Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

«Тынчтык жана коопсуздук!» — деп качан жарыяланат?

«Күзөт мунарасынын» жакын арадагы чыгарылышындагы «Окурмандардын суроолорунда» жазылгандарга ылайык, Жахаба Кудай жакында «10 мүйүзгө» (саясий күчтөрдүн баарына) «өзүнүн эркин аткартыш үчүн. . . ой салат» a. Тактап айтканда, ал аларга өздөрүнүн күчү менен бийлигин «кыпкызыл жырткычка» — Бириккен Улуттар Уюмуна — бергенге түрткү берет. Ал жырткыч «жырткычтын сөлөкөтү» деп да аталат (Аян 13:14, 15; 17:3, 16, 17). Анан «10 мүйүз» жана чоң күчкө, бийликке ээ болуп калган жырткыч дүйнө жүзү боюнча жалган диндердин баарын жоюп, жок кылат. Анда: «Дүйнө жүзүндөгү өкмөттөр „тынчтык жана коопсуздук“ деп, жалган диндер жоюлгандан кийин жарыялайбы же ага чейинби?» — деген суроо туулат b (Тес. 1-к. 5:3).

Бир сөз менен айтканда, келечекте «тынчтык жана коопсуздук» деп качан жарыяланарынын так убактысын билбейбиз. Эгер баарын майда-чүйдөсүнө чейин билсек, анда бизге сак туруп, сергек болуунун зарылдыгы болмок эмес. Бирок Иса пайгамбар өзүнүн жолдоочуларына «сергек болгула» деп кайра-кайра эскерткен (Мт. 24:42; 25:13; 26:41). Эмесе, Кудайга кызмат кылган элчи Пабылдын Кудайдын ыйык күчүнүн таасири менен Тесалоника шаарындагы боордошторуна жазгандарын талдап көрөлү.

Пабыл: «„Тынчтык жана коопсуздук!“ — деп айтып жатышканда. . . күтүлбөгөн жерден кыйратылышат»,— деп жазган (Тес. 1-к. 5:2, 3). Адабияттарыбызда көбүнчө «тынчтык жана коопсуздук» деп улуу алаамат башталардын так алдында, Улуу Бабыл — жалган диндин дүйнөлүк империясы — кыйратылганга чейин, жарыяланат деп түшүндүрүлүп келген. Ошондуктан мындай жарыя улуу алаамат башталганынын акыркы жышааны болот деп түшүнүп келгенбиз.

Бирок бул суроону кылдат изилдеп чыккандан кийин мындан башкача да болуп калышы мүмкүн экени айкын болду. Дүйнө жүзүндөгү өкмөттөр: «Тынчтык жана коопсуздук!» — деп жалган диндин баары жоюлгандан кийин жарыялашы мүмкүн. Эмне үчүн ушундай деп божомолдосок болот? Келгиле анда, төмөнкү суроолорго токтололу.

Жалган диндердин согуштарга кандай катыштыгы бар? Ыйык Китепте алар жөнүндө: «Ал [Улуу Бабыл] жер жүзүндө өлтүрүлгөндөрдүн баарынын канына забын болгон»,— делген (Аян 17:1, 5; 18:24). Чынында эле, тарых бою жалган диндер элдердин ортосундагы согушту колдоп, көп учурда көптөгөн адамдардын өлүмүнө атүгүл себепчи болушкан. Ошондуктан тынчтык менен коопсуздуктун эмес, согуш менен зордук-зомбулуктун үгүтчүсү болушкан. Ошол себептен: «Дүйнө жүзүндөгү өкмөттөр „тынчтык жана коопсуздук“ деп жалган диндер жоюлгандан кийин гана жарыялашы мүмкүнбү?» — деген суроо туулат. Ооба, мүмкүн. Бирок, муну так айта албайбыз.

«Тынчтык жана коопсуздук» деп жарыялангандан кийин эмне болот? Пабыл: «Алар күтүлбөгөн жерден кыйратылышат»,— деп жазган (Тес. 1-к. 5:3). Эгер дүйнөнүн саясий күчтөрү «тынчтык жана коопсуздук» деп, жалган диндер жоюлганга чейин жарыялашса, анан Пабыл айткандай, ошентип жарыялашкандан кийин эле күтүлбөгөн жерден өздөрү кыйратылып калса, анда алар жалган диндерди жойгонго үлгүрбөй калышат. Ошондуктан алар адегенде жалган диндерди жоюп, андан кийин «тынчтык жана коопсуздук» деп жарыялашат, анан өздөрү капысынан кыйратылышат деп жоромолдосок да болот.

Жахаба Кудайдын эли үчүн бул күтүлбөгөн нерсе болобу? Пабыл боордошторуна: «Бир туугандарым, ал күн силерге күтүлбөгөн жерден келгидей, капысынан кармалып кала турган уурудай болуп караңгыда жүргөн жоксуңар»,— деп жазган (Тес. 1-к. 5:4). Ойлоп көрсөңөр, эгер «тынчтык жана коопсуздук» деп жалган диндер жоюлгандан кийин жарыяланса, анда Жахабанын эли азыркы дүйнөнүн саясий күчтөрүнүн кыйратыларына аз калганын анык билет. Ал эми тынчтык орноттук деп ойлогон дүйнөнүн саясий күчтөрүнүн кыйроосу, алардын өздөрү үчүн, Тесалоникалыктарга 1-кат 5:2де жазылгандай, ууруга окшоп капысынан келет.

Кандай болбосун, биз бир нерсени анык билебиз. Жакынкы келечекте «10 мүйүз» жана күч менен бийликке ээ болуп калган жырткыч жалган диндерди жоюп, жок кылышат. Ошондо улуу алаамат башталат. Ошондой эле ошол убакыт аралыгында дүйнө жүзүндөгү өкмөттөр «тынчтык жана коопсуздук» деп жарыялашат. Мунун качан болоруна байланыштуу бизде эки божомол бар. Биринчиси: дүйнө жүзүндөгү өкмөттөр «тынчтык жана коопсуздук» деп, жалган диндер жоюлганга чейин жарыялашат. Экинчиси: дүйнө жүзүндөгү өкмөттөр «тынчтык жана коопсуздук» деп, алар жалган диндерди жойгондон кийин жарыялашат. Мунун так кандай болорун убакыт көрсөтөт. Себеби Ыйык Китепте алдын ала айтылган нерселер көбүнчө алар аткарылып жатканда же аткарылгандан кийин түшүнүктүү болот. (Салыштыргыла: Жакан 12:16.)

Бирок ошол убакыт келгенге чейин биз үчүн эң маанилүүсү — «тынчтык жана коопсуздук» деп качан жарыяланары эмес, Кудайга берилгендигибизди сактаганыбыз. Келечектеги окуялардын жүрүшү кандай болбосун, аларга даяр туруш үчүн сергек болуп, тунук ой жүгүртүшүбүз керек (Тес. 1-к. 5:6).

a «Күзөт мунарасынын» 2025-жылы ноябрда чыккан санындагы «Окурмандардын суроолорун» карагыла.

b Түп нускада элчи Пабыл колдонгон сөздөн «тынчтык жана коопсуздук» деп бир эле жолу эмес, бир нече жолу жарыяланышы мүмкүн экенин да билсек болот.