«Балдар — Жахаба берген мурас»

«Балдар — Жахаба берген мурас»

«МУРАС» деген сөздү укканда оюңарга эмне келет? Балким, акча, жер, мал-мүлк же ата-энеңерден калган кайсы бир буюм тууралуу ойлонушуңар мүмкүн. Кандай болбосун, мурас — абдан баалуу нерсе. Аны аярлап сактагыңар келет.

Ыйык Китепте балдардын «Жахаба берген мурас» экени айтылат (Заб. 127:3). Жахабаны жакшы көргөн ата-энелер балдарын андан алган белек катары көрүшөт. Ошон үчүн алардын курсагын тойгузуп, ден соолугу чың болушуна кам көрүшөт. Бактылуу балдардан болуп чоңоюп, Жахаба менен ынак мамиледе болгонго жардам бериш үчүн колунан келгендин баарын кылышат.

Тилекке каршы, бүгүнкү күндөгү айрым ата-энелер балдарын Кудайдан алган белек катары көрүшпөйт (Ыш. 49:15; Тим. 2-к. 3:1—3). Башкалар болсо балдарына жакшы кам көргүсү келсе да, ойлогон оюн кыстаган турмуш жеңип кетет. Анда мындай суроолорго жооп алалы: ата-энелер кандай кыйынчылыктарга туш болушат? Жахаба ата-энелерден эмнени күтөт? Канткенде Кудайга кызмат кылган ата-энелер балдарын бактылуу кылып чоңойто алышат?

КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР

  • Үйдөгүлөрдүн жана башкалардын кысымы. Айрым жерлерде көп балалуу ата-энелерди көбүрөөк сыйлашат. Ошондуктан туугандары, кошуна-колоңдору жубайларга дагы балалуу болгула деп кысым көрсөтүшү мүмкүн. Андайда жубайлар бакканга чамасы келбесе да, көп балалуу болушубуз керек деп ойлоно башташат.

  • Эртеңки күндү ойлоп тынчсыздануу. Кээ бир өлкөлөрдө тамак-аш жетишсиз, бейтапканалар аз болгондуктан, ар кандай оорулар кеңири таралгандыктан, ымыркай балдар көп чарчап калат. Андайда айрым түгөйлөр, жок эле дегенде, бир нечеси жашап кетер деген үмүттө көп бала төрөшөт. Башкалар болсо карыганда бизди багат деп көп балалуу болушат. Өзгөчө, өкмөт тарабынан улгайгандарга эч кандай жардам көрсөтүлбөгөн өлкөлөрдө ушундай.

  • Бойго бүтүүнү алдын алуу. Кээ бир жерлерде бойго бүтүрбөөчү каражаттар жетишсиз болгондуктан, айрым жубайлар аларды ала алышпайт. Башкалар болсо алардын сапаты начар болгондуктан, ден соолугума зыян келтирип албайын деп колдонушпайт. Дагы бирөөлөр андай каражаттар кымбат тургандыктан сатып ала алышпайт. a

ЖАХАБА АТА-ЭНЕЛЕРДЕН ЭМНЕЛЕРДИ КҮТӨТ?

Ар бир балаңар менен убакыт өткөргүлө

Балдарыңарды зарыл нерселер менен камсыз кылгыла. Бул милдетти Жахаба ата-энелерге тапшырган. Ал алардан балдарын тамак-аш, кийим-кечек, жашаганга жер менен камсыз кылыш үчүн күжүрмөн эмгектенишин күтөт. Ата-энелер балдарынын тийиштүү билим алышына да кам көрүшү кажет. Жахабага кызмат кылган ата-энелер балдары бойго жеткенге чейин алар менен чогуу жашап, мектепте окушун каалашат. Кийин жашоодо кереги тие турган нерселерди үйрөткөнгө да умтулушат. Алар ар бир баласына жекече көңүл бөлүп, сүйүүсүнө бөлөп, коргоп-калкалашат. Ошол себептен балдарын жатак мектептерге беришпейт. Айта кетчү нерсе, Жахаба ата-энелерден бай болушун күтпөйт. Кызыктуусу, ал өзүнүн сүйүктүү Уулуна ата-эне болчу жубайлары тандап жатканда алардын байлыгына караган эмес. Алар карапайым, бирок эмгекчил жубайлар болгон (Мт. 13:55, 56; Лк. 2:24).

Ыйык Китептеги принцип: «Ким жакындарына, айрыкча, өз үйүндөгүлөрүнө кам көрбөсө, ал ишенген нерселеринен баш тарткан болот. Андай адам Кудайга ишенбегендерден да жаман» (Тим. 1-к. 5:8).

Жахаба ата-энелердин улгайган сайын жардамга муктаж болорун жакшы түшүнөт. Ата-энесин кадырлап-сыйлаган балдар аларга жашы өр тартып калган кезде тийиштүү түрдө кам көрөт (Чыг. 20:12; Тим. 1-к. 5:4). Негизи, Жахабанын көз карашы боюнча, балдар ата-энесине эмес, ата-энеси балдарына кам көрүшү керек. Бул ага жагат (Кор. 2-к. 12:14).

Балдарыңарга Жахаба жөнүндө билгенге жардам бергиле. Жахабага кызмат кылган ата-энелер балдарын аны жакшы көргөндү, ага кантип сыйынса болорун үйрөтүшү керек. Жахаба үчүн мына ушул нерселер баарынан маанилүү (Мыйз. 6:6, 7).

Ыйык Китептеги принцип: «Силер болсо. . . аларга [балдарыңарга] Жахабанын акыл-насаатын айтып, ал үйрөткөндөй тарбиялап-өстүргүлө» (Эф. 6:4).

