кыргыз
Армагедондон аман калуу мүмкүнбү?
https://cms-imgp.jw-cdn.org/img/p/2017212/univ/art/2017212_univ_sqr_xl.jpg
wp17 № 6 16-б.

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Армагедон деген эмне?

Айрымдар эмне дешет?

Алар Армагедон дегенде бүткүл дүйнөлүк ядролук согушту же табигый кырсыктан улам бүтүндөй айлана-чөйрөнүн жок болушун элестетишет. Силерчи?

Ыйык Китепте эмне делет?

Армагедон «Кудурети Күчтүү Кудайдын улуу күнүндө» ыймансыздарга каршы жүргүзүлө турган согушту билдирет (Аян 16:14, 16).

Ыйык Китептен дагы эмнелерди билүүгө болот?

  • Кудай Армагедонду жерди жок кылыш үчүн эмес, тескерисинче, аны кыйратып жаткандардан сактап калыш үчүн жүргүзөт (Аян 11:18).

  • Армагедон согушу бардык согуштарды токтотот (Забур 46:8, 9).

Армагедондон аман калуу мүмкүнбү?

Эмне деп жооп берет элеңер?

  • Ооба

  • Жок

  • Балким

Ыйык Китепте эмне делет?

«Улуу алааматтын» акыркы баскычы боло турган Армагедондон ар кайсы улуттагы «эбегейсиз көп адамдар» аман калат (Аян 7:9, 14).

Ыйык Китептен дагы эмнелерди билүүгө болот?

  • Кудай Армагедондон мүмкүн болушунча көп адамдын аман өтүшүн каалайт. Ал такыр өкүнгүсү келбеген ыймансыздарды гана жок кылат (Жезекиел 18:32).

  • Ыйык Китепте Армагедондон аман калыш үчүн эмне кылса болору айтылат (Сепания 2:3).