. Кудайдын бир кызматчысы: «Көзүмдү пайдасыз нерселерден оолак кыл»,— деп тиленген (Забур 119:37).
Албетте, өзүбүздү кармай билүү кыйын болушу мүмкүн. Ыйык Китепте «дене алсыз» экени айтылган (Матай 26:41). Ошондуктан баарыбыз эле жаңылабыз. Бирок чын жүрөктөн өкүнүп, жаман иш кылууну адат кылып албаш үчүн бүт күчүбүздү жумшасак, «кайрымдуу жана ырайымдуу» Жаратканыбыз Жахаба Кудай бизди кечирет (Забур 103:8). Бул бизди кандай гана жубатат!
«Эгер сен, Жах, күнөөлөргө көңүл бура берсең, оо, Жахаба, анда ким туруштук бере алат?» (Забур 130:3).