ЖАХАБА ҮЙ-БҮЛӨҢӨРДҮН БАКТЫЛУУ БОЛУШУН КААЛАЙТ

Канча балалуу болоруңарды алдын ала чечип алгыла

Алдын ала ойлонуштургула. Балалуу болуу жөнүндө ойлонуп жатканда жагдай-шартыңарды таразалагыла. Эгер бир нече балалуу болобуз деп чечсеңер, аларды кийинтип-ичинткенге, окутканга каражатыңар жетеби? Эгер жетпей турган болсо, анда өмүрлүк жарыңар менен кеңешип, канча балалуу болоруңарды чечип алгыла. Андайда балдардын ар бирин Жахаба күткөндөй тарбиялап чоңойтуш керек экенин эстен чыгарбаганыңар жакшы. Албетте, жашоодо баары эле биз ойлонуштургандай боло бербейт. Муну Жахаба жакшы билет (Нас. 9:11). Ошентсе да ал силердин аракетиңерге батасын берет.

Ыйык Китептеги принциптер: «Аракетчилдин алдын ала ойлонуштуруп иш кылганы ийгиликке жеткирет, ал эми шашып иш кылгандардын баары жокчулукка туш болот» (Накыл 21:5).

«Араңардан кимдир бирөө мунара курганы жатат дейли. Аны куруп бүткөнгө каражаты жетер-жетпесин билиш үчүн, ал адегенде отуруп алып, канча чыгым кетерин эсептеп чыгат да, туурабы?» (Лк. 14:28).

Үй-бүлөңөрдө Жахабаны биринчи орунга койгула. Жахабага кызмат кылуу жашооңордо биринчи орунда турсун. Эгер балдарыңар бар болсо, алардын ар бирин Жахабаны жакшы көргөнгө үйрөткүлө. Ан үчүн аларга жыйналыштан кунт коюп укканга, Жахаба жөнүндө көп нерсени билгенге жардам бергиле. Үй-бүлө менен сыйынууну жума сайын өткөргүлө. Ата-энелик милдетиңерди улуу балаңарга же башка туугандарыңарга артып салбагыла. Балдарды Жахабаны жакшы көргөн киши кылып чоңойтконго убактыңарды, күч-аракетиңерди жумшашыңар керек болот. Ошентсе да мунун акыбети сөзсүз кайтат.

Ыйык Китептеги принцип: «Мен үчүн балдарымдын чындык боюнча жашап жатканын уккандан өткөн кубаныч жок» (Жкн. 3-к. 4). b

Жахаба Кудайга таянгыла. Балалуу бололу деп чечесиңерби же буга чейин эле балдарыңар барбы, кандай болбосун, Жахабанын ата-энелерге койгон талаптары силер жашаган жактагы элдин маданиятынан же каада-салттарынан алда канча жогору турарын эсиңерден чыгарбагыла.

Балдарды Жахаба Кудайдын жолунда тарбиялаганга убакыт, күч-аракет талап кылынат

Эгер көп балалуу болбой эле коёлу деп чечсеңер, анда бир нерседен түк да шектенбесеңер болот: улгайып калган кезиңерде Жахаба силерге сөзсүз кам көрөт. Андыктан: «Карыганда силерди ким багат? Бала төрөш керек»,— деген кысымга алдырбагыла. Билектен күч, белден кубат кеткен куракта каралашар эч ким жок, соксоюп жалгыз калабызбы деп коркпогула. Жахаба силерге кам көрөм деп убада берген. Ал сөзүнө турат (Жаш. 23:14).

Ыйык Китептеги принциптер: «Бүт жүрөгүң менен Жахабага таян, өз түшүнүгүңө таянба. Эмне иш кылба, Кудайды эстеп жүр, ошондо ал сени туура жолго салат» (Накыл 3:5, 6).

«Мен жаш элем, эми карып калдым, бирок Кудайдын адил кишини таштап койгонун, же анын балдарынын нан сурап калганын көргөн жокмун» (Заб. 37:25).

«Мындан ары да Кудайдын Падышалыгын жана Кудай туура деп эсептеген нерселерди биринчи орунга койгула, ошондо силерге ушунун баары берилет» (Мт. 6:33).

Ооба, балдар — Жахаба ата-энелерге ишенип тапшырган баалуу белек. Ата-энелер балдарын Жахаба ниет кылгандай тарбиялап чоңойткондо, Жахаба аябай сүйүнөт. Ал жубайлардын канча балалуу болорун жакшылап ойлонуштурушун, эгер балалуу болууну чечишсе, аларды кийинтип-ичинткенден тышкары, эмоциялык саламаттыгына кам көрүшүн, чындык жолунда тарбиялашын каалайт. Мындан тышкары, Ыйык Китептеги талаптарды маданияттан, каада-салттан жогору коюшун күтөт. Ушуларды кылган ата-энелер балдарын баалуу белек — «Жахаба берген мурас» — катары эсептээрин көрсөтүшөт.

a Канча балалуу болорун, качан бала төрөөрүн, бойго бүтүрбөгөн каражаттарды колдонор-колдонбосун жубайлар өздөрү чечет. Алардын чечимин эч ким сынга албашы керек (Рим. 14:4, 10—13). Жахаба Кудайга сыйынган жубайлар Корунттуктарга 1-кат 7:3—5-аяттарда жазылган кеңешти эсинен чыгарышпайт.

b Бул аяттагы «балдар» деген сөз Жакан пайгамбар Кудайдын жолуна түшкөнгө жардам берген шакирттерге карата айтылган. Ошентсе да ата-энелер Жахабага кызмат кылган балдарына карата ушундай сезимдерди туюшат.