ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ИНСАН
Обадияга окшоп, Кудайдан корккула
Обадия Ысрайыл жеринде Баал деген жалган кудайга сыйынуунун кулач жайышына жол берип койгон Ахап деген падышанын кызматчысы болгон. Бирок ал «жаштайынан Жахабадан коркчу» (Пад. 1-к. 18:1—13). Ошондуктан Изабел деген каныша Жахабанын бардык пайгамбарларын өлтүрүүнү буйрук кылганда, Обадия ошондой каргашаны болтурбаш үчүн кайраттуу болушу керек экенин билген. Ошол кезде бир эле пайгамбарды жашыруу абдан коркунучтуу эле. Обадия болсо 100 пайгамбарды жашырып, ачарчылык күчөп турган кезде аларды тамак-аш менен камсыз кылып турган! Падыша менен канышага кызмат кылган жалган пайгамбарлардын колуна түшпөй аман калуу ага канчалык кыйын болгонун элестетсеңер! (Пад. 1-к. 18:19).
Кудайдан корккон ал кишиден эмнени үйрөнсөк болот? Обадия Ахап падышадан корксо да, Кудайдан көбүрөөк корккон. Чыныгы Кудайга сыйынган жердештерин аман алып калыш үчүн ага эр жүрөктүк керек болгон. Эгер биздин жергебизде да Жахаба Кудайга сыйынууга тыюу салынган болсо, анда биз да Кудайдан коркконду үйрөнсөк болот. Ошондо кыйынчылыктарга кабылган бир туугандарыбызды колдогонго кайратыбыз жетет.

