Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын кам көрөрүн билүүнүн кандай пайдасы бар?

Кудайдын кам көрөрүн билүүнүн кандай пайдасы бар?

Кудай организмибизди өзүн өзү калыбына келтирүүгө жөндөмдүү кылып жараткан. Бир жерибизди кесип же тытып алганда, же бир нерсе кирип кеткенде, «алган жараатыбыз чоң болобу же кичинеби, аны айыктыруу үчүн организмибизде татаал процесстер жүрө баштайт» (Жонс Хопкинс атындагы медициналык китепкана). Башкача айтканда, ал дароо кан агууну токтотууга, кан тамырларды кеңейтүүгө, жараатты айыктырууга, ткандарды чыңдоого киришет.

ОЙЛОНУП КӨРГҮЛӨ. Эгер Кудай денебизди өзүн өзү айыктыра алгыдай кылып жараткан болсо, анда анын жан дүйнөбүздөгү жарааттарды да айыктырууга жардам берери жөнүндөгү убадасына шектенишибиз керекпи? Бир пайгамбар: «Ал жүрөгү жаралангандарды айыктырат, алардын жараатын таңат»,— деп жазган (Забур 147:3). Бирок башыңардан өткөн же өтүп жаткан кайсы бир окуядан улам жүрөгүңөр сыздап жатса, Жахабанын азыр да, келечекте да жараатыңарды «таңарына» ишенүүгө эмне көмөк кылат?

ЫЙЫК КИТЕПТЕН ЭМНЕНИ БИЛЕБИЗ?

Кудай: «Коркпо, анткени мен сени мененмин. Элеңдебе, анткени мен сенин Кудайыңмын. Мен сага күч берем, жардам берем»,— деп убада кылууда (Ышая 41:10). Жахабанын кам көрөрүн билүү жан дүйнөбүздү тынчтандырып, ар кыл кыйынчылыктар менен күрөшүүгө күч берет. Элчи Пабыл андай тынчтыкты «Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы» деп атаган. Анан: «Мага күч-кубат бергендин жардамы менен баарын кыла алам»,— деп кошумчалаган (Филипиликтер 4:4—7, 9, 13).

Ыйык Китеп ишенимибизди бекемдөөгө, Жахабанын адамзаттын келечегине байланышкан убадаларына болгон ишенимибизди бекемдөөгө, жардам берет. Мисалы, кийинки бетте келтирилген Аян 21:4, 5те Кудайдын эмнелерди кылары жана аларды ишке ашырарына эмне үчүн шектенбесек болору айтылат.

  • Кудай адамдардын «көзүнөн бардык жашты аарчыйт». Ал кыйынчылыктарыбыздын, бизди тынчсыздандырган нерселердин баарын, алар башкаларга анча маанилүү эместей көрүнсө да, жок кылат.

  • Асмандагы «тактыда отурган», баарын жараткан Кудурети Күчтүү Падыша азап-кайгыга бөгөт коюп, бизге зарыл жардамды бериш үчүн күчү менен бийлигин колдонот.

  • Жахаба убадаларынын «ишенүүгө татыктуу,.. чын» экенине кепилдик берет. Анын өз сөзүн аткарарына ысмы, аброю кепилдик болуп саналат.

«„Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт. Мурункунун баары өтүп кетти“. Тактыда отурган: „Мына, мен бардыгын жаңы жаратып жатам“,— деди. Анан: „Жаз, анткени бул сөздөр ишенүүгө татыктуу, бул сөздөр чын“,— деп кошумчалады» (Аян 21:4, 5).

Асмандагы Атабыздын касиет-сапаттары тууралуу ай-ааламдагы нерселерден да, Ыйык Китептен да биле алабыз. Алсак, табият бизди Кудайды таанып-билип, аны менен дос болууга үнсүз чакырса, Ыйык Китеп: «Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт»,— деп ачык эле чакырат (Жакып 4:8). Элчилер 17:27де: «Ал ар бирибизге жакын»,— делет.

Кудай жөнүндө билүүгө убакыт бөлсөңөр, анын «силерге кам көрөрүнө» барган сайын ынана бересиңер (1 Петир 5:7). Мунун кандай пайдасы бар?

Жапониялык Торунун окуясын карап көрөлү. Аны Жахабага кызмат кылган апасы тарбиялап-өстүргөн. Бирок Тору кийин якудзага, Жапониядагы кылмыш тобуна, кошулуп кеткен. Ал: «Кудай мени жек көрөт, жанымда чогуу жүргөндөрдүн, айрыкча, жакшы көргөн адамдарымдын өлүмү анын мага жиберген жазасы деп ойлочумун»,— деп эскерет. Тору ошондой жаман чөйрөнүн, туура эмес ой жүгүртүүнүн таасиринен улам таш боор, мерез болуп калганын айтат. Ошондой эле атак-даңкты сүйгөнүн сөз кылып: «Менден атактуураак бирөөнү өлтүрүп, атымды чыгаргандан кийин жаш эле өлүп калгым келчү»,— дейт.

Аялы Анна экөө Ыйык Китепти изилдей баштагандан тартып Торунун көз карашы, жашоосу аябай өзгөргөн. «Күйөөмдүн көз алдымда өзгөрүп жатканын көрдүм»,— дейт Анна. Тору азыр мындай деп ишенимдүү түрдө айта алат: «Кудай ар бирибизге кам көрөт. Ал эч кимдин өлүшүн каалабайт жана күнөөсү үчүн чындап өкүнгөндөрдү кечирүүгө даяр. Андан башка эч кимге айта албаган, эч ким түшүнө албаган нерселерибизди бөлүшкөнүбүздө, ал угат. Жахаба жакында бардык көйгөйлөрдү, кыйынчылыктарды, кайгы-капаны жок кылат. Атүгүл азыр да бизге оюбузга келбеген жолдор менен колдоо көрсөтөт. Ал бизди жакшы көрөт жана басынтылганыбызда жардамга келет» (Забур 136:23).

Торунун окуясынан көрүнүп тургандай, Кудайдын бардык кыйынчылыктарды жок кылып, ар бир адамдын көз жашын аарчый аларын жана жакында ошентерин билүү келечекке үмүт менен кароого, ошондой эле бүгүнкү күндө туура жашоо өткөрүүгө көмөк кылат. Ооба, Кудайдын мээримдүүлүк менен кам көрөрүн билүүнүн кайгы-муңга жык толгон азыркы заманда да зор пайдасы бар.