кыргыз
Бакыттын жолу. Бакыт издөө
https://cms-imgp.jw-cdn.org/img/p/102018015/univ/art/102018015_univ_sqr_xl.jpg

БАКЫТТЫН ЖОЛУ

Бакыт издөө

Бакыт издөө

ӨЗҮҢӨРДҮ БАКТЫЛУУМУН ДЕП ЭСЕПТЕЙСИҢЕРБИ? Эгер ошондой болсо, эмнеден улам бактылуусуңар? Үй-бүлөңөрдөн, жумушуңардан же туткан диниңерден уламбы? Же балким, бактылуу болушуңарга өбөлгө түзүшү мүмкүн болгон кайсы бир нерсени, мисалы, мектепти бүтүрүүнү, жакшы жумушка орношууну же жаңы машине сатып алууну чыдамсыздык менен күтүп жаткандырсыңар.

Көптөр көздөгөн максатына жеткенде же каалаган нерсесине ээ болгондо өздөрүн кандайдыр бир деңгээлде бактылуу сезишет. Бирок андай бакыт канчага созулат? Көп учурда ал кыска эле убакытка созулгандыктан көңүл кайттыкка учуратат.

Бакыт — бул адамдын өз турмушуна ыраазы болгонунан улам канааттанган абалы. Ал салыштырмалуу туруктуу келет жана ыраазы болуудан тартып терең кубанычка чейинки жагымдуу сезимдер менен, ошондой эле андай абалдын дайыма болушун эңсеткен табигый каалоо менен коштолот.

Бакыт узакка созулуучу жагымдуу абал болгондуктан, адамдын бактылуу болушу жашоодо эмнелерге жеткенинен эмес, кандай жашап жатканынан көз каранды. Андыктан: «Эгер минтсем же тигинтсем, бактылуу болом»,— десек, бактыбызды өзүбүздөн алыстатып салган болобуз.

Муну жакшыраак түшүнүш үчүн бакытты чың ден соолукка салыштырып көрөлү. Канткенде ден соолугубуз жакшы болот? Ан үчүн дайыма туура тамактанышыбыз, көнүгүү жасашыбыз жана туура жашоо өткөрүшүбүз керек. Анын сыңарындай, бактылуу болуш үчүн дайыма бийик мыйзам-принциптерге ылайык жашап, туура жолдо жүрүшүбүз зарыл.

Бактылуу болушубузга кайсы сапаттар же принциптер жардам берет? Төмөнкүлөрдүн айрымдары башкаларынан маанилүүрөөк болсо да, ар бири бактылуу болушубузга өбөлгө түзөт:

  • ЫРААЗЫ БОЛУУ ЖАНА БЕРЕШЕНДИК

  • ДЕН СООЛУК ЖАНА БАГЫНБОО

  • СҮЙҮҮ

  • КЕЧИРИМДҮҮЛҮК

  • ЖАШООНУН МАҢЫЗЫ

  • ҮМҮТ

Даанышман кеңештер камтылган беделдүү бир китепте: «Түз жолдо жүргөндөр... бактылуу»,— деп жазылган (Забур 119:1). Эмесе, ошол жол тууралуу билели.