«Алардын сүйүүсү жүрөгүбүздү козгоду»
ИНДИЯНЫН түндүк жагындагы тоолуу өлкөдө, Непалда, 2015-жылдын 25-апрелинде, ишемби күнү катуу жер титирөө болгон. Очогу Непалдын борбору Катманду шаарынын чыгыш жагынан 80 километр алыстыктагы аймакта болгон ал жер титирөөнүн күчү 7,8 баллга жеткен. Непалдын тарыхындагы эң катуу жер титирөө деп катталган ал кырсык 8 500дөн ашык кишинин өмүрүн кыйып, жарым миллиондон ашык кишинин үйүн талкалап кеткен. Непалдагы 2 200 Жахабанын Күбөсүнүн көпчүлүгү кырсык болгон аймакта жашачу. Кейиштүүсү, ошол кырсыкта бир Жахабанын Күбөсү эки баласы менен каза тапкан.
Мишел аттуу Жахабанын Күбөсү: «Жер титирөө жыйналышыбыз өтүп жаткан учурда болду. Эгер баарыбыз үйдө отурганда болсо, көбүбүз жабыр тартмакпыз»,— деген. Жыйналышта отургандар эмне үчүн кырсыктан жапа чегишкен эмес? Мунун себеби Падышалык залынын * кандай курулганында болгон.
«ПАЙДАСЫН ЭМИ КӨРҮП ЖАТАБЫЗ!»
Непалдагы жаңы Падышалык залдары жер титирөөгө туруштук бере тургандай болуп салынган. Падышалык залдарын курууга катышкан Ман Бахадур: «Бизден: „Чакан эле имараттын пайдубалын эмне үчүн мынчалык бекем кылып салып жатасыңар?“ — деп сурагандар болгон. Ошондой кылганыбыздын пайдасын эми көрүп жатабыз!» — деп айткан. Жыйналыштагы жооптуу бир туугандардын уруксаты менен Падышалык залдары жер титирөөдөн кийин баш калкалай турган жай катары колдонулган. Андан кийинки силкинүүгө карабай, Жахабанын Күбөлөрү жана алардын кошуналары Падышалык залдарында өздөрүн коопсуз сезишкен.
Жыйналыштагы аксакалдар дайынсыз болгон ишенимдештерин издөөгө дароо киришишкен. Бабита деген аял: «Аксакалдарыбыз баарынан мурда жыйналыштагылардын жыргалчылыгын ойлошту. Алардын сүйүүсү жүрөгүбүздү козгоду»,— деген. Бир туугандардын эмнеге муктаж экенин билип, жергиликтүү аксакалдарга күч-кайрат бериш үчүн Непалдагы Жахабанын Күбөлөрүнүн ишин жетектеген комитеттин үч мүчөсү райондук көзөмөлчүлөр менен бирге кырсык болгон күндүн эртеси эле ар бир жыйналышты кыдыра башташкан.
6 күндөн кийин Непалга Жахабанын Күбөлөрүнүн Кошмо Штаттардагы бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгынан Гэри Бро жубайы Руби менен барган. «Катмандудагы баш аламандыктан жана удаа болгон жер титирөөдөн улам Гэри Брону келе албайт го деп ойлогонбуз. Бирок ал эч нерсеге карабай келем деген, анан, айткандай эле, келип калды! Ага баарыбыз ыраазы болдук»,— дейт жогоруда айтылган комитеттин мүчөсү болуп кызмат кылган Рубен.
«БААРЫБЫЗ МУРУНКУДАН ДА ЫНАК БОЛУП КАЛДЫК»
Непалдагы Жахабанын Күбөлөрүнүн кеңсесинде кызмат кылган Силас мындай деген: «Байланыш системабыз оңолгондон тартып телефондун үнү күнү-түнү басылган жок. Дүйнөнүн чар тарабынан тынчсызданган ишенимдештерибиз чалып жатышты. Айрымдарынын тилин түшүнбөсөк да, алардын
бизди жакшы көрөрү, аябай жардам бергиси келип жатканы сезилип турду».Жергиликтүү Жахабанын Күбөлөрү бир нече күн бою Падышалык залдарына тамак-ашын көтөрүп келип, муктаж болгондор менен бөлүшүп турушкан. Андан сырткары, Кырсык болгондо жардам берүү комитети түзүлүп, көп өтпөй Бангладештен, Индиядан, Жапониядан азык-түлүк тынбай келе баштаган. Ошондой эле Европадан барган медициналык топ Падышалык залдарынын биринен орун алып, дароо ишке киришкен. Ал топтогулар жаракат алгандарды дарылап эле койбостон, аларга эмоциялык жактан да жардам көрсөтүшкөн.
Утара деген аял көпчүлүктүн оюн билдирип: «Бул жер титирөө бүт элдин үшүн алып, үрөйүн учурду. Бирок ошондон кийин баарыбыз мурункудан да ынак болуп калдык»,— деп айткан. Ооба, ал жер титирөө Жахабанын элинин ага жана бири-бирине болгон сүйүүсүн муздата алган эмес, тескерисинче, ого бетер арттырган.
[Шилтеме]
^ 3-абз. Жахабанын Күбөлөрү сыйынуу үчүн чогулган жай.