Региондук жыйынга катышкандар үчүн маалымат
ТЕСКӨӨЧҮЛӨР. Тескөөчүлөр силерге жардам бериш үчүн дайындалат. Алардын автотурукка, кирип-чыкканга, орун алганга жана башка нерселерге байланыштуу берген көрсөтмөлөрүнө ылайык иш кылышыңарды өтүнөбүз.
ЧӨМҮЛҮҮ. Эгер башка көрсөтмө берилбесе, чөмүлө тургандар сахнанын бет маңдайындагы орундарга отурат. Чөмүлө тургандар ошол орундарга ишемби күнү аларга арналган баяндама башталганга чейин отуруп калышы керек. Ар бири ылайыктуу, адептүү кийим, сүлгү ала келиши зарыл.
ТАРТУУ. Жыйын жагымдуу өтүп, Кудай менен болгон мамилебиз бекемделиши үчүн, орундардын жетиштүү болушуна, үн күчөткүч системасынын, видео жабдыктарынын болушуна жана башка тейлөө кызматтары жакшы иштешине кам көрүлдү. Албетте, булардын баарына көп каражат жумшалат. Силердин тартууңар ошондой чыгымдарды жапканга жана бүткүл дүйнөлүк ишти колдогонго сарпталат. Тартуу салган ыңгайлуу болушу үчүн, сыртында так-даана жазуусу бар кутулар ар кайсы жерлерге коюлган. Ошентсе да силерди, мүмкүн болсо, donate.jw.org сайтына кирип, онлайн тартуу кылганга чакырабыз. Биз силердин бардык тартууңарды жогору баалайбыз. Падышалыктын ишине марттык менен тартуу берип жатканыңар үчүн Жетектөөчү Кеңеш чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.
БИРИНЧИ ЖАРДАМ. Бул бөлүм күтүлбөгөн жагдайларда гана жардам көрсөтөрүн унутпагыла.
ЖОГОЛГОН ЖАНА ТАБЫЛГАН БУЮМДАР. Табылган буюмдардын баарын жоголгон жана табылган буюмдар бөлүмүнө алып барыш керек. Бир нерсе жоготуп алсаңар, ошол бөлүмгө кайрылгыла. Адашып калган балдарды да ошол бөлүмгө алып барыш керек. Бирок ашыкча стресске кабылбаш үчүн балдарыңарга көз салып, жаныңарда алып жүргүлө.
ОРУН АЛУУ. Орун алып жатканда башкаларды да ойлошуңарды суранабыз. Жакын туугандарыңарга, силер менен бир үйдө чогуу жашагандарга, бир машине менен келгендерге же силер менен Ыйык Китепти изилдеп жаткандарга гана орун алсаңар болот. Башка орундарга буюмдарыңарды койбошуңарды суранабыз.
ЫКТЫЯРДУУ ЖАРДАМЧЫЛАР. Жыйынга байланыштуу иштерге жардам бергиңер келсе, маалымат бөлүмүнө жана ыктыярдуу жардамчылар бөлүмүнө кайрылгыла.
Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши тарабынан уюштурулду
© 2025 Watch Tower Bible and Tract Society of Pennsylvania